Эсен болуп, эстей жүр!
РЕДАКЦИЯДАН: «Ленинчил жаш», «Комсомолец Киргизии», «Жаштык жарчысы» гезиттеринде эмгектенген, «Асаба», «Агым» гезиттерин негиздеген башкы редактор, 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Мелис ЭШИМКАНОВдон 2011-жылы 15-сентябрда, Эрнис АСЕК уулунан 2020-жылдын 29-январында ажыраганбыз.
“Артыңда эстей жүрөр кишиң, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, 11 жылдан бери Мелис Эшимкановдун өзү да, сөзү да, эмгеги да жана «Асаба», «Агым» гезиттеринде оң колу болуп эмгектенген бир тууган иниси, журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулу да эскерилүүдө …
Мыкты ага-инини бу жолу атбашылык маркум обончу, жазуучу Базарбай Томотоевдин уулу Осмонакун Томотоев агабыз эскерип бермекчи…
Эрте өчкөн эки жылдыз!
Мелис Эшимканов деп, кыргыз элине аттын кашкасындай таанылган ысым менин жашоомдо бала кезимден эле тааныш эле. Себеби менин атам Базарбай Томотоев менен Асаналы (Асек) Эшимканов экөө эң жакын достордон болушкан. Көптөгөн элди дарылап, алкышына ээ болгон Асаналы аяш атабызды атбашылыктар азыркыга чейин мыкты дарыгер болгонун айтып, эскерип келишет.
Алты баланын (эки уул, төрт кыз) атасы, аяш атабыз кийин аяш апабыз Саадат Тентиева менен Бишкек шаарына иштеп кетишкен. «Атанын уулу болуу — урмат, эл уулу болуу — кымбат» дегендей, аяш атабыздын эки уулу эл уулу боло алышты, Кыргызстанга белгилүү журналист болуп чыга келишти. Мелис агабызды легендарлуу парламентке депутат болуп, мурч сөзү, курч калеми менен демократиянын белгилеринин бири болгон сөз эркиндигин алып чыгып журналисттерге жол көргөзгөн чыгаан журналист катары чыкканда «биздин агабыз» деп абдан сыймыктанып карап жүрдүк.
«Асаба» гезитин ар дайым калтырбай окучубуз. Андагы эки бир тууган: Мелис Эшимканов менен Эрнис Асек уулунун макалаларын күтүп, кызыгуу менен окучубуз… Ошол кезде гезитте көп кырдаал жөнүндө ачык-айкын жазылган макалалар элге жакын жана абдан кызык эле.
Тагдырдын буйругу экен, 2005-жылы «өз иним» деп Мелис байке өзүнө чакырып алды. Ошол жылдан баштап Мелис байке менен өмүрүнүн акырына чейин чогуу болуп бирге иштештим. Мелис байкенин карапайым мүнөзү, накта эркекче жүргөнү, маселени дароо чечкени жакчу. Дегеле жасалмалуулук жок болчу, бирөөнүн кемчилигин шарт эле бетке айткан жагы бар эле.
Көп журналисттер өздөрү деле билсе керек, Мелис байке өзүнүн билимин жана талантынын күчтүүлүгүн аларга да бөлүшүп, макалаларды кандай жазуу боюнча үйрөтүп, күчтүү журналист болууга чоң салым кошту деп ойлойм. Себеби, алар жазып келген материалдарды бир заматта өзгөртүп, мыкты макалага айландырып койчу эле. Берешен, колу ачык адам болчу… Журналист, дос, жакындарына, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына аябай кам көргөн адам эле.
Мелис байке менен жүрүп мен дагы турмушта көп нерсеге үйрөнүп, көптөгөн жашоомо керек болгон сабактарды алдым. «Сен дагы менин жанымда жүрүп саясат менен ооруп калба!» деп күлүп калаар эле. Маектешип көп отураар элек. Байкенин алдын ала көрөгөчтүк жагы дагы бар эле. Кээде айтканы айткандай келчү. Кийин дагы айтып жүргөндөрүн эстеп салыштырсам, бардык айткандары дал келди. Эрнисте да ошондой касиет бар болчу… Мелис байке менен иштеп жүрүп иниси Эрнисти дагы жакындан таанып, мамилелеш, сырдаш ини катары жүрүп калдым. Кыргызстанда Мелис Эшимканов, Эрнис Асек уулундай эки тилде (кыргыз, орус тилинде таза сүйлөй алган, катасыз жаза алган) бирдей, ушунчалык сабаттуу жазган журналисттер өтө сейрек кездешсе керек.
Аттиң, бири кем дүйнө, ага-ини бирдей 50 жашка чыкпай, экөө тең 49 жашында кетип калбадыбы… Эки жылдыздын эрте өчүп калганы абдан өкүнүчтүү.
Эшимканов Мелис байке каза болгондо кыргыз эли бүтүндөй оор жоготууга учурап, ыйлаганы чындык. Мелис байке элдин жүрөгүнө ушунчалык орногон экен, кайсыл жерге барбайын, «Мелистин каза болгонун угуп ушунчалык ичим ачышты, эстесем эле ыйлап калам» деген сөздөрдү кары –жашы дебей айтышканы эсимде…Биз дагы үй-бүлөбүз менен кайгырдык, ыйладык… Мелис байке каза болгон күнү дагы жанында элем. Көп жылдар бою күнү-түнү жанында чогуу жүргөн мага ушунчалык оор болду. Ушунчалык жакшы адамды карап туруп эле жоготуп алуу канчалык оор болгонун сөз менен жеткирүү кыйын…
Мелис байкенин аты тарыхта алтын тамга менен жазылып калды десем жаңылышпайм. Кыргыз журналистикасында эң биринчи эркин сөздү алып келген легендага айланган мыкты редактор болду, муну эч ким тана албайт! Ушундай легендага айланган тарыхый инсан менен иштешип калганыма сыймыктанам! Бул асыл адамдын арбагына өмүр бою таазим кылам.
Эми Эрнис иниме келсем, Мелис байкенин жолун улайт деген ишеним чоң эле. Себеп дегенде Мелис байке иниси менен сыймыктанчу, «Эрнис менден да күчтүү жазат» деп калчу. А чынында экөө тең мыкты жазчу.
Мелис байке, Эрнис менен баарлашып отурганда, алардын билимдүү экени билинчү. Бирок, «мен билимдүүмүн» деп бой көтүрүшчү эмес. Алар ар кимдин деңгээлине түшүп алып сүйлөшө беришчү…
Мелис байке каза болгондон кийин, көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Көп убакыттан кийин, бир күнү, 2013-жылы Эрнис үйдөгү телефонго чалып калбаспы, кубанганым ай!
– Ой, байке, сиздин телефонду издеп таап чалып жатам. «Асабаны» «Баягы Асаба» деп аталышын өзгөртүп, Мелис байкемдин акыркы күндөрдөгү айтып жүрүп жетпей калган максатын ишке ашырайын деп, аманатын аткарып, гезит чыгарып жатам. Редакцияга келип кетпейсизби деп редакциясына чакырып калды.
Дарегин сурап аябай кубандым. Эртеси Эрниске баратып, Мелис байкенин «Эски Асаба» деген аталышта гезитти чыгарам деп кол алдында иштеп кеткен журналисттерди чогултканын эстедим.
Эрниске жолуктум… Редакциясы кенен экен, иши жакшы жүрүп жатканын көрүп ыраазы болдум. Эрнистин кайталап турмуш курганын ошол жерден угуп, колуктусу Назира менен тааныштым. Жубайынын тыңдыгын көрүп, «Эрниске эми жакшы болуптур…» деп ичимден кубанып отурдум. Кубанып, өмүрлүк жарым Сыргага да айтып келдим, ал да жетине албай сүйүндү…
Жашоонун буйругу экен, Эрнис менен Назира квартира издеп, «Көк Жар» конушуна келип калышыптыр… Болгондо да биздин бет маңдайыбыздагы үйгө квартирант болуп киришкенин айтышты. Ошентип кошуна болуп жашап калдык. Ага-инидей киришип, чыгышып, катташып турдук. Эрнис мени жакын байкесиндей көрүп сырдашып, көп нерсени айтып берчү. «Мелис байкем болгондо мени мындай жерге жашатмак эмес. Мелис байкем болгондо бат-бат келип, бизден кабар алып турмак…» деп арман кылып жүрдү… А чынында арман кыла тургандай байкебиз бар эле да… Агасы тууралуу жакшы гана сөз уккусу келчү…
Эрнис мыкты котормочу болчу. Бир жолу Эрниске котормо боюнча кайрылып калдык. Орус тилден кыргызчага ары маңыздуу, ары маанилүү, сонун кылып бир заматта которуп берди. Ал көптөгөн дүйнөлүк акын, жазуучулардын чыгармасын которду. Акыркы котормосу Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романы болуп калды окшойт. Ошону которуп жатам дегенин уккам…
Эрнис дагы Мелис байкедей жөнөкөй, байлыкка, мансапка кызыкпаган, намыскөй жигит эле. «Мен саясатка эч качан аралашпайм. Мен адабиятка жакынмын» деп көп айтчу. Жөнөкөй жашап өттү. Колуктусу экөө көмүр ташып, отун жарып, от жагып, кымындай үйдө бактылуу жашашты…
Эрнистин үйү бар болчу, аны уулу Татка таштаган. «Мен квартираласам да, балдарым квартиралабасын!» деп көп айтчу. Балдарын, жубайын аябай жакшы көрчү. Назира да Эрнисти аябай жакшы көрдү, сыйлады. Биз кошуна туруп, экөөнүн жашоосуна күбө болдук.
Назирага ыраазычылык билдирип кетет элем, себеби, ал Эрнистин акыркы күнүнө чейин жанында шерик болуп, турмуштун ысык-суугуна карабай, тирек болду. Котормолоруна шарт түзүп берди. Экөөнүн алдыга койгон максаттары бийик, жашоодо үмүттөрү чоң эле. Акыркы жашоолору «Арча Бешик» конушунда болду. Бизден алыс кеткендери менен бат-бат телефон чалышып, ал-акыбалыбызды сурап турчубуз.
2020-жылдын 29-январында Эрнистин жүрөгү сокпой калган жаман кабар келди. Дал ошол күнү Назира ыйлап мага телефон чалса, уккан кулагыма ишенбей нес болуп эле туруп калдым… Жолдошун өтө жакшы көргөн Назиранын жоктоп, жашоону жектеп калган абалын аядым… Эрнистин өтө жаш кетип, бир заматта эле муздак жер алдында калганына кейидим…
Кийинки жылы, 2021-жылдын 25-апрелинде Назира Эрнистин өзүнүн сөзү «Өмүр менен өлүмдүн жарк дей түшкөн учкундары» аттуу жолдошунун эскерүү кечесин өткөрдү. «Каалга» аттуу ыр китебин чыгарды. «Дагы которгон 9 китеби бар» деп жазганын, интервью бергенин угуп калдым. Бул котормолору да жарык көрүп калаар… Эрнистин алдыга койгон максаттарын, Кудай буйруса, Назира ишке ашырат деген ишенибиз чоң.
Мелис байке менен Эрнистин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Осмонакун ТОМОТОЕВ
Осмон байке бизди бир тууганындай карады…
Учурдан пайдаланып, Осмон байке менен Сырга эжеге ыраазычылык билдирем. Себеп дегенде, алар таанышкандан баштап бизге бир туугандай жылуу мамиле кылышты. Дегеним, жакшылыктарынан калтырбай, чакырып турушту. Кошуна болуп барганда, кубанып өрлүктөп келип, Мелис байке тууралуу айтып, эскерип отурушту… Эрнистин кубанганы ай, такыр эсимден кетпейт…
Бир жолу кышында Эрнис отун жарып атып, сөөмөйүн балта менен ыргыта чаап алды.. Кан укмуш кетти… Эсим чыгып Осмон байкеге телефон чалдым. Кайран Эрнисим, кардын арасынан сөөмөйүн издеп жүрөт…
Осмон байке чуркап келип, Эрнистин колун катуу таңып канды токтотуп, ооруканага жеткирди. Операцияга кирип кеткенде «кете бериңиз» дедим… Алты сааттай операция болду… Осмон байке байма-бай чалып жатты, Эрнисимдин акыбалын сурап… Бир убакта кайра келиптир, тамак көтөрүп… Бизди бир туугандай карады. Кой сойгон сайын тамакка чакырчу. Барбай калсак, баласынан эт, шорпо берип жиберчү… «Арча-Бешикке» көчүп кеткенде да сойгон койдун этинен берип жиберчү. Эрнистин көзүнө жаш тегеренип кетчү, «Олдо Осокем ай…» деп… Бизди бир тууганындай карап, бизге сар-санаа болуп байма-бай телефон чалып, ал-акыбалыбызды сурап, бир туугандай мээримин чачкан Осмон байке менен Сырга эжеге терең ыраазычылык билдирем! Бар болуңуздар!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Томотоев Осмонакун агабыз аркар мүйүзүнөн комуз жасап жумурай журтту таңгалдырган. Ал бул ШИЛТЕМЕде.