Токтогул САТЫЛГАНОВ: «Калар бир күн алтын баш, Караңгы көрдүн түбүндө». (Архивдеги маек)

Токтогул САТЫЛГАНОВ: «Калар бир күн алтын баш, Караңгы көрдүн түбүндө». (Архивдеги маек)

АРХИВден…

Демократ акын Токтогул Сатылгановдун небереси…

«Беш каманды» ырдайм деп жапа чегип, Сибирде – Иркутскиде сүргүндө болуп кайткан, кош заманды – бай-манаптын жана совет доорун көргөн айтылуу демократ акын Токтогул Сатылганов турмушунда бир уул, бир кыз тапкан. Жалгыз уулу Бабажандын баласы Молдожан (Токтогулов) неберелеринин улуусу. Улуу акындын небересинин жубайы Жамийла. Алар бир кыз, үч баланы тарбиялашууда. Бишкек шаарындагы жашашат. Куттуу үйүнө барып маек курдук. Агабыздын айтымында, 1954-жылы 13-июлда Токтогул шаарчасында туулган. 1-класстын эки чейрегин туулган жеринде окуп, кийин борбордогу № 5 мектептен улантып, 10-классты ийгиликтүү аяктап, С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүргөн. Кыл калемдин эле чебери эмес, комуз, гитара, домбрада мыкты ойнойт. 6 жашында эле эл алдына чоң атасынын «Кербезим» аттуу күүсүн чертип чыгып, ошол күндөн комузду таштабай, табият берген талант артынан тапкан кесибин да аркалап келатат. Учурда КТРдеги телерадиоберүүсүнүн дизайн-борборунда сүрөтчү-коюучу (художник-постановщик) болуп иштейт. 23 жыл ичиндеги алган сыйлыктары да бир топ.

Молдожан ТОКТОГУЛОВ: «Чоң атам атамды 60 жаштан ашкандан кийин көрүптүр…»

— Молдожан агай, «Кадимки эле Токтогул Сатылгановдун небересизби?» деп сизден сурагандар көп болсо керек?

— Ооба, антип сурагандар да бар. «Чөбөрөсүсүңбү?» деп да сурап калышат. Анткени чоң атам атамды 60 жаштан ашкандан кийин көргөн тура. Сибирге айдалып кетердин алдында Тотуя деген аялга үйлөнүп, андан Топчубай аттуу уулдуу болуптур. Тилекке каршы, ал кичинесинде эле чарчап калып, апасы төркүнүнө кетип калыптыр.

— Чоң атаңызга аялынын кетип калганын, баласынын чарчап калганын Коргоол ырчы угузуп, «жаман кабар угузду» деп аны жаман көрүп калган деп айтылып жүрөт го… Чынбы?

— Жаман кабарды ким эле батынып айта алсын. Коргоолдун жаш жигит курагы, болуп турган убагы экен. Шарт эле болгонун болгондой айтып салыптыр. Суук кабар укканды ким жакшы көрсүн? «Коргоолду жаман көрүп калган» деп жазып, айтып жүрүшкөндүр, бирок, Гулиса апамдан андай маалыматты уккан эмесмин.

Апамдын айтымында, чоң атам Сибирден келгенден кийин чоң апам Сейдимканга үйлөнүптүр. Чоң апам көп бала төрөгөнү менен, бири да токтобой коюптур. Ошондон улам чоң атам, «ыйык жерге барып зыярат кылышыбыз керек турбайбы» деп, Аксы тараптагы «Баба-Ата» мазарына барып сыйынып келишкен экен. Жараткандан кайрым болуп, бир кыз, бир уулдуу болушуп, Бабажан, Гүлсара деген аттарды беришиптир. Уул-кызына сүйүнгөн чоң атам:

«Баба-Атага» барганмын,

Бала тилеп алганмын.

Баба-Атаң берген баласы,

Бабажан экен карачы» деп атамды эркелетип калчу экен.

Атам атадан өтө жаш калып, балалык чагы согушка туш болуп, айтылуу Жоомарт Бөкөмбаев Фрунзедеги балдар үйүнө алып келип окутуптур. Анан Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүрүп, филармонияда иштеп жүргөндө аскерге чакырылып кетет. Жалгыз калган чоң апам Жогорку Советтин Президиумуна арызданып жатып, бир жылдан кийин атамды чакыртып алыптыр. Атам жети балалуу болду. Азыр экөөнүн көзү жок.

«Эжем кызы экөө көмүрдүн исине ууланып көз жумушкан…»

Мен чоң энемдин эрке баласы болчумун. «Сен менин баламсың. Атаңды аке, апаңды жеңе, кызым Гүлсараны мама деп айт» деп айттырган. Кубанган эжекем: «Мен сени шаарга алып кетем, окутам» дей берчү. Аны угуп калган чоң апам: «Мен тирүү кезде сахнага чыкпайт. Көз тийет» деп чыгарбай койгон. Анда мен алты жашта гана болчумун. Атамдан комуз үйрөнүп, 6-7 күүнү чертип калгам.

Чоң апамдын көзү өткөндөн кийин сахнага чыктым. Эжекем: «6 жаштагы иним комуз чертет» десе, «кантип эле кичинекей бала комуз чертсин» деп көпчүлүк ишенбей коюшуптур. «Силерге иш жүзүндө далилдеп берем» деп мени ээрчитип келип, сахнага чыгарган. Чоң атамдын «Кербезим» аттуу күүсүн чертип чыкканым эсимде.

Эжем менен өзүнчө бир чоң аалам кетти го… Тагдыры кайгылуу аяктабадыбы… Бишкектеги чоң атамдын үйүнөн кызы Насыят (өз аты Наталья) экөө көмүрдүн исине ууланып көз жумушкан. Насыят 5-класста гана окучу…

Эжем тирүү болгондо далай кинотасма тартылмак, китеп да жазылмак. «Алымкан» фильминин сценарийин жазган. Таза, тыкан, ачуу чындыкты бетке айткан, билими күчтүү, жазганга шыктуу болчу. Мыкты бир чыгарма жазган. Кол жазмасын алп жазуучу (атын эми атабай эле коеюн) эжемден алып, кайра бербей коюп, менчиктештирип алды.

— Чоң атаңыздын ыр жыйнактарынан барбы?

— Бар. Бирок өзүнөн эмес, ар кимден чогулган ыр жыйнагы. Шакирти Калык Акиевден, элден чогулган «Токтогулдун чыгармаларынын жыйнагы» аттуу эки томдук китеби бар. Жоомарт Бөкөнбаев бул багытта жакшы иш алып барган эле. Күтүлбөгөн кырсыктан эрте каза болуп калды, болбосо, кыргыз маданияты үчүн зор иштерди жасамак.

— Чоң атаңыздын устат, шакирттерин билсеңиз керек?

— Устаттары – Ниязалы, Жеңижок. Ал эми шакирттери – Калык Акиев, Коргоол, Алымкул Үсөнбаев болгон.

«Камчыны оңду-солду чаап келаткан менин балам»

— Чоң апаңыз чоң атаңыз жөнүндө айтып берчү беле?

— Анда мен алты гана жашта болчумун. Айтчу, айткандары эсимде калбаптыр. Чоң апамдын айтып бергендерин апамдан уккандарым бар. Чоң атам Сибирге айдалып кетип, кайра келгенде кантип тосуп алганын айтып берген. Кайтып келээр күнү чоң апам түш көрөт. Түшүндө баласы келип, экөө Керимбайдын үйүнө барышат. Анын байбичеси чоң кесеге айран алып чыгып чоң атама сунса, ичип атып жарымын үстүнө төгүп алат. «Баламдын көрөөр күнү бар экен, ырыс-кешиги өзүндө калат экен» деп, түшүн жакшылыкка жоруп олтурса, келиндеринин бирөө таң эрте келип калат. Абысынын айылдан бир топ алыс жерде аккан дарыянын жээгине ээрчитип барып, көргөн түшүн айтып ыйлайт. Экөө бири-бирин сооротуп, Бурма апа бетин чайкап олтурса, кара ат минген бейтааныш бир жигит келип амандашып: «Токомдун айылы ушулбу? Апасын каерден тапсам болот?» деп сурайт. «Мына, мен» десе, тиги жигит атынан түшүп, суунун жээгинде отурган апамдын жанына келип: «Апа, суунун ары жагындагы бийик жардай бактыңыз бар экен. Уулуңуз келатат» дегенде эле, кубанган апам тиги баланы кучактап жыгылып, экөө тең сууга тоголонуптур… Ошентип туугандары, айылындагылар алдынан тосуп чыгышат. Талас тараптан келаткан 5-6 атчанды карап күтүп турган элдин ичинен бирөөсү: «Чоң апа, тээ алыста келаткан атчандардын кимиси сиздин уулуңуз?» деп сураса, «Камчыны оңду-солду чаап келаткан оң жактагынын үчүнчүсү, ошол менин балам» деп тээ алыстан эле баласын таанып коюптур.

— Демек көзү көрчү турбайбы э? Айрым маалыматтарга таянсак, «Токтогулга ыйлап жүрүп апасынын көзү көрбөй калат» деп айтылат…

— Чыгармада башкача жазылып, кинодо да башкача тартылат эмеспи. Ошол сыңары, чоң чоң апам Бурманы таптакыр эле мүңгүрөтүп койгон туура эмес. Ал киши турмушта аябай азап чексе дагы, эч нерсе болбогондой күлүп-жайнап, бүкүрөйбөй түптүз басып жүрчү экен. Алыстан келаткан баласын таанып койгондон кийин, демек, көзү жакшы көргөн да…

— Чоң апаңыз кандай киши эле?

— Апамдын айтканы боюнча, чоң апам жаш кезинен кыялы чукул киши болуптур. Чоң атам комузун көкүрөгүнө байлап алып, Анжыян, Наманганга чейин ырдап кетип, үйгө көп токтобоптур. Барган жеринин эл мал, акча, кездемесин берип сый-урмат көрсөтүп узатышчу тура. Көп мал бергенде жигиттерди кошуп берчү экен. Чоң атам аларды өзүнө албай, айылына, туугандарына таратып берген, бир журтту баккан берешен киши болуптур. Кездеме, мата алып келип кемпирине берсе, чоң апам: «Сенин тентип жүрүп тапкан кездеменин кереги жок. Сенин үйдө болгонуң жакшы» деп ачууланса, чоң атам кемпиринин көңүлүн ары-бери жагына чыгып, ырдап жатып бат эле маанайын ачып алчу экен.

— Атаңыздын мүнөзү чоң апаңыздыкына окшош беле?..

— Атам өтө жөнөкөй, жоош, ак көңүл киши болчу. Уста адам эле. Өрүктөн комуз чапчу. Комузду жакшы чертчү. Комуз черткенди атамдан үйрөнүп калдык.

— Чапкан комуздарынан барбы?

— Жок. Ак көңүл жаныбыз сурагандарга бере берип, акырында жоголуп кетти. Чоң атамдын комузу бар эле. Аны атам Филармониядагы Токтогул атындагы деп ачылган фондго берип койгон. Берип жатканда аябай ичим ачышкан.

Атамдан 1991-жылы ажырадык. Узак оорудан кийин каза болду. Инсульт болуп жыгылган. Көнүп калган ооз болбойт экен, тирүүсүндө атамды аке деп жүрүп, каза болгондо атакелеп ыйладым. Көзү барда ата дегенимди угуп калса жакшы болмок экен деп өкүнүп, өз апамды жеңелебей, апа дегенге өткөм.

— Чоң атаңыздын ырларын жатка билесизби?

— Калп айтканда эмне, баарын эмес, ар саптарынан билем.

«Күлгүнү элем торконун,

Күлүгү элем жоргонун».

Дагы:

«Кары да бол, жаш да бол,

Кадырлашкын тирүүңдө.

Калар бир күн алтын баш,

Караңгы көрдүн түбүндө».

Байкасак, ар бир сабында эле терең ой жатат. Анынсыңарындай, адам баласы тирүүчүлүктө сыйлашып өтсөк дейм да.

«Тойдо эл ордунан туруп Сейдимканга аябай кол чабышкан…»

Бишкек шаарында жашаган 87 жаштагы Батыйна Акмолдоева апабыз да Токтогул атабыздын байбичесин көрүп калыптыр. Мындай деп эскерип берди:

Токтогулдун бою кичинекей, буудай жүздүү байбичеси Сейдимканды көрүп калдым. Кызы Гүлсараны да, баласы Бабажанды да таанып-билип калдым. Сейдимкан келини Гулисанын колунда жүрдү. Ал жакшы аял да. Экөө кайын-келиндей эмес, эне-кыздай сыйлашты. Гулисаны өзү көрүп, жактырып алган келини. Аны айтылуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин үйүнөн көрүп калып жактырып, «келин кылып алам» деп, баласы Бабажан менен тааныштырып, ага алып берет. Гулиса Жоомарттын бир тууган эжесинин кызы. Ал кийин «Кыял» ишканасында (куурчак жасачу) иштеп, ошол жерден пенсияга чыкты.  Сейдимкан келинине ыраазы болуп кетти.

Негизи мен бул үй-бүлө менен куда-сөөк да болуп кетем. Токтогулдун чөбөрөсүнө биз кыз бергенбиз. Той болуп жатканда иним Сталбек: «Биз жөн адамдын тоюнда отурган жокпуз. Токтогулдун чөбөрөсүнүн тоюнда олтурабыз. Мына, араңыздарда айтылуу Токтогул Сатылгановдун байбичеси Сейдимкан отурат» десе эле, элдин баары ордунан тура калып, аябай кол чабышкан.

Назира СААЛИЕВА,

«Аалам» гезити, 2008-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.