Президентке КАЙРЫЛУУ: «Социалдык ипотека» эмес эле коммерциялык ипотека болуп калды»

Президентке КАЙРЫЛУУ: «Социалдык ипотека» эмес эле коммерциялык ипотека болуп калды»

РЕДАКЦИЯДАН: Бул сүрөттөгү жарандар: «Насыя алуучулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Канатбек Иманов жана «Керемет Банктан» социалдык ипотека жолу менен насыя алгандар: Мирлан Ишенбеков, Шаиркул Рахманова, Рыспек Талипов. Алар насыя алган 1500 адамдын атынан 2022-жылдын 4-февралында «АКИpress» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, “Керемет Банктын” социалдык ипотекасын алган насыя алуучулар үстөктөрдү 4%га чейин төмөндөтүү өтүнүчү менен өлкө жетекчилигине кайрылуу жасашкан. Андагы ВИДЕО

Насыя алгандардын айтымында, ушундай кайрылууну кагаз түрүндө да президентке, премьерге, Улуттук банк жана «Керемет Банктын» жетекчилигине жолдошкон. Аларга Улуттук банк менен «Керемет Банктан» эле жооп келген. «Балким, президент менен өкмөт аппараты аларга «өзүңөр эле жооп берип койгула деп айтса керек» дейт насыя алгандар. Бирок бул көйгөйлүү маселе ушул убакка чейин чечилбей келаткандыктан, мамлекет башчысына кайрадан кайрылууга аргасыз болуп жатышат…

Анда эмесе, биздин редакцияга келген КАЙРЫЛУУНУ жарыялайбыз!

 

 

Кыргыз Республикасынын президенти

С. Н. ЖАПАРОВго,

Министрлер кабинетинин төрагасы

А. Ү. ЖАПАРОВго,

Жогорку Кеңештин төрагасы

Т.Т. МАМЫТОВго,

Жогорку Кеңештин депутаттарына,

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары

К.К. ТАШИЕВге, Э.Ж. БАЙСАЛОВго,

Улуттук банктын төрагасы

К.К. БОКОНТАЕВге,

«Керемет» банк ААК башкармалыгынын башчысы

Т.О.БЕРБАЕВге

КАЙРЫЛУУ

Биз, «Керемет Банктын» «Социалдык ипотека» программасы менен ипотека алган бюджеттик кызматкерлери, өткөн жылдын күз мезгилинде сиздерге атайын кат менен кайрылуу жолдодук эле. Бирок жооп болбогондуктан кайрадан ММКлардан ошол кайрылууну жолдоп жатабыз.
Биздин сиздерге кайрылуубуз төмөндөгүчө:
Биз, Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) ипотека берип баштаган 2016-жылдан бери тизмеге кирип, ипотека алуу үчүн кезекте туруп келдик. Бирок бюджеттен акча чектелүү эле бөлүнгөндүктөн биз ипотека алуу үчүн барып кайрылган сайын алар «финансы ачылбай жатат» дешип мамлекеттик ипотека бербей келишкен. «Керемет Банк» 2019-жылдан баштап атайын бюджеттик кызматкерлер үчүн деп МИКтин критерийлери менен 6-8%дан «Социалдык ипотека» берип баштаган. Ошол убакта бизди МИКтегилер «Керемет Банк» шарты МИКтикине окшош болгон «Социалдык ипотека» берип жатат деп «Керемет Банкка» ипотека алуу боюнча кайрылып көргүлө деп сунуш беришкен. 2020-жылы ушул эле ипотеканы 8,5-9,5% менен, 2021-жылы 10,5-11,5% менен беришти. Жогоруда айтылган себептерден улам, биз 1500дөн ашык бюджеттик кызматкерлер «Керемет Банктын» Социалдык ипотекасын алууга мажбур болгонбуз. Бирок пандемиянын кесепети, дүйнөлүк кризис ж.б. себептерге байланыштуу бардык нерсе дээрлик эки эсе кымбаттады. Ошол себептерден улам ипотеканы төлөө бюджеттик кызматкерлер үчүн кыйынчылыкка туруп жатат.
Өткөн жылдын октябрь айынан тартып МИКтен алган бюджеттик кызматкерлердин ипотекалары 4%га түштү. Ал эми мамлекеттин 97,45% акциясы бар Улуттук банкка караштуу «Керемет Банктан» алган бизге окшогон бюджеттик кызматкерлердин пайызы түшкөн жок.
Эки мамлекеттик уюм бирдей шарт менен атайын жеңилдетилген ипотекалык насыяларды беришип, бирок, «Керемет Банк» ар кайсы шылтоолор менен пайыздарды түшүрбөй келатат. 8,5%, 9,5%, 10,5%, 11,5% менен берилген бул ипотекалык насыя «Социалдык ипотека» эмес эле коммерциялык ипотека болуп, атына заты жарашпай жатат.
Үмүтүбүз сиздерде, биздин ипотеканын пайыздарын МИКтикиндей кылып 4%га түшүрүп же болбосо «Керемет Банктан» алынган ипотекаларыбызды МИКке рефинансирование кылып берүүңүздөрдү өтүнөбүз!

«Керемет Банктын» «Социалдык ипотека»

программасы менен ипотекадан

насыя алган бюджеттик кызматкерлер

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.