ЖАБЫРЛАНУУЧУ: «10 жаштагы балам ооруканада. Балдарымды сабаган аялга чара көрүлсүн! Кыргыз элим, үн кошуңуз!»

Кайсы бир дүкөн ичинде бир аялдын бир караганда өспүрүмдөй көрүнгөн бир кызды колун кайрып, жерге жыгып алып, буттары менен кысып алып сабаган, дүкөндүн сыртынан да чачынан тартып, уруп, тилдеп жаткан жана дагы бир келиндин «башыма тепти» деп кыйкырган – 3 видео редакциябызга келди. Жерде муш жеп жаткан жаш кыздын: «Жаңы эле төрөгөм, теппе!» деп ыйлап кыйкырганынан улам анын жаш келин экенин билдик.
Бул тасманы жиберген адамдан жабырлануучу балдардын апасынын телефонун алып, жолугуп, окуянын чоо-жайын сурадык. Чынара айым (аты-жөнү өзгөртүлүп берилди) андагы жагымсыз окуяны бир ыйлап, бир басылып айтып берди.

«Балдарымды урганга кандай акысы бар?..»

— Ал жагымсыз окуя Бишкекте 19-июлда болгон. Биз Чыгыш-5те жашайбыз. Ал күнү мен конок тосмокмун. Дасторкон даярдоого кам көрүп жаткам. Чак-чак жасап бүткөндө 10 жаштагы баламды «сгущенка алып келе калчы» деп «Ырыскы» дүкөнгө жумшагам. Уулум алып келген банканы мөөнөтүн карабай эле чак-чакка кошуп жиберипмин. Балам сгущенканы аябай жакшы көрөт. Жеп көрүп жаман даамданып калганын айтты. Жыттасам, сасып кетиптир… Мөөнөтүн карасам — алда качан эле көрсөтүлгөн убакыттан өтүп кетиптир.
Ал аңгыча төрөгөнүнө 20 күн болгон 18 жаштагы кызым (баласынын кыркын чыгарганы биздикине келген) жаныма келип калды. Аны балам менен кошуп дүкөнгө жумшадым. «Кызым, бул азыктын мөөнөтү өтүп кеткенин дүкөнчүгө көрсөтүп, түшүндүрүп, жаңысын алып келе кал!» деп жибергем. Бир топ убакыттан кийин кызым ыйлап телефон чалды, «Апа, мени дүкөнчү сабап салды, ичиме тепти, ичим ооруп атат…» деп… Денемди калтырак басып, чуркап жөнөдүм. 200 метрдей алыс жайгашкан «Ырыскы» дүкөнгө же жетсемчи?.. Жолдо баратсам, кошуна апа алдыман чыгып калды. «Дүкөндөгү ыйлап жаткан сенин кызыңбы? Чурка!», — деди. Ого бетер жүрөгүм лакылдады. Чуркап барсам, кызым ичин басып, балам эжесин сооротуп, экөө ыйлап туруптур… Тигилер дүкөндү жаап, бекинип алышыптыр. Такылдатсам ачпай коюшту. Балам кызымды сабап жаткан видеону көрсөттү.
— Видеону ким тартыптыр?..
— Балам тартыптыр… Ал видеону көргөндөн кийин, ушунчалык ачуум келди… Алардын дарбазасын такылдатып, тепкилеп атып араң ачтырдым. Күйөөсү ачты. Аялы артына туруп алып ажылдады…
— Кечирим сурашкан жокпу?
— Жо-ок, кайдан!? Жаңы эле төрөгөн кызымды ичине тепкенин, башы-көзүнө чапканын айтсам, ал кечирим сурамак түгүл кайра мага атырылып кирди. «Кызың биринчи кол көтөрдү, дүкөндү чачып салды» дейт кыйкырып… Кызымдан сурасам, ал аял биринчи кол көтөргөнүн, бетине чаап жибергенин айтты. «Эже, сгущенканы алмаштырып бериңиз, мөөнөтү өтүп кетиптир» десем, кабыл албай койду, түртүп… Экөөбүз бутылканы ары-бери тартышып жатканда, ал жерде турган товарлары жерге кулап кетти. Ошону мени чачты деп калп айтып жатат»,-деди кызым. Балам да окуя ошондой болгонун, эжесинин чачынан тартып жерге жыгып алып сабаганын айтып ыйлады. Ал аялдын эжесине кол көтөрүп жатканын далилдөө үчүн балам ыйлап, улам алардан качып видеого тартып алыптыр. Анын видеого тартып жатканын байкап калган аял: «Сен биринчи кол көтөрдүң мага» деген сөздөрдү айтыптыр… Дагы бир видеодо кызымдын чачынан кармап алып, жулмалап, чаап жатканын көрүп, ого бетер жүрөгүм ооруп чыкты… Кимдир бирөө сенин кызынды уруп-сабап, чачын жулуп жатса, кантип ага чыдап турасын?.. Башка бирөө болсо билбейм кандай болмок… Булар негизи «артист» экен. Анын күйөөсү да камеранын алдында жоош болуп тымпыйып турат экен. Камеранын артында таптакыр башка адам экен. Ал мага кол көтөрдү. Дүкөнгө аялы кызымды колунан сүйрөп баратканда, «кызыма тийбе!» деп артынан кирип баратканымда артымдан бутума тээп кулатты. Кулап калгандан кийин да башыма 3-4 жолу тепти. Ал боюнча да видео бар, сиздерге жибердик го. Ал видеодо башыма тепкенде катуу ооругандыктан бакырганым бар.
Бул окуяны көргөн күбөлөр барбы?
— Ооба, күбө бар, дүкөнгө менин артымдан кирип бараткан эки жаш жигит мени тургузуп, «милицияга чалыңыздар» деп айткан. Милицияны угуп калган тиги аял, «мен чакырам, мен жабырлануучумун» деп бакырды. Анын кайсы жерден жабырланганын видеодон көрдүңөр? Ажылдап, кыйкырып балдарыма кол көтөргөнүн көрдүңөр да?.. Милиция чакырдык. Биз Свердлов районуна карайбыз да, милиция келди. Тиги аял аны Аскат деп чакырып, дүкөнгө киргизип, жабырлануучу катары окуяны айтып берип жатты. Ал жердеги бир жигит ал Аскат участкалык милиция экендигин айтты. Биз ушул убакка чейин участкалык милицияны тааныбайбыз, көргөн да эмеспиз. Ал басып келип бизди учетко алган эмес. Ал тиги аялды гана угуп, биздин үндү уккан жок. Ал жердеги күбөлөрдү суракка да алган жок. Тиги долуланган аялды жабырлануучу катары кабылдап, аны машинасына салып алып кетерде, «бул эмес, биз жабырлануучубуз. Бул менин балдарымды сабап жатат. Мен арыз жазам» деп машинасына отуруп алдым. Бизди укпай эле, тиги аялдын айтканын угуп, аны жабырлануучу катары кабылдап жаткандан кийин, экөө илгертен эле тааныш го деп ойлоп калдым. Тиги аял дагы жогору жакта таанышы бардай өзүн алып жүрдү…
Ушул жерден милициянын шалаакылыгын баса белгилеп кетким келет. Анткени алар, мыйзам боюнча протокол түзүш керек болчу, түзгөн жок. Күбөлөрдү суракка алыш керек болчу, суракка алган жок? Биздин да үндү угуш керек болчу, уккан жок. Ушул убакка чейин бир басып келген жок.
— Милиция келгенче күбөлөр күтүп турду беле?..
— Ооба. Анткени мен аларды кетирбей, суранып кармап тургам да. Аларды мен тааныбайм, болгону алар бизге боору ооруп, жыгылсак тургузуп, жакшы сөздөрдү айтып турушту. Эми ошол бейтааныш күбөлөрдү таппай калабыз деп кооптонуп жатам. Бирок, биздин видеодон ал күбөлөрдү тапса болот. Алардын бири да Аскат байке участкалык милиция деп жатпайбы. Демек, алар ошол жакта эле жашашса керек. Видеодон караса деле табат.
— Балээнин баары жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен бутылкадагы коюулатылган сүттөн (сгушенное молоко) башталыптыр да…
— Ошо да. Эмне үчүн болбогон сгущенка үчүн менин балдарымды тигил аял сабады? Ал мөөнөтү өткөн сгущенканы алып жаңысын берип, кардарды (клиент) татынакай кылып эле тейлеп койсо болот беле? Анын деле меникиндей алмончоктой кызы, баласы бар болсо керек да… Ал бизден кечирим сураш керек болчу. Кайра ажылдап, «мен жабырлануучумун» деп да күйгүзүп атпайбы… Милиция да биздин үндү угуп койсо болот беле? Анын деле биздикиндей балдары бар болсо керек да. Эгер алардын балдарын ушинтип бир аял сабаса, ал кандай абалда болот эле? Мен энемин. Менин бир эмес, эки балам сабалып жатат. Балдарымдын денесине залака келтирип жатпайбы тиги аял.
— Азыр балдарыңыздын акыбалы кандай?
— Балам 9-кичирайонундагы №3 балдар ооруканасында жатып, дарыланууда. Врачтын айтымында, баламдын мээси чайкалып (сотрясение мозга) калган. Тамакка такыр табити жок болууда. Баламды биз ошол күнү, түнкү саат үчтө алып келгенбиз. «Башым ооруп, көңүлүм айнып жатат» деп өзүн жаман сезгенде гана тигил аялдын баламды башка, бетке чаап, буту менен тээп калганын уктум. Ого бетер шок болуп калдым. Ага чейин айткан эмес да. Көрсө, мени кейибесин деп айтпаптыр да. Баламдын жүрөгү түшүп калыптыр. Албетте, жүрөгү түшөт килейген, 50 жаштагы аял 18 жаштагы кызды баса калып сабап жатса…
Кызым болсо жаңы эле төрөгөн, неберемдин жарык дүйнөгө келгинине 20 эле күн болгон. Тиги аял ичке тепкенден бери ичи ооруп, кан токтобой (кровотечение) жатканын айтты. Ошол эле күнү врачка алып барганбыз, канын токтотуп, дары жазып берген. Эмчектеги баласын ойлоп ооруканага жаткан жок. Небереме 20 эле күн болду. Эне баласын ойлойт тура. Мен дагы балдарымды ойлоп ооруканага жаткан жокмун. Менин дагы башым, бутум ооруп жатат. Тиги киши тепкен бутум бүгүлбөй ооруп жатат. (Мынакей деп сол бутунун арт жагындагы чоң так болгон жерин көрсөттү. Чындап эле отуруп-турганы оор экен – авт.) Балдарым болбогон жерден тажаан, ажаан аялдан таяк жеп калгандарына жүрөгүм тилинип турат. Дагы кайталайм, бул окуя боюнча биз милицияга арыз таштаганыбызга төртүнчү күнгө кетип жатат. Балдарымды сабаган аялга мыйзам чегинде эч бир чара көрүлө элек. Жашы жете элек 10 жаштагы балама кол көтөргөнгө анын кандай акысы бар?.. Биздин үй-бүлөдөн бир эмес, үч адам булардын колунан таяк жеп жатат. Тиги аял, «жок, мен жабырлануучумун, булар үй-бүлөсү менен келип, мени сабады, магазинимди чачты» деп караандай калпты айтып күйгүзүп жатат. Калпычы аял экен. РОВДга арыз жазганы барганыбызда жолдошум кошо барган, ал жерден дагы тиги аял каратып туруп калп айтты, күйөөмдү көрсөтүп, «булар баары биригип келип, мени сабады» дейт. Жолдошум анын дүкөнүндө жок болчу, тиги аял жок нерсени ошол жерден кошо калды. Бет тырмоонун да чеги болот да. Балдарымды сабаганы аз келгенсип, жалган жалаа жаап жатат.
— Бул ишти ким тергеп жатат?
— Бул ишти тергөөчү Милена Абдышева тергеп жатат. Ал дагы аңкылдаган бир айым экен, «жабырлануучу тиги аялды кылып, бизди уккусу келген жок. «Кызың эле арыз жазсын» деп, бир эле арызды кабыл аларын айтты. «10 жаштагы балама кол көтөрүп жатат, мен дагы арыз жазам» деп арызымды жаздым.
Эч бир кыймыл жок болгондуктан мен сиздер аркылуу Ички иштер министри Уланбек НИЯЗБЕКОВго жана аялдардын, жаш балдардын укугун коргоп келаткан Акыйкатчы Атыр АБДЫРАХМАНОВАга кайрылып, балдарымды сабаган аялга мыйзам чегинде жоопко тартууну суранат элем. Сиздер — журналисттер аркылуу коомчулукка кайрылууга аргасыз болуп отурам. Милицияга ишенбей калгандыктан жетекчисине кайрылдым. Видео бул факт. Факт болгон жерде мыйзам иштейт деп ойлойм. Биздин үй-бүлө мыйзам сыйлаган жана мыйзамга баш ийген адамдарданбыз. Анан дагы мен ушул балдарыма тиги аял менен киши эрегишип алып, бирөө аркылуу бир нерсе кылдырып койбосун деп кооптонуп жатам. Себеби, балам алардын үйүнүн көчөсүнөн өтөт. Балдарым бир нерсе болсо, мен ушул гана адамдардан көрөм. Анткени бул аял элдин көзүнчө кол көтөрүп жатат. Эл жок жерде кандай кылат билбейм. Ошон үчүн алдын ала коңгуроо кагып жатам. Коомчулуктун колдоосуна муктажмын. Урматтуу кыргыз элим, үн кошуңуздар!
Биз ал тарап, бул тарап деп бөлбөйбүз, болгону чындыктын ачыкка чыгышын, бул окуяны катардагы эле көрүнүштөй карап койбой, алдуу-алсыз болуп укуктар тебеленип калбай, эгер мыйзам үстөмдүк кылган өлкө болорубузга ишенимдер жаралсын десек, анда укук коргоо органдары, дегеле адам укугу, балдар укугу, кызыкчылыктары көңүл буруусуз калбайт деген ишенимдебиз.
Гүлгаакы ЖАКЫПОВА
P.S. Экинчи тараптын да пикирлерине орун беребиз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.