Таластагы “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” жыйыны…
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп Каныбек Осмоналиевдин дайындалганына эки айга чукулдап калды. Келгенден бери аз уктап, көп иштеп жатканын бизге берген маегинде айтканы бар. Ал жети облусту түрө кыдырып, “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аттуу баяндама жасап жүрөт. Учурда Ысык-Көл облусунда…
Курман айттын алдында Талас облусуна иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Каныбек Осмоналиевич Талас облусунун өкүлчүлүгүнүн аппаратынын, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Талас мамлекеттик университетинин жана башка мекеме-ишканалардын иш кагаздары менен таанышкан.
Андан соң Талас шаарында “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышта жыйын өткөрүлүп, негизги эки маселе каралган. Алар:
1. “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022. №15 Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы;
2. КР Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” 2022-жылдын 20-майындагы №157 Жарлыгынын аткарылышы.
Бул иш-чарага Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Жанузакова, Талас шаарынын вице-мэри М.Сейдикеримова, райондук мамлекеттик администрациялардын акимдери, билим берүү мекемелеринин, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомдук ишмерлер, мугалимдер катышкан. Ал жыйында Каныбек Осмоналиевич “Талас облусунда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге көңүл буруу маселелери” жөнүндө кенен баяндама жасап, мамлекеттик тилге салым кошкон айрым кызматкерлерге Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырыптыр. Жыйын жарыш сөз, суроо-жооптор менен жыйынтыкталган.
Бектур ИСАКОВ: «Эне тилин үйрөнүү бала бакчадан башталат»
Ушул биз айткан иш-чарага Таластын Талас районундагы К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинде 55 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келаткан Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги, Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков агайыбыз да катышып, эне тилин үйрөнүү бала бакчадан башталарын, 30 жылдан бери окуу жай, мектептерде эне тилибиз колдонбой, «кордолуп» жатканына айтып кейиди. «Эне тилге күйүү, аны сүйүү, жаратуу уюштуруу иши менен башталат. Айтып коюп отура берсе, айлык жүрө берет, иш токтоп калат. Мамлекеттик тил мыйзамынын иштеп жатканына 30 жыл болду. Ошондон бери атактуу окуу жайлардын 70-80 пайызы мамлекеттик тилди колдонбой келатат. Мыйзамдын аткарылбай жатканына биз бул жакта туруп уялып жатабыз… Аны көзөмөлдөгөндөр деле жазасыз калган… Менин айтайын дегеним, бала бакчалар кыргыз тилинде болбосо, эне тилибиз оңолбойт. Бардыгы бала бакчадан башталат, болбосо кийин кеч болуп, кыргыз тилин чанып кетет. Мен бир бир окуяны айтып берейин. Бир жолу мени Бишкек шаарындагы орус тилдүү эң мыкты мектепке чакырышты, барып катыштым. Эми ошол мектепте жалаң кыргыз балдар окушат экен. Мен ошого намыстандым. Кыргызстанда туруп кыргыз балдар эне тилин үйрөнүп жатышат. Бул эмне деген кордук?..» деп агайыбыз айткан ачуу чындыкты чынында азыр өлкөдөгү көрүнүш айгинелеп турат…
Бирок, билбейм, көйгөйлөр айтылып эле жатат, маселе көтөрүлүп эле жатат, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагалары алмашып да жатат — балким, таасир этүүчү рычагды азыркы жаңы төрага Каныбек Осмоналиев табаттыр… Ай ким билет… улуттук баалуулуктарыбызга мамилени тээ эгемендикти алгандан эле катуу киришип, жакшыртып, бекемдешибиз керек эле… бирок азаттык эйфориясы менен гана жүрүп алгандай болдук…
Мамлекеттик тил мыйзам жагынан Казакстан озуп, биз артта калдык…
Мамлекеттик тил боюнча мыйзамыбыздын иштеп жатканына быйыл 33 жыл болот. Ушул коңшу мамлекет Казакстандан озунуп 1989-жылдын 23-сентябрында улуттук тилибизге мамлекеттик тил макамын ыйгардык, бирок иш жүзүндө алардан артта калдык. Бул ачуу чындык, бул факт! Бул расмий маалымат эмес, өзүбүз дайыма күбө болуп келген турмуштук фактылар. Бир эле мисал, биздин атабыздын Казакстанда Көкдөнен айылына турмушка чыккан бир тууган эжеси Бүасыл өткөн жылы өтүп кетип, коронавирус чектөөлөрүнөн улам баралбай калып, быйыл 16-июнда (26 жыл мурун ушул күнү алтын атабыздан ажыраган элек) барып келдик. Биздин Чүй облусубуз менен чектеш жердеги «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрмө бекетинен тартып орусча сүйлөшкөндү мындай кой, “конечно, хорошо” ж.б. сөздөрдү кошуп кетмей жок аларда. Бардыгы казак тилинде, жадагалса башка улуттун өкүлдөрү да казак тилинде сүйлөп баратышты. Көрнөк-жарнактарынын баары казак тилинде бакырайып илинип турат. Чогуу бараткан Алмаз иниме суктанып айтсам, ал бир учурда Казакстанга барып-келип иштеп калганда, документтер казакча толтурулуп, башка улут өкүлдөрү ага жалдырап “эмне деп жазылган, которуп берип койчу, эмне деп жазышым керек” деп суранышканын айтып берди. Менимче, бул казактардын тил маселесинде мамлекеттик саясатты башынан туура баштаганынан болгон. Мурунку ажосу Нурсултан Назарбаевдин “Казак казак менен казакча сүйлөшөт” дегенди бакырайтып жаздырып илдирип койгону канча аңыз болуп айтылып жүрөт. Бул бир улуттун артыкчылыгын көтөрүү эмес, муундарда ажырым болбогудай улуттук аң сезимди көтөрүү, сөздүн жакшы маанисинде улутчул болууга, улутун сүйүүгө, улуттук баалуулуктардын өмүрүн кемитпей түбөлүгүн сактоого болгон умтулуу деп ойлойм.
Жогоруда Бектур агайым айткандай мен да намыстанам. Бизде көрнөк-жарнагы, башкасы, аталышы болобу — орус тилине ылайыкташканы, ал эле эмес англис тилинде жазылганы басымдуу болуп баратат. Кыргызчасын эптеп, көрүнбөгөн жерине кыпчып, анда да ката менен жазып коюшат… Айрым мамлекеттик мекемелердин сайттарында кыргызча деген тил тандоосу турат, кыргызча маалымат аз, жаңыланбайт. Кечирип койгула, казактар латиница өтөбүз деп, айрым сайттары маалыматтарын Qaz, QZ деп жайгаштырып жатышат…
Казакстанда эки күн жүрдүк, эки күн кымындай баласынан улуу аксакалдарына чейин жалаң казакча сүйлөшкөнүнө гана күбө болдук. Кыздар-балдардын тааныса-тааныбаса да көчөдөн «салеметсизби» деп учурашкандары жүрөктү жылытты. 80 жаштагы Жакып атабыз менен кош колдоп учурашып кетип жатышты. Сынап ар нерсени орусча сурап койсок, казакча жооп берип жатышты. Казактардын эне тилинин баркын, баасын түшүрбөй суктангыдай көтөрүп алганына, албетте, элдин, анан мамлекеттин да салымы зор экени талашсыз кеп…
А Кыргызстандачы?..
А биздечи? 33 жылда бери, дагы деле эне тилибиз өнүгө элек. Дагы деле орус тилине басым көп жасалат. Мамлекеттик иш кагаздары, жыйналыш, пресс-конференция, пресс-релиздер -бардыгы орус тилинде… Мына, жакында эле Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров медиа тармак өкүлдөрү менен бейформат жолугушуудагы отчетун орус тилинде берди. Ал жерде бир дагы орус жок болчу… Анан дагы «Калашникова кыргызча билет. Аны депутаттар кыргызча билбейсиң деп жарга такашты» деп анын таламын талашты. Атаңдын көрү, «13 жашар өспүрүм кыздын таламын ушинтип талашканда не?» деп кейип кетесиң… Мекемелердин жетекчилери даталуу күндө эле эне тилибизге күйүмүш болуп катуу сүйлөйт, а иш жүзүндө эч нерсе жок. Кайран гана, кыргыз тилибиз!
Кыргыз тили дүйнөдөгү башка мамлекеттик тилдердей эле көз карандысыз, өз алдынча тилдин макамын 33 жыл мурда алган, бирок ал тил — эне сүтү менен бүтүп, улуттук баалуулугубуз катары сакталып келатканына кылымдар ашты. Андыктан ошол бийиктиктен түшүрбөй ар бир жаран мыйзамды сыйлап, мамлекеттик тилди билүүгө тийиш деп катуу чечкин аракеттер болушу керек! Бүткүл дүйнөгө кыргыз мамлекети белгилүү болуш үчүн мамлекеттик тилибиздин макамын жогорулатуу муктаждык же зарылчылк эмес, милдеттүү болушу зарыл!
Нагыз келечек – назик балапан дүйнөдөн башталат
Айтмакчы, жогоруда Бектур агай айткандай, эне тилин үйрөнүү бала бакчадан башталат. Ошондой эле, үйдөгү ата-эненин бала менен кыргыз тилинде баарлашуусунан башталат. Мен дагы бир окуяны айтып берейин. Казактардын балдарга арналган «Балапан» деген он саттык спутник «телеарнасы» (телеканалы) бар. Бир учурда жанагы тарелка спутник аркылуу бизде да көрсөтүлүп калганда Мирлан инимдин анда кичинекей, азыр мектеп окуучулары болгон кыздары Каухар, Акак, кадалып кечке отурушпаса да, «казактын улуттук оюндары; оюмдары; тамак-ашы; музыкалык аспаптары», «казакчага «оодарылган» мультфильм, көркөм жана даректүү тасмаларды” күндө көрүшчү. Программа аттарын да жаттап алышкан эле: «Алиппе», «Гажайыпстанга сасат» дегенин «казактардын «Керемет көчү” деп, улуусу «салем, көмектесейинби, уустай алмай, ненин дабысы» деп казакча чалып сүйлөп да калган…
Эми кызык ушунда, казактардын ошол 10 сааттык кызыктуу каналы эле казак тилинде жасалган кызыктуу программалары менен балдарыбызды арбап алганын байкагам. Апабыз да эринбей кыргызча жомокторду айтып берип, «Биз кыргызбыз, кыргыз тилинде сүйлөш керек!» деп түшүндүрүп атып кыргыз тилине тилдерин оодарганбыз. Ошол кичинекей кыздарыбыздын бири азыр 12, бири 11 жашта. Кыргыз, орус, англис тилдеринде окушат, бирок, дайыма үйдө кыргыз тилинде сңйлөшөт. Бирок мектептен байкадым, сабакка киргенге чейин да, сабактан чыккандан кийин да бардык окуучулар, болбосо кыргыз мектеп, баары орусча сүйлөшөт, телефондон орусча жазышат. Күйгөнүң кыргызча сүйлөп аткан баласына орусча сүйлөгөн ата-энелер бар! Айрым ата-энелер: «Орус тилинде мульфильм көрүп жатып эле орусча сүйлөп калды» дейт, айрымдар өзүнүн орус тилин билбегенин фобияга айлантып алып: «Мейли, мен орус тилин билбей кыйналдым, баламдын сүйлөгөнү жакшы» деп кубаттап кубанат. Демек, айып мамлекеттик деген макам алган улуттук тилибизде эмес, өзүбүздө, мамилебизде. Кыскасы, улутубуздун нагыз келечеги – назик балапан дүйнө балдардан башталат. «Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн» деп Байдылда атабыз айтканды балдарыбыздын, өзүбүздүн жан дүйнөбүзгө, аң-сезимибизге сиңире алсак, ошондо улуттук тилибиз “муктаждык, зарылдык жаралса гана” үйрөнө турган эмес, “Кыргыз тилин билбесең иштей албайсың, жарандык алыш оңой эмес!” деген заманга жараша талабы бар КЕРЕМЕТ, КУБАТТУУ ТИЛГЕ АЙЛАНАТ!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичтин маеги бу ШИЛТЕМЕде.