Томас Йордан Кыргызстанга келип, президент кабыл алды

Томас Йордан Кыргызстанга келип, президент кабыл алды

Бүгүн, 10-майда сомубузга 25 жашка толду. 25 жылдык иш-чарага катышуу үчүн  Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан келди. Аны президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алганы тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Томас Йордан Швейцария Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин баса белгилеп, улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгы менен куттуктап, анын Борбор Азия аймагындагы эң туруктуу валюта экендигин айткан. Ал эми Сооронбай Шарипович Кыргызстан үчүн Европалык өнөктөштөрдүн көрсөтүп жактан колдоосу абдан маанилүү экенин жана мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишенимин бар экендигин баса белгилеген.

Мындан тышкары, президент бүгүн эртең менен банк чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы куттуктап, буларды айткан: “Өткөн чейрек кылым ичинде кыргыз сому өз алдынча акча-кредит саясатынын негизги каржаты гана болбостон, эгемендүү мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын символу да болуп калды.

Бүгүн банк сектору калкка ар кандай кызмат көрсөтүп жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорун каржылап, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошууда. Банк кызматкерлеринин эмгеги менен финансылык туруктуулукка, банк жана төлөө системасынын коопсуздугуна жетише алдык”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.