Кыргызстандан эң көп суммадагы доллар майда чыгарылыптыр. Ал кайда кеткенин Улуттук банк билдирди…

Кыргызстандан эң көп суммадагы доллар майда чыгарылыптыр. Ал кайда кеткенин Улуттук банк билдирди…

Быйыл май айында жеке адамдар тарабынан Кыргызстандан 85,5 миллион доллар сыртка чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча которуу тууралуу отчетунда айтылат. Алар чыгарылган каражаттын 80,1 миллиону Орусияга жөнөтүлгөн. Айрым басылмалар мындай сумма акча которуулардын көлөмү ыраттуу эсептеле баштаган 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экенин жазып чыгышты.

Буга чейин Кыргызстанда накталай доллардын жетишпестиги байкалып жатканы кабарланган. Муну өкмөт жана Улуттук банктын жетекчилиги белгилеп, ага каршы чаралар иштелип жатканын билдирген эле.

Ал эми май айында 257 миллион доллар Кыргызстанга келген. Анын 245 миллион доллардан ашыгы Орусиядан кирген.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.