Айт намазына катышкан Жапаровдор… Президенттин куттуктоосу. Курман айттын тарыхы

Айт намазына катышкан Жапаровдор… Президенттин куттуктоосу. Курман айттын тарыхы

Бүгүн, 9-июль — Курман айт. Президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев, дин кызматкерлери жана он миңдеген кыргызстандыктар айт намазына катышып, намазга жыгылышты…

Садыр ЖАПАРОВ: «Курмандык чалуу — жаман адаттардан арылууга да чоң өбөлгө түзөт»

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

 — Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар!

 Сиздерди жана дүйнөдөгү жалпы эле момун мусулмандар жамаатын ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Биримдик, боорукерлик жана кайрымдуулук адамзаттын баа жеткис рухий байлыктарынан болсо, Курман айт – дал ушундай баалуулуктарды даңазалаган мусулмандардын башкы майрамдарынын бири.

Элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган Курман айт – бул Жараткандын буйрук-талаптарына баш ийип, ага моюн сунуунун, ыкластуулуктун белгиси.

Ата-бабаларыбыз да илгертен бери Жаратканга жакындоо максатында Курман айтта мал союп, курмандык чалып, куран окуп, жакшы бата-тилектерин айтышкан. Колунда барлар курмандыкка чалган малдын этин муктаждарга таратып, эл арасындагы бир туугандык сезимдерди арттырып, бири-бирине болгон сый-урматты күчөтөт. Мындай иш-аракеттердин аркасында барга топук, азга каниет кылып, мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка үндөп келишкен. Ошентип, калкыбыздын калың катмары кубана турган майрам катары Курман айт коомчулукта тең салмактуулукту жаратып, боордоштук, бир туугандык сезимдерди өркүндөтүп-өрчүтөт. Дегеле курмандык чалуу адам баласын ашкере сараңдыктан жана дүнүйө-мүлкүн көбөйтүүнүн артынан сая түшүү жосунунан куткарат. Ошону менен бирге жаман адаттардан арылууга да чоң өбөлгө түзөт.

Ушул күндөрү бир топ мекендештерибиз ажылыкта ибадат кылып жүргөн учуру.

Жараткан Алла мекендештерибиздин сойгон курмандыктары менен аткарган ажылык парздарын кабыл кылсын деп тилейли. Жараткан ар кыл этностун жана конфессиянын өкүлдөрү мекен туткан күнөстүү Кыргызстаныбызга жана меймандос кыргызстандыктарга биримдик менен кайрымдуулукту, сабырдуулук менен берешендикти мол берсин. Бул ыйык күндөрү тилеген тилектерибизди кабыл кылып, ар бир үйгө бакубат турмуш, элибизге ыйман-ырыскы алып келсин, ал эми өлкөбүзгө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тартууласын. Мээрим, ырайым, кут-береке жылоологон Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!.

Курман айттын тарыхы

Кыргызстанда Курман айт расмий түрдө мамлекеттик майрам болуп саналат. Курман айтты майрамдоо Ибрахим пайгамбардын  Кудайга болгон терең ишеними менен байланышта. Куранда жазылгандай, кудуреттүү Алла Таалам анын түшүнѳ кирип, жалгыз баласы Ысмайылды курмандыкка чалууну буюрат. Буйрукту аткаруу үчүн ыйык Мекке жайгашкан Мина өрөөнүнө барат. Бирок Кечиримдүү жана Ырайымдуу Жараткан анын бычагын мокок кылып, мууздай албай коёт. Ошол учурда Жебрейил периште (ага тынчтык болсун!) Ибрахим пайгамбарга козуну асмандан түшүрѳт. Ошол окуядан кийин, Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Халил (Аллахтын досу) деген ысымга ээ болот.

Жараткандын адам баласына калтырган түбѳлүктүү осуяты жѳнүндѳ унутпаш үчүн, бул күнү жандык малды курмандыкка чалуу керек. Анткени Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Кудай тартуулаган козуну курмандыкка чалган. Бул кандайдыр бир сыйкырдуу үрп-адат эмес, болгону, күнѳѳнүн кесепеттери, ишенимдин сакталышы жѳнүндѳ эскертүү.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт! Колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго да жардам бериш керек. Бул күндөрү көптөн бери кабар ала элек туугандарга (жетим-жесирге) барып ал-абалын сураса, белек тартууласа чоӊ соопчулук болот. Ошондой эле таарынышып кеткен тууган, теңтуш же башка адамдардан кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет.

Курман айтта мал союу шарт, бирок, ооруган малды союуга болбойт! Курмандыкка чалынган малдын эти үчкө бөлүнөт: бир бөлүгү кайрымдуулукка, кедей-кембагалдарга же жетим-жесирлерге берилет. Экинчи бөлүгү туугандарга, кошуналарга, дос-тааныштарга бышырылып берилет, үчүнчү бөлүгүн мал ээси өзү алып калса болот.

Курман айт күн чыккандан тарта майрамдалат. Бул күнү ар бир мусулмандын үйүндѳ майрамдык дасторкон жайылып, тууган-туушкандарды, коңшу-колоңдорду конокко чакырып, Куран окуп, Аллага дуба кылып, Жаратканды улуктоо зарыл.

Курман айтыӊыздар маарек болсун!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Айт намазына катышкан Жапаровдор… Президенттин куттуктоосу. Курман айттын тарыхы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.