«Адамчигим, аман бол!» аттуу ырын Эрнис Адам эки жашка чыкканда (2007-жылы 13-июлда) жазыптыр. “Менин туулган күнүм 13-июнь, Адамчиктики 13-июль, Миэлланыкы 13-август. Миэлла байкемден 4 жашында, Адамчик атасынан 6 жашында калды. Эми эс тартты. Бул ырымды эми түшүнөөр…»,-деп калаар эле Эрнисим.
Адамчик, Эрнис байкеңдин сага арнаган 17 куплет ыры жөнөкөй саптардан куралган эмес. Мааниси терең. Туулган күнүң менен куттуктап, агаңдын эстеликке таштап кеткен ырын гүлдесте катары сунабыз! Бекем ден соолукта болуп, узак жаша! Кудай жаштан айтып 100 жашка чык! Эрнис байкең айткандай, «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам».
Адамчигим, аман бол!
(Мелис уулу Адамдын туулган күнүнө арнап)
«Бөбөктай, Адамчигим, Алеш Петрович!
Түшүнбөйсүң азырынча бул ырымды.
Ай-Күндүн алмашканын карачы бир…
Айтайын сага жалгыз бир сырымды.
Эки жаш – эки тамчы, эки ирмем,
Ээликкен дүйнө менен дүйнөсүң сен.
Шамал да сүйүнгөндөй түр калтырат,
Шанаңдап чуркап өтсөң көчө менен.
Ыйласаң ыйың балдай, ыйың – ыйык,
Ый эмес, ыр сыяктуу угулгандай.
А күлкүң кыткылыктап булак сындуу,
Ааламдын өзү сага кубулгандай.
А бирок анын баары сырткы келбет,
Апаңдын мээримине батып турган.
Бир учур аңтарылгыр жашоо келет,
Кудайдын ыйык сырын катып турган.
«Кудай ким?» деген собол жанды эзип,
Куушура мыкчып турган мезгил келет.
Курандын кучагында турса дүйнө,
Куураган жүрөк дайым элеп-желеп, элеп-желеп…
Күчүгүм, тээ алмустак кезегинде,
Күн менен Түн бир чулу болгон экен.
Күүсүн чертип Периште Жараткандын,
Күн менен Ай бир чулу толгон экен.
Бактарда булбул сайрап, күкүк сайрап,
Бакыттын кушу учуп көк асманда.
Эки жандык жашаптыр айры буттуу,
Эркелишип Теңирге көк астында.
Ошондо… Оомал-төкмөл дүйнө келип,
Обо Эне, Адам Ата жаңылган дейт.
Жаманды, жакшыны да тааный билип,
Жараткандын каарына кабылган дейт.
Асманда күн тутулуп, ай тутулуп,
Аңгырап аалам жашын төккөн имиш.
Жашоонун түбөлүктүү сыры болуп,
Жарык Нур тоо таянып, чөккөн имиш.
Ошондо… Калтырап дыржылаңач денелери…
Бир алма топ деп жерге бийик шактан.
Кудайдын каары менен куулган дейт,
Адам Ата, Обо Эне Бейиш Бактан…
Андан бери акты суулар, кылымдар,
Андан бери аалам канча силкинди?!
Башын байлап канжыгага кайдагы,
Баарына кас келе жатат бир Жинди.
Ал дүйнөнү, дүйнө аны башкарып,
Адамзатка зор кылтагын салыптыр.
Кыяматты күткөн пенде жок болуп,
Кылчайнашкан күчтөр гана калыптыр.
Өмүр менен Өлүм турат тирешип,
Өктөм мезгил өчөт, күйөт, жалдырайт.
Көкүрөккө чоктой болгон муз тоңуп,
Көөдөнүңдө Жалгыз Чындык калтырайт.
От-жалынды көздөй агат адамзат,
Оттой ысыйт ал Чындыктын денеси.
Кандай суулар кайсы жерге агылып,
Кайда токтойт Нух пайгамбар кемеси?..
Кечир, күчүк, Адамчигим, бөбөктай,
Келжиредим сен түшүнбөс нерсени.
Жаратканым Жарык сага тартуулар,
Жаңы рухту, ден соолукту берсе эми…
Анан, анан, анандыгын далилдеп,
Анан Чындык ачылсын бир барк улап.
Ажат ажар Еваңды ээрчитип,
Бейиш Бакка кирип баргын жаркырап.
Жароокердүү акылыңа сүйүнүп,
Жаратканым тосуп алсын өзүңдү!
Эки жашар Адамчигим аман бол! –
Эйниш байкең» — деп бүтүрөм сөзүмдү…
Эрнис АСЕК уулу
13-июль, 2007-жыл
One thought on “Эрнис АСЕК уулу: «Адамчигим, аман бол!»”