Садыр ЖАПАРОВ: «Кимде-ким бирөөлөргө «крыша» болсо, катуу жана катаал чараларды көрөбүз!»

Садыр ЖАПАРОВ: «Кимде-ким бирөөлөргө «крыша» болсо, катуу жана катаал чараларды көрөбүз!»

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган жыйынына катышып, «крыша болуу» деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз (!) деди.

Бир жагынан киргизилген электрондук системалар жакшы жардам берип жатса, экинчи жагынан күч түзүмдөрү контрабанда, коррупция менен аёосуз күрөшүп жаткандыгын белгилейм. «Крыша болуу» деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз!

Урматтуу министрлер, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймак жетекчилери, сиздерге катуу эскертерим: Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуп, же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз! Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз. Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар. Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет”, — деди Садыр Жапаров.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.