ВИДЕО — Акыйкатчы элге кайрылып, ыплас тасманы таратпоону суранды. Тергөөчүнүн иши тергелет…

ВИДЕО — Акыйкатчы элге кайрылып, ыплас тасманы таратпоону суранды. Тергөөчүнүн иши тергелет…

Акыйкатчы Атыр Абдырахматова элге кайрылып, Ала-Букадагы 5 жашар кызга жасалган ыплас аракеттер боюнча тасманы социалдык тармактарга таркатпоону суранды. Акыйкатчынын кайрылуусунун толугу бул ВИДЕОдо…

Ала-Букадагы үрөйдү учурган окуя…

Бул окуя Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда болгон.  32 жаштагы тургун  беш жашар кызына сексуалдык ыдык көрсөтүлгөнүн айтып, Ала-Бука райондук милициясын арыз менен кайрылган. Анын арызында 12-июлда, саат 16:00 чамасында, 35-40 жаштардагы азиат улутундагы адам кызына үйдүн жанындагы дүкөндөн таттууларды сатып берип, андан ары алдап бакка ээрчитип барып сексуалдык ыплас аракеттерди жасаганы жазылган. Арыз райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 158-беренеси («Ыплас аракеттер») менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 40 жаштагы адам кармалып, камакка алынганын Ала-Бука райондук милициясы 13-июлда маалымдашкан. Ошондон бери кылмыш иши боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатыптыр…

Бирок өлкө Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова жогорудагы окуя боюнча видео социалдык тармактарга тарап коомчулукка чыгып кеткенин айтып, аны андан нары таратпоону суранып Фейсбуктагы баракчасынан:

“...Тилекке каршы, азыр ыкчам маалымат келди, бул окуя боюнча тергөөчүнүн гана колунда болгон видео соцтармактарга таркатылыптыр… Сураныч, бул видеону жаңылык кылбаңыздар, соцтармактардан таркатпаңыздар… Кичинекей баланын да укуктарын, кызыкчылыктарын коргошубуз керек… Сөзсүз түрдө биз азыр иликтеп тергөөчүнү да жоопко тарттыртабыз… Анткени бул видео, алдын ала маалымат боюнча, бир гана тергөөчүнүн колунда болгон… Баарыңыздардан сураныч, бул видеону Ватсап, Мессенжер, башка соцтармактардан бөлүшпөңүздөр” деп видеокайрылуу жасап отурат…

Албетте, өлкө Акыйкатчысынын айтканы туура. Беш жашар кыз жана анын жакындары кандай абалда экенин айтыш да кыйын… Эң кейиштүүсү — көчөт кыздар кордук көрсөткөн же ыпылас аракеттерди жасаган эки аяктуу айбандар тууралуу окуялар арбып баратканы… Буларга мыйзам чегинде өтө катуу чаралар көрүлбөсө болбойт!

Андан да укук коргоо органдары жана сот системасындагы алешемдиктер да суроо жаратат. Маселен, Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жашар өспүрүм кызды зордуктоо боюнча сот отурумуна «сот жабык эшик артында өтөт» деген жүйө менен Акыйкатчы институтунун өкүлүн, Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн киргизбей коюшту эле, Ала-Букада болсо, «тергөөчүнүн гана колунда болгон видео соцтармактарга таркап» отурат. Ал видео тергөө ишине тиркелген болсо керек да! 

Ала-Бука райондук милициясы акыйкатчынын билдирүүсү боюнча а-бу деп түшүндүрмө бере элек. Анткен менен ал видео тааныштардын кайсы бирине жөнөтүлүп, ал дагы башка бирөөгө… — ошентип отуруп кимдир бирөөсү байкоостон соцтармактарга жарыялап жибергенби деген имиштер айтылууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.