МОНИЕВ: «Асаба-Агымдын» окумдуулугун арттырууга Эрнистин салымы чоң болгонун көпчүлүк билбейт»

МОНИЕВ: «Асаба-Агымдын» окумдуулугун арттырууга Эрнистин салымы чоң болгонун көпчүлүк билбейт»

Эсен болуп, эсей жүр!

Эрнистин агасына болгон сагынычы сөзүнөн, кусалыгы көзүнөн, жоктоосу жазганын билинип турчу. Көзү өткөнчө агасын жоктоо дартынан айыккан жок. Агасын арманда кылып жүрүп артынан кеткенине эки жылдын жүзү болду. 2020-жылдын 29-январында байымдан ажырап калгам. Боздоп-сыздап 31-январда акыркы сапарга узатканбыз… Куран окутуу, эскерүүдөн башка арга жок экен, айла жок экен. 3 күн эскеребиз, туугандар!

Эки жыл мени менен кошо эскерген жакшы адамдар көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган байкеси Мелис Эшимканов да эскерилди жана эскерилүүдө… Мелис агабыздан ажыраганыбызга 11 жыл болсо, Эрниске эки жыл болду. Көздөрү тирүү болгондо, быйыл Мелис агабыз 60 жашка, Эрнис 52 жашка чыкмак…

Эрнистин аты аталган жерде Мелис байкенин ысымы аталып, агабыздын аты аталган жерде “Асаба” айтылып келет. Эки гений ага-инини эскерип, жараланган жүрөккө жылуу сөз тартуулаган жакшы адамдарга ыраазычылык билдирем! Мына дагы бир топ эскерүүлөр келди. «Мен үчүн “Асаба”-“Агым” өзүнчө чоң мектеп болду» деген кесиптешибиз Абдувахаб Мониевде… 

Назира СААЛИЕВА

Абдувахаб МОНИЕВ: «Эрнис гезитте позиция болбошу керек” дечү…» 

«Мелис, Эрнис Эшимкановдор талант-шык, интеллект жагынан бири-биринен кем калышпаган  бир туугандар эле»

1990-2000-жылдары Кыргызстандагы коомдук турмушту — маданиятты да, саясатты да “Асаба” гезитисиз элестетүү кыйын болчу. Мурдагы “Ленинчил жаш” комсомолдук-жаштар гезити Мелис Эшимканов башкы редактор болуп (”түндүктөн түшүп”) келери менен өзөгүн түп тамырынан өзгөртүп, кыргыз (мүмкүн, бүт борбор азиялык) басма сөзүндө төңкөрүш жасады. Атын адегенде “Жаштык жарчысы” деп алмаштырып, андан соң “Асаба” аталган гезит жаштыктын эле эмес, бүтүндөй улуттук кайра жаралуунун, демократиялык баалуулуктардын, сөз эркиндигинин, эркин ой жүгүртүүнүн асабасы катары жалпы улуттук масштабдагы эң таасирдү басылмага айланды. Мелис Эшимкановдун “Асаба”-“Агым” гезити дээрлик 15 жыл ашуун мезгил Кыргызстандагы коомдук пикирге үстөмдүк кылып, саясий аба ырайына аныктама киргизип турду.

«Мен үчүн “Асаба”-“Агым” өзүнчө чоң мектеп болду»

Насип экен, убагында ушинтип атагы таш жарган “Асаба”, кийинки “Агым” гезиттеринде 3-4 жылдай иштеп калдым. Тээ туңгуюктагы тоо айылынан келген, университеттин сырттан окуу бөлүмүн дагы “сырттан” окуп бүткөн мен үчүн “Асаба”-“Агым” өзүнчө чоң мектеп болду. Кыргыз “канында бар” деп коёт эмеспи, кээ үй-бүлөнүн балдары катары менен таланттуу, жөндөмдүү чыгат. Талант-шык, интеллект жагынан бири-биринен кем калышпаган Мелис, Эрнис Эшимкановдор дагы ошондой бир туугандардан эле. Бекеринен болбосо керек.

Угушумча, алардын атасы Асанаалы Эшимканов да да ар кандай ишке жөндөмдүү, таланттуу, адамгерчиликтүү, анан чындыкты бетке айткан көкжал мүнөздөгү адам болгон экен. Врачтык кесипти аркалоого катар Кыргыз Совет энциклопедиясын түзүүгө да катышып, илимий-чыгармачылык ишмердикти кошо ала жүрүптүр. “Жоону чапса, биз чаптык, аты калды Манаска” деген накыл бар го… Анын сыңары, “Асаба” гезитинин “асабалап” бийиктешинде Мелис Эшимкановдон башка да улуу муундагы бир топ таланттуу, акылдуу адамдардын мээнети көп. Албетте, алардын ичинде “Мелистин иниси” катары көбүнчө көлөкөдө калчу Эрнистин дагы. Бирок, гезит үчүн чыгармачылык изденүү үстүндө көбүрөөк алектенип, жаңы рубрикаларды киргизип, жасалгалоо-кооздоо жагын өркүндөтүп, “Асаба”-“Агымдын” окумдуулугун арттырууга Эрнистин чоң салым кошкондугун көпчүлүк биле бербейт. Кээде гезиттин позициясы тууралуу талашып-тартышып калган учурларда ал: ”Оппозициячыл, бийликчил эле дейсиңер, а негизи, гезитте позиция дегендин өзү болбошу керек” деп кала турган. А бул көзкараштын тууралыгы биздикилерге алигече жетпей жатпайбы?..

(Уландысы бар)

Абдувахаб МОНИЕВ

АРХИВден…

Атабыздын «Алтын бальзамы»… 

— Атам Асектин (кичинесинде эркелеткен ысымы менен калыптыр) кесиби терапевт. Казарман, Нарын, Ат-Башы, Сокулук ооруканаларын башкарган. «Кыргыз Энциклопедиясында» медицина жана биология редакциясын жетектеген атактуу профессор А.Алтымышевдин «алтын бальзамын» жаратууга үлүшүн кошкон. Советтик медицинанын чордонунда жүрсө да, тамыр кармаган табыпчылыгы менен далай оорукчандын сообуна калган шайыр, карапайым, бунтарь мүнөз, атүгүл Брежнев бийлигин сындаган диссиденттик көз карашы үчүн ЦКнын каарына калган жайы бар адам эле.

Кээде селт этип алам, атам Асектин, чоӊ атам атактуу мергенчи Эшимкандын, анын атасы табып Ашымдын, анын атасы молдо Райдын кыска өмүр жашагандарын эстегенде…

Мелис ЭШИМКАНОВ

«Бишкек таймс», 2004-жыл

Эрнис АСЕК уулу: «Карыпкулов атамдын өлүмүнө түздөн-түз себепчи болгон…»

«Жеңишбек Эдигеев деген досум бар. Экөөбүз бири-бирибизди далыбыз менен түшүнүп көнүп калганбыз. Канча жылдан бери Швейцарияда жүрсө да, экооз сөз алышып, ошого корстон болуп калабыз» деп бир кезде жазды эле Эрнис. Айтып да калчу… Атабыз тууралуу айтып бергенин Жеңишбек Эдигеев «Дайралар артка агышпайт» аттуу китебине киргизиптир. «Аталар» бөлүмүн Асанаалы Эшимканов (Асек) атабыздан баштаптыр…

«Аталар»

2006-жыл бекен… «Агымдын» кийинки санына мурдагы КТРдин башчысы, маркум Аманбек Карыпкуловду чыгармак болдум. «Үйүмө келесиӊби?» деген эле. Конок тосчу чоӊ бөлмөдө, чоӊ столдун четинде макала оӊдоп отурдук. Чоӊ кызы улам үстүбүзгө кирип, «Чай алып келейинби? Ата, сизге бирдеме керекпи? Иним, келегой чайдан ич», — деп өзгөчө атасына көӊүл буруп жатты. Бир кезде атасы сыртка чыгып кеткенде: «Атам жүрөгүм деп жүрбөйбү…»,- деди кабатырланып. Аны угуп мен дагы болушунча айтканындай жасап бергенге аракет кылып аттым. Ал учурда Аманбек агай Аксы окуясы ж. б. ири окуялар боюнча күнөөлөнүп жаткан мезгил эле. Эки саат отурдук. Өзүм да кеч барып, түн кирип кетти. «Иним, калпыс кылып албайын, эми бир карап чыгалы…», — дейт. «Макул, макул» дейм. Үч саат болду. Колуктум чалат, сарсанаа болуп, «эмне болдуӊ?» деп. Акыры көлөмдүү маекти бүткөрдүк.

Эки күндөн кийин гезит жарык көрдү. Эртеӊ мененки летучканын алдында жаӊы санды жана башка гезиттерди бир сыйра карап отурмайыбыз бар эле. Бир маалда өгүнкү маекти көрүп эле көзүм алайды: мен койгон рубрика алынып, ордуна «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деп жүрөт!.. Көргөн көзүмө ишенбейм. Ошол замат пальтосун жамынып алып кайра-кайра окуп, оӊдоп отурган Аманбек аганы, чыйпылыктап кирип-чыгып аткан кызын эстедим. «Бул эмне кылганыӊ, Эрнис!» — дедим ичимен. Летучка бүткөнчө этптеп чыдап олтурдум. Анткени жумуш маалында Эрнис — редактор, башка маалда бизге дос да. Летучка бүттү. «Эрнис, сөз бар» — десем, «Билем, билем, жүрү, шашпай түшүндүрүп берем»,- деди. Аӊгыча телефонум чырылдады. Билгенимдей эле Аманбек аганын кызы экен. Мына сага! Бир ыйлап, бир басылып, бир урушуп, бир таарынып айтып кирди. «Эже, кое турсаӊыз түшүндүрөйүн, мен  эмес, бу редактор…» дегенимче, «Мага эми шылтооӊуздун бир тыйын кереги жок. Мени угуп турунуз! Атам ооруп атам десем болбой ушуну кылдыӊар. Силер, журналисттер, алсыӊар, булсуӊар…» деп көп нерсе айтты да трубканы шарт коюп салды. Үндөй алганым жок. Чыны менен катуу уят болдум.

Көӊүлсүз басып Эрниске бардым. Анан ал мага эмне үчүн мындай кылганын айтып берди. Көрсө, Эрнистин атасы Асек 1972-жылы академик Арстанбек Алтымышевдин чакыруусу менен Фрунзеге «Пограничтен» көчүп келген экен. Келип, «Кыргыз экциклопедиясында» биология жана медицина бөлүмүндө иштейт. Иштеп жүрүп Салижан Жигитов менен жакын дос болот. Экөөнүн мүнөзүндө окшоштуктар болгон экен. Эрнистин атасы бар чындыкты жаап- жашыра албаган, таамай айтып, так сүйлөгөн, чылгый коммунист болуп, партчогулуштардан калбаган адам болуптур. Кийин, Сокулукта, Фрунзенин 7-поликлиникасында иштейт. Эрнистин атасы дары чөптөр боюнча китеп жазып, космосто пайдаланчу паста түрүндөгү тамакты ойлоп тапканга үлүшүн кошуп, анан да бальзам ойлоп тапкан экен. Эрнистин айтуусу боюнча, анын авторлугун академик Алтымышев тартып алган. Ошол мезгилдердин «Кыргыз энциклопедиясынын» редактору, ЦКнын идеология боюнча катчысы болуп келген Аманбек Карыпкулов менен да Асаналы Эшимканов бир маселелер боюнча тил табыша албай калып, ошондон баштап ага куугунтук башталат. Бир күнү ЦКнын идеология боюнча катчысы башкарган партчогулушта Асаналы Эшимкановго карата жаман сөздөр айтылып, жарга такашып, партиядан чыгарабыз дегенге чейин жетет. Ошончо басымга чыдабай, чогулуштун аягында Асаналы Эшимкановдун маээсине кан куюлуп жыгылат дагы, 43 жаш курагында каза болот. «Бул киши ошентип атамдын өлүмүнө түздөн-түз себепчи болгон. Мен аны унутканым жок. Анын маегин атайын оӊдоп чыгардым»,- деди Эрнис.  Мен угуп, нес болдум. «Ошондой болгон бекен аа!» деп советтик тымызын былыктардын боло келгенин элестеттим. Биз бир топ үндөбөй отурдук. Ал окуяга үн ката алган жокмун. Кантип, эмне деп үн ката алмакмын. Азыр да АТА жөнүндө жазып жатып, АТАЛАР деп жазып жатып ак-кара деп сүрөттөй албайм. Аны айтчу мен эмес. Болгону маӊдайымдагы досумдун болгону 43 жаш жашаган атасынын бул окуясын биринчи ирет угуп отурганыма, ал аны көз айнегинин артындагы туталанган көздөрү менен мени теше тиктеп алып: «Ошентишкен! Ошентип өлтүрүшкөн» дегенине өзүмдөн улам түтпөй, ынактык сезим менен ийнинен кармагым келген…

Жеӊишбек ЭДИГЕЕВ,

«Дайралар артка агышпайт» китеби, 2017-жыл

Атабыздын баскан жолу…

Асанаалы (Асек) Эшимканов 1936-жылы, 20-январда Кара-Коюн айылында туулган. 1944-1954-жылга чейин Кара-Коюн орто мектебинде окуган. 1954-1960-жылга чейин Кыргызстан мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетинин врач-терапевт кесибин окуп бүтүргөн.

1960-жылы Кара-Булуң айылынын кызы Тентиева Саадат менен баш кошкон. Ошол эле жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жаш адис катары эмгектенген. 1963-жылы Ат-Башы районунун ооруканасында, кийин Ак-Муз айылында да иштеген.

Өзүнүн демилгеси менен 1965-жылы облустук, республикалык жетекчиликке кайрылып, Ат-Башы районунун Пограничный (азыркы Казыбек) айылына оорукана курдурууга жетишип, өзү ошол ооруканага башкы врач болуп дайындалган.

1973-жылы Фрунзе шаарына профессор Арстанбек Алтымышев аркылуу чакырылып, «Кыргыз Энциклопедиясынын» медицина жана билология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Профессор  Алтымышев менен иштешип, чөп дарыларынан жасалган “Арашан” бальзамы, ашказан оорусуна “Чычырканак майы” жана космонавттар үчүн жасалган дарыларга өз салымын кошкон.

1975-жылы Сокулук районунун ооруканага башкы дарыгер болуп дайындалган. 1976-1981-жылга чейин № 7 Фрунзе шаардык бейтапканасында дарылоо бөлүм башчысы болуп иштеген. Көптөгөн Ардак грамота, орден менен медалдын ээси.

1981-жылы, 23-октябрда 43 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Көптөгөн элдин алкышына ээ болгон атабыз азыркыга чейин мыкты дарыгер катары эскерилип келет.

Алты баланын (эки уул, төрт кыз) атасы. Балдары Мелис Эшимканов менен Эрнис Асек уулу Кыргызстанга белгилүү инсандар.

Мезгил менен катып калган мүнөттөр… Эски кадрдагы сүрөттөр… (Эрнис АСЕК уулу)

Жеңиш ЖУМАКАДЫР: «Ага-ини кетти ээрчишип 49 жаштын кырында, сүйлөшүп экөө алгандай…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.