ВИДЕО — Миң айымды мэр куттуктап, мамкатчы уламыш айтып, «Санат ыры» санаага салып…

ВИДЕО — Миң айымды мэр куттуктап, мамкатчы уламыш айтып, «Санат ыры» санаага салып…

«Жаздын көркү сени менен башталат, жашоо жарык, сен бар үчүн аялзат»

деп аталышы эле майрамдык маанай тартуулаган иш-чара кечээ, 7-мартта, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда болуп өттү. Атайын чакыруу жөнөтүп, тал-тал, тутам гүлдү, кол эмгеги жумшалган белегин колго карматып, фонограммасыз ыр жаңырган шаңды 8-март — Аялдардын эл аралык күнүн утурлай Бишкек шаарынын мэриясы уюштуруп берди. 

Албетте, иш-чара адаттагыдай расмий жөрөлгөсү менен башталып, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров куттуктоосун, нускалуу кеби мол мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун «Эненин жүрөгү башкача» деп баяндаган уламышын, жаш ырчылар Каныкей, Аксай Мукамбет уулу, Ырыскелди Сатыбалдиев аткаруусундагы ырчы  Гүлжигит Сатыбековдун

Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат,
Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат,
Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат.
Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы,
Агасына иниси жөлөк болот турбайбы.
Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы,
Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы,
Карыганда неберең эрмек болот турбайбы… — деген «Санат ырын» угуп кыйла сезим-санааны козгоп кайттык… 

«Жараткан аялдын ар бир көз жашын санап, эсепке алып турат»

«Залдагы миң аялдын арасында эки эркек — мэр экөөбүз олтурабыз, бактылуу экенбиз» деп мамкатчы айткан тамаша кептин чындыгы — иш-чарага элге эмгек сиңген ишмерлер, саясатчы, акын-жазуучу, ырчы, журналисттер — айтор, «катардын асты болуп, эриш-аркак болуп мырзалар менен тизгин талашып» ар кыл тармакты чабыттап эмгек кылган, элге улантып кызматын кылып жаткан 1000 айым катышып, алган белегин кучактап, роза гүлдөрүн жыттап отурушту…

«Урматтуу айымдар! Кымбаттуу апалар, эжелер, карындаштар! Сиздер үй-бүлөнүн куту, мээрман эне катары, адамзатка жылуулук тартуулап, үмүт отун жандырып, канатына канат байлап, демине дем кошуп, жан дүйнөнү жаркыратып келесиздер.
Кылымдар тогошуп, доор алмашып эгемендүүлүктүн туусун көтөрүп кыйын-кезең мезгилдерде, кайра куруу учурларында саясий-экономикалык туруктуулукту камсыз кылууда бардык жүктү жана түйшүктү өзүңөргө алып, кайраттуулукту, иштермандыкты көрсөтө алдыңыздар. Айрыкча мен шаарыбыздын ар тармагында талыкпастан эмгектенип жатышкан асылзаада айымдарды дагы баса белгилеп, талбаган эмгектери үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алар күн болобу, түн болобу , ызгаар суук болобу, мээ кайнаткан ысык болобу кабагым-кашым дебестен шаардын жашоо турмушунун жакшырышы үчүн күч-аракеттерин жумшап келет. Ушул эрдигиңиздер үчүн Сиздерге таазим этебиз«, — деди шаар мэри.
Ал эми мамкатчы көп балалуу Энеден «балдарыңыздын кайсы бирин көбүрөөк жакшы көрсөңүз керек да, кимисин жакшы көрөсүз» деп сурашканда, «кичинекей баламды чоңойгонунча; ооруп калганын айыкканча; алыска кеткенин кайтып келгенинче; ач болгонун тоюнганынча, бардык балдарымды өмүрүм өткөнүнчө жакшы көрөм» деген керемет жообу бар «Эне жүрөгү» деген насаат баянды саймедиреп айтып, аялзатынын көз жашына калбоону: «Ургаачы кишинин каргышынан Кудай сактасын! Жараткан аял кишинин ар бир көз жашын санап турат. Эсепке алып турат. Канчалык эркектана аял кишини ыйлатып, капалантсаң, ошончолук тозокко түшөсүң деген экен. Ошон үчүн эмне балээ эркек болсоң дагы, энеңдин, апаңдын, эже-карындашыңдын, көзүнөн жашын чыгарбаганга аракет кылып, кубаныч жашы тамчыласа, алаканың менен сүрүп, энең менен бирге болушуң керек экен» деген саптар менен эскертип айта кетти…
Ооба, биз карманчу чындык ушул: Жараткан Алла Өзүнүн ыраазылыгын баарыбызды тогуз ай бою курсагында, там-туң басканча кучагында, өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн — бакытыбыз, асылыбыз, бейишибиз Апаларыбызды, ата-энебизди ыраазы кылуу деген нары зарыл, нары орчундуу вазийпанын ичине каткан…

Толук ВИДЕО

«Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы…»

Жазгы маанайды учкундай убакытка батырган иш-чара соңунда жергебиздеги ишкерлер кол эмгеги жумшалган «Hand made» деген белектер тапшырылып, жогоруда белгилеген жагымдуу концерт болду. «Фонограммасыз» деген мыйзам да себепчи болуп ырчылар эл аспаптары оркестринин коштоосунда жандуу ырдашты. Бийчилерибиз  бийлешти. Белгилүү ырчы Гүлжигит Сатыбековдун «Санат ырын» оркестр коштоосунда үч ырынын авазы менен жаңырып, жан дүйнө козголуп, азга болсо «беш күндүк өмүр» тууралуу ой-санаага батырды…

САНАТ

Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын,
Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын,
Издеп жүргөн бейишим таманында апанын.
Азаматты эр кылган бата болот турбайбы,
Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы,
Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы.
Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы,
Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы.

Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат,
Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат,
Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат.
Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы,
Агасына иниси жөлөк болот турбайбы.
Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы,
Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы,
Карыганда неберең эрмек болот турбайбы.

Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал,
Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал.
Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал.
Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы,
Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы.
Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы,
Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы.
Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы,
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы.
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы,
Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы!

«8-мартыңар менен, «мамалар»

Ушундай рубрика менен жолдошум «Баягы Асаба» гезитине куттуктоо жазды эле…

Жыл сайын Аялзат күнүнө арнап куттук айтабыз, ыр жазабыз, гүл көтөрүп келебиз. Бирок, эмнегедир ырыбыз саз болбой, гүлүбүз кооз болбой, сөзүбүз аз болгондой сезиле берет экен. Дагы ырлар, дагы гүлдөр, дагы айтылчу дары сөздөр калып калгандай сезиле берет экен. Эчтеке эмес, эмики Март майрамда мындан да мыкты кылабыз деп эркектер өзүбүздү өзүбүз таптайт экенбиз, баптайт экенбиз… Эмесе, жанбирге аялзаты, өмүргө сүйүү берген, үйүбүзгө кут болгон, акыл кошоор кыт болгон, жашоонун маани-маңызы, эскирбеген жаңысы – баарыңарды жаз майрамы, Март майрамы менен жүрөгүбүздөн куттуктайбыз. Жамандыктан алыс болгула, амандыкта чогуу бололу. Жашоонун арабасын бирге кылдыраталы. Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн, үстү толо үй болсун, үй ичинде той болсун. Мезгил менен тең бол, мээрим чачкан күн бол, жазда чыккан гүл бол. Тилегиңерди берсин, дүйнөдө бейпилдик, тынчтык болсун!

Эрнис АСЕК уулу,
«Баягы Асаба», 2014-жыл

«Тирүүлүктүн өзү чоң майрам»

8-март. Бүгүн ар бир үйдө майрамдык маанай! Мырзалар сүйүктүүлөрүн куттукташат… А мен болсо жолдошумдун сүрөттөрүн барактап, сөздөрүн эстеп отурам… Кайгырып баратканда эле: «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам» деген Эрнисимдин сөзүн эстеп чыйрала түшөм. Укмуш сөз! Кандай гана күчтүү сөз! Бул жашоо чындыгы экен!

Эми эмне дейм, урматтуу айымдар, мендей болуп жолдошуңарды сүйгүлө! Уул-кыздарыңар менен узак өмүр сүргүлө! Башыңар кемибесин, көбөйсүн! Жолдошум какшап айтып кеткендей, «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам».

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.