Казыбек казалчынын 120 жылдыгы белгиленет. Акындын аянычтуу тагдыры…

Казыбек казалчынын 120 жылдыгы белгиленет. Акындын аянычтуу тагдыры…

“Миң тогуз жүз жыйырма,

Тогузунчу жылында,

Бай-манап деп айдалып,

Буйрук менен кез болдук,

Бул өңдөнгөн кыйынга.

Кармаган, тапкан буюмдан

Калбады бирөө ырымга” — деп каңырыгы түтөп жазган, тээ илгерки большевиктердин “тап күрөшү” саясатынан улам күлгүндөй 28 курагында ата-энеси менен Нарындан алыскы Оренбургга сүргүнгө айдалып, андан бошонуп келгенде жалган жалаа-ушак менен кайра Нарын түрмөсүнө камалып, «абак ырларынын» көбү ушул жайда жазылган деп айтылып келаткан айтылуу Казыбек казалчынын быйыл 120 жылдыгы белгиленгени турат. Ал боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 15-июлда министр Азамат Жамангулов жана 120 жылдык маараке боюнча уюштуруу тобунун катышуусунда атайын жыйын өткөрүп,  андагы макулдашып пландалган боюнча жыл ичинде мындай иштер аткарылат дейт:

  • «Казыбектин арманы» аттуу китепти кайра жана Казыбек казалчы жөнүндө өзүнчө китеп чыгаруу; 
  • даректүү тасма тартуу; 
  • мектеп программасына кирген чыгармаларын жаңылоо жана толуктоо;
  • Казыбек казалчы жөнүндө буга чейин чыгарылган китепти түрк тилине которуу, басып чыгаруу жана бет ачарын өткөрүү; 
  • Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Казыбек казалчынын чыгармаларын даңазалоого арналган Эл аралык акындар айтышын өткөрүү; 
  • Бишкек шаарындагы мектептердин бирине ысымын ыйгаруу.

Казалчы акын ыр жазып, кулакка тартылып…

Эсибизде, жеке ишкер, меценат Аскар Салымбеков Нарын облусунун губернатору болуп турган 2003-жылы Нарында “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына, Ажыбек баатырдын 200 жылдыгына жана Казыбек казалчынын 100 жылдыгына карата” “Ажыбек баатыр жана анын доору”, “Казыбек казалчы жана анын адабий мурастары” деген республикалык илимий-практикалык конференция өтүп, бир катар журналисттер барып келишкен. Андагы окулган баяндамалар бир китепке жыйналып басылып, Нарын жергесинен чыккан бул инсандарга арналып эстелик коюлуп, Пограничник аталып турган айылга Казыбек аты берилип — ушундай жакшы саамалык иштер болгон. 

Ортодо жылдар агып, быйыл эл казалчы деп билген акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы белгиленгени турат. Жигит курагында тагдыры ары-бери калчанган Казыбек акын бардар турмушта төрөлүп калган бала болгону менен, ал жашоонун азабын, кууралын жакшы эле тарткан. Сүргүнгө айдалып, абакка камалып, кийин Кытайга оой качып жашаган, мекенин сагынып кайрылып келгенде кайра камалган жылдарга өмүрүнүн көбүн уурдатып, карылык дөөлөттү да көрбөй, бир маалымат боюнча, 40ка жетип-жетпей, башка маалыматта 42 жашында дүйнөдөн узаган. 

Казыбек акын, апасы Ажардын келини Зуурабүбүгө айтып берген деген тактоолор боюнча, уй жылы — 1901-жылы жазда Ат-Башынын Баш-Келтебек (Чет-Келтебес) жайлоосунда жарыкка келген. Чоң атасы бир маалыматта Асыл деп, башка маалыматта Ноорузбай аталса, атасынын азан чакырылып коюлган аты Күчүк болуп, акын таржымалын аныгыраак билгендер айтымы боюнча, кулакка тартуу азабынан жакындары Мамбетимин деп өзгөртүп алышкан дешсе, айрым жерде Казыбектин атасы Күчүк атын өзү жактырбай, Мамбетимин деп алган деп айтылат. Неси болсо да, Мамбетимин ата, Ажар апа 7 кыздуу, бир уулдуу болушуп, бирок жалгыз уулу Казыбек, кызы Калдык гана аман-эсен чоңоюшкан экен. Казыбек акындын ошол карындашы Калдыктын агасы тууралуу өмүр бою ыйлап, арман кылып айтып бергендерин уккандар болгон.  

Казыбектин өз учурунун кат-сабаттуу сейрек адамдардын катарына кирип, казалчы болуп калышына атасынын манап болбосо да, бардар туруп, өз элине кадыр-барктуу, сөзү өтүмдүү, диний сабаты бар адам болгону көмөкчү болгон. Баласын эс тарткандан арабча кат таанытып, диний багытта сабатын ачкан. Окуп-билген маалыматтарыбыз боюнча, акын 11 жашынан алты жыл Бухарадагы исламий жогорку медреседе билим алат; 18 жашында Санкт-Петербургга үч жарым жылдык окууга кетип, бирок меньшевик -большевик болуп заман түсү өзгөргөндүктөн кайра тууган жерине кайтып келет. Анткен менен билим казынасынан алганда, акын араб, фарс, өзбек, түрк, орус, татар тилдерин жакшы билген, азыркынын тили менен айтканда, полиглот, кыргыздын эң билимдүү, илимдүү уулдарынан болгон. Айтмакчы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумагул Байдилдeев жазган маалымат боюнча, чоң атасы Ноорузбай ырчылык өнөрү бар, санжырачы, сөзгө чечен, кадырлуу, таасирдүү адам болгон. Демек, Казыбекке ырчылык, төкмөчүлүк, комузчулук өнөр чоң атасынан өткөн болсо керек. Себеби, Казыбек жазгыч акын эле эмес, жөн эле жамактабай, нөшөрдөй төккөн төкмөчү, ыр-күүлөрдү келиштире черткен чебер комузчу болгон, элдик ыр-жомокторду, дастандарды мыкты билген. 

Бирок, башта айткандай, Казыбек акын таланты кенен ачылгыдай өмүрдү көргөн эмес. “Казыбектин казалдары” деп, “Окуп жүргүн агайын…”, “Айдалган манаптар”, “Ала-Тоонун жаратылышы”, “Эл жөнүндө”, “Кыргыз салты”, “Ага-иниге салам айт”,  “Каранын иши ак менен”, “Айлантып тарта көр, Ат-Башы ата бооруңа”, “Экинчи айдалганда”, “Кыргыздын салты тууралуу”, “Сагынып жазган саламым” , “Кытайга элдин барышы”, “Какшаалдыктын келиши” ж.б. эл оозунан — Нарындан, көбү кытайлык кыргыздардан жыйналып алган ырларында да сүргүн-качкын, абак жашоосу, азат турмушту көксөө, тагдыр сыноосу, заманга болгон көз карашы, таарынычы, кайгысы, азабы, мекен, өмүр, эл-жерин сүйүү, барктоо ойлору баяндалат. Анын ыр жаратуу, ыр куроо чеберчилиги, ыр саптарында ойлорунун так, таамай берилиши — өзүнчө илимий иликтөөгө да алынган, ага кийин кенен токтолобуз… 

 Төрт жолу турмуш курганы менен артында туяк калган эмес…

Тарых илиминин аалымдары жазган, эл арасында жакшы билген эски адамдардын айтканы боюнча, Казыбек акын төрт жолу турмуш курган. Алгач өз айлындагы  Маалымбү деген кызга атасынын кыстоосу менен үйлөнүп, бирок ал жубайы жөнсүзүрөөк чыгып ажырашып кетишет. Экинчи аялы Зуура үйлөнгөндөн эки жылдан кийин төрөттөн ымыркайы менен кошо каза болуп, үчүнчү жубайы Турду да Сакадай аттуу кыз төрөп, желкабыз болуп жакшы боло албай көз жумуп, кызы Сакадай экиге чыкканда чарчап калат. Анжиянга жол жүрүп баратып, ортодо өргүү кылган Ак-Талаадан айтылуу Жанболот баатырдын чөбөрөсү Нурмамбеттин кызы Зуурабүбүнү жактырышып, ата-энеси кудалап уулуна алып беришет. Алар баш кошкондон эки жылдан кийин Насыр аттуу уулдуу болушуп, тилекке каршы, ал экиден үчкө караганда ооруп чарчап калат. Ошондо Казыбек акын:

 Чыныга куйган бал элең,

Чырпыктап өскөн тал элең.

Ырысы бар адамга,

Ылайыктуу жан элең.

Чырпык бир кетти, тал калды

Чыркырап атаң каржалды.

Муңдуу бир энең башында

Мынчалык мүшкүл күн калды — деп уулун жоктогон экен… Анан баягы замандын “кулакка тартуу” азабы менен 44 манапка кошулуп айдалган ата-энесине кошулуп Казыбек, жубайы Зуурабүбү кошо кетет. Айдалар жылдын алдында Таажыгүл аттуу кыздуу болушуп, Оренбургдан ошол кызын көтөрүп кайтып келишип, бирок Кытайга ооп жашап жүргөндө 6га чыгып калган кызын чечек оорусу алып кетет… Ошол Кытайдын Корумдук деген жеринде Айша аттуу кыздуу болушуп, бирок аны Казыбектин Белек деген аталаш тууганы багып алганда, буйруктуу бала эмес экен, 6га чыкканда андан да ажырап калышат. 

Аттиң, өмүрүнүн акыры сүргүн-качкын жашоо менен өткөн Казыбектин, тагдыр жазмышы экен, артында туяк калган эмес экен… Акындын кай жерде, кай жылдары, эмне себеп болуп дүйнө салганы да так эмес. Бир маалымат боюнча, соңку камалганда, Сталиндин өзүнө ыр менен кайрылып жазган арызы жетип, “бошотулсун” деген жооп келгенче каза болгон делсе, Казыбектин казалдарын көп жыл бою эл оозунан жыйнап, кагазга түшүрүп эрдик кылган Болотбек Исабековдун маалыматына таянсак, Казыбек казалчы 1943-жылы түрмөдөн аман-эсен чыгып, Өзгөндүн Мырза-Аке айылына жеткенде көз жумган. Бирок, эгер ушул жылы каза болсо, Улуу Ата мекендик согуш маалына туура келип, согуш жылдары тууралуу ырлары да болмок деп мындан да күмөн санагандар бар. Казыбек менен камакта чогуу отурган Макеев Төлөмүш аксакал: “1936-жылы январь айында Ташкендин ”Чирчикстройго” жөө айдап барды. Ошол жылы жай келгенде Казыбек ич өткөк дартка кабылды, бир топ күн жатып жөнүгө албай, ошол дарттан каза болду. Мусулмандар чогулуп, сөөгүн ошол жерге коюп куран окудук. Ошондо жашы 42ге барган экен, кайран кишинин. өңү сулууча келген, сыйда муруттуу келишкен киши эле. Бош кболо калганда, комузун колунан түшүрбөй, төгүп эле отурчу…” деп эскерип айтып берген экен.  

Салижан Жигитов жазып, Чыңгыз Айтматов айтып…

Казыбек акындын “казалдары” эл арасына аз-аздан 80-жылдары жайыла баштаган.  Ага чейин тыюу салынып келген. 1987-жылы республикалык партиялык кызматкерлердин чогулушу болуп, Казыбек казалчы советтик түзүлүштүн душманы делип, «улутчулдуктун уусуна чыланган ырлары» калк арасында тарап кеткени сындалып, «Советтик Кыргызстан» гезитинин 1987-жылдын май айындагы санына «Бакыбат дабыштар, жансыз жаңырыктар» деген тема менен көлөмдүү макала болуп жарыяланат. Автору айтылуу адабиятчы, сынчы Салижан Жигитов. Андан көп өтпөй Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Бюросунун «К.Мамбетиминовдун идеялык кемчилиги бар ырларынын калк арасында таратылыш фактылары жөнүндө» токтому чыгып, акындын атына да, чыгармачылыгына да чабуул катуулайт.

Санжырачы, казыбекчи Рыскулбек Байдилде уулунун айтуусунда, Казыбектин казалдары кийин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көмөгү менен телевидение аркылуу жалпы элге жарыя болуп, акындын ааламы акыры акталып ачыкка чыккан. Акындын ырлары теңиртоолуктарда эле эмес, кытайлык кыргыз боордошторубуздун да арасында ырдалып жүрөт. Бирок Казыбек акындын мурасы боюнча талаштуу бир жагдай дале тактоолорду талап кылып келатат, ал — ырларынын өз колу менен жазылган түп нускасынын сакталбай калганы. Мындайда ооздон-оозго айтылып, жазылып жыйналган чыгармачылыгы алымча-кошумча, өзгөртүүлөргө кабылышы мүмкүндүгүн баарыбыз эле билебиз да… 

Айтмакчы, акындын кытайлык кыргыздар жакшы билген «Орунбоордон кат» аталган абак ырларын, тээ бир кезде Казыбек акын Кытайга барганда, Улуу-Чат айылындагы Абдыш Молдакун уулунун үйүндө жашап, ал киши акындын ырларын жазып алып жүрүп, уулу Айтакунга “ушул ырларды кийин Ала-Тоого, элге жеткирип бересиң” деп дайындаган экен, ал ырлар акыры акындын мекенине кайтып, ырчы Токтобек Асаналиевдин колуна тийген экен. Казыбек казалчынын казалдарына кызыгып, Ат-Башы, Нарынды түрө кыдырып жыйнаганга аракет кылып келаткан бул ырчыбыз жыл башында берген бир маегинде Маданият министрине жолукканын, Ат-Башыда мамлекеттик деңгээлде өтө турган этнофестиваль жана анын алкагында Казыбектин 120 жылдыгын чогуу белгилөө тууралуу айткан эле, кудай буйруса, ошол демилгеси ишке ашканы тургандай… 

Зуурабүбү апанын аткарылбай калган тилеги…

Айтмакчы, 2003-жылы Нарында “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына, Ажыбек баатырдын 200 жылдыгына жана Казыбек казалчынын 100 жылдыгына карата” “Ажыбек баатыр жана анын доору”, “Казыбек казалчы жана анын адабий мурастары” деген аталышта өткөн республикалык илимий-практикалык конференцияда  “Теңир-Тоо” гезитинин журналисти Б. Дыйканбаева Казыбек казалчынын үй-бүлөсү тууралуу баяндама жасап, 10 жыл гана бирге өмүр сүрүп, бирок балдарынан, Казыбектей жарынан ажыраган Зуурабүбү апа кийин төркүнүнө — Ак-Талаага кайтып барып, кайталап турмушка чыгып, 2 кыздуу, 1 уулдуу болгонун, ал апа менен Казыбек казалчынын 90 жылдыгы өтөрү сөз болгон маалда жолугушканын айтыптыр. Ошондо Зуурабүбү апа абдан сүйүнүп: Жакшы кабарыңа жаным курман, кызым. Күнөөсүз күнөөлөнгөн Казыбегимдин аты кумга сиңген суудай жок болобу дечү элем. Ак-карасын ажыратып, атын чыгарган эл-журтка ыраазымын. Аттиң, Ат-Башыны бир көрүп өлсөм не арман” деген экен. Бирок, аттиң… Казыбек казалчынын 90 жылдык мааракеси өткөрүлбөй, Зуурабүбү апа 15 жашында келин болуп барган, Казыбектей асыл жарын тапкан «Ат-Башыны бир көрсөм» деген тилегине жетпей… кылым кырына жете өмүр сүргөн апа «күнөөсүз күнөөлөнгөн Казыбегинин» жүз жылдыгына үч жыл жетпей дүйнөдөн өткөн экен…

Не дейбиз, Казыбектей казалчыбыздын 120 жылдык мааракеси жөн эле сөз болуп калбай, айтылган жогорку деңгээлде өтөт деген ишенимдебиз… А биз маалымат айдыңындагы элге жеткирүү кызматыбызды уланта беребиз… «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт» дейт, улуттук өңүбүз, жүзүбүз, тамырыбыз, тарыхыбыз, баалуулуктарыбыз сакталсын десек, улут жашоосуна кызмат кылган тарыхый инсандарды эстеп, муун кулагына жеткире айта жүрүшүбүз абзел!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.