Улан НИЯЗБЕКОВ: «Кызматкерлердин жанагыдай жаман ишке барганы биз үчүн өтө уят. Баарыбыздын балдарыбыз бар»

Улан НИЯЗБЕКОВ: «Кызматкерлердин жанагыдай жаман ишке барганы биз үчүн өтө уят. Баарыбыздын балдарыбыз бар»

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кечээ, 18-июлда журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Анда кесиптештер акыркы учурда көбүнчө өспүрүмдөргө, аялдарга жасалган зомбулуктарды алдын алуу чаралар боюнча, ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбек кызынын иши, 13 жашар кызды зордуктоо ишинде милиция кызматкерлеринин жоопкерчилиги, журналист, активисттердин камалышы боюнча суроолорду беришти. Министрдин 13 жашар кыздын зордукталышы тууралуу «жумуш учурунда болгон эмес» деп жооп бергени боюнча социалдык тармактарда талкууланып жатат… Анын жообунун толугу мындай экен:

13 жашар кыздын зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилген. Орган кызматкерлери иш убактысынан тышкаркы мезгилде зордуктоого шектелип жатат. Ар бир кызматкер жумушка алынарда психологиялык текшерүүдөн өтөт, Шектүүлөр боюнча соттун чечиминен кийин толук маалымат берейин.

Милиция колдон келген бардык аракетин, тийиштүү чараларды көрүп жатат. Биздин элге кылып жаткан кызматыбызды эл таразалап, эл баалайт. Бир эле редакциянын же бир эле телевидениенин көз карашы ал бизге сын иретинде түздөнтүп, дем-шык берип жатат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жанагыдай жаман ишке барганы биз үчүн өтө уят. Мен үчүн да уят. Ар бирибиздин балдарыбыз, карындаштарыбыз, кыздарыбыз бар. Ошону аныктагандан кийин биз өзүбүз ошол кызматкерлерди кармап, тергөөгө өткөрүп берип, эч жашырбай камап, тергеп, ишти сотко жөнөтүп бердик.

Секелек кыздын тагдырына балта чапкандар…

“Азаттыкка” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө «Кызымды колдон колго өткөрүшкөн» деген макала 2-июлда жарыяланган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатат. Тагырагы, сот отуруму Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. Мындай мүнөздөгү оор кылмыштар жабык эшик артында каралгандыктан, ушул калыпта башталып, ушул калыпта уланып келатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.