Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Дарен Тангга Акылбек Жапаровдун катын тапшырды…

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Дарен Тангга Акылбек Жапаровдун катын тапшырды…

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ИМБДУнун башкы директору Дарен Танг менен кечээ, 17-июлда ИМБДУнун штаб-квартирасында жолугушту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы бүгүн, 18-июлда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Керимбаева менен Танг эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын белгилешип, биргелешкен иш-чараларды талкуулашып, коммерциялык сырлар боюнча биргелешкен семинар өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашты. Директор ИМБДУнун Башкы директоруна соттордун жана парламентарийлердин интеллектуалдык менчик жаатында маалымдуулугун жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө маалымат берди. Танг тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө пландаштырылган жана суралган иш-чаралардын мындан аркы аткарылышын талкуулоону тапшырды. Ал эми Керимбаева ага Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан 2022-жылдын сентябрына белгиленген креативдүү экономика боюнча аймактык семинарга чакыруу катын тапшырды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.