Алмазбек БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Азыр Кыргызстанда 245 авариялык мектеп бар»

Алмазбек БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Азыр Кыргызстанда 245 авариялык мектеп бар»

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кечээ, 25-июлда маалымат жыйын өткөрдү. Министрдин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда 245 авариялык мектеп бар. Дагы 498 мектеп капиталдык оңдоого муктаж. Ошол эле маалда жалпы республика боюнча мектептердин саны 37ге көбөйүп, 2296дан 2333гө жетти.

Быйыл биринчи жолу социалдык объектилердин титулдук тизмесине 205 билим берүү объектисинин курулушу кирди, анын 160ы мектеп, 35и бала бакча, ону спорт зал. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 128 объектиге көп.

Мектептерди керектүү компьютердик техника менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында республиканын 1200 мектеби тандалып алынып, алар жылдын аягына чейин 25 миң компьютер менен камсыздалат.

Быйыл биринчи жарым жылдыкта мугалимдердин айлыгы 80% көтөрүлгөнү да жыйында белгиленди. Ошону менен бирге жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында отличниктерге 1-курста 1000 сомдон, 2-курста 2000 сомдон, 3-курста 3000 сомдон жана 4-курста 4000 сомдон төлөп берүү сунушу Министрлер Кабинети тарабынан колдоо тапты.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.