«Ата, биз келдик. Туйдуңузбу?» (Видео)

«Ата, биз келдик. Туйдуңузбу?» (Видео)

Кызыл-Тууга жол тартып… (Кγндɵлγк)

Кайрадан кγндɵлγк ачылды, эскерγγ жазылды. Ɵх, ɵзγ айткандай, «элде жок эсте кала тургандай кγйɵɵм бар эле да…»

Журналист, котормочу, акын жолдошум Эрнис АСЕК уулунан (1970-2020) ажыраганыма 3 жыл 5 ай 16 кγн болду. Туулган кγнγ 13-июнда мγрзɵсγнɵ барып, куран окутуп келем деп жылда эле тилек кылганым менен сааты чыкпай келген. Быйыл убакыт-сааты чыгып, аман-эсен барып келдик: Асел жеңем, Адамчик, Тат, Бегимай болуп… Кечээ (15-июлда) жолдошумдун туулган жери —Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылына барып, куран окутуп келдик. Баратканда, келатканда 6 сааттык жолдо эмне гана ойлор келген жок. Машинанын эки четинде отурган кызың Бегимай экɵɵбγз терезени тиктеп, ортодо отурган балаң Тат ойлуу бараттык… Кимибиз эмнени ойлодук, баары ичибизде…

Рулда Мелис байкенин кичγγ улуу Адамчик. Жанында алтын апасы – жеңем. «Эрнистин бейитине давлениянын айынан жетпей жγрɵм, мγрзɵсγнɵ жалгыз калып сγйлɵшγп, кое берейин (кое бере албай келатам) дегем… куран окутуп келейин» деген тилегим бар. Балдарды алып барып келели» деген бир ооз сɵзγмдγ жерге калтырбай, барды… «Микуля (Миэлланы ушинтип эркелетет) мектепти бγтγп, Польшага окууга кеткенге документтерди даярдап жатат. Ошондон Ат-Башыга бара албай калды» деген жеңеме атасынан 4 жашында ажыраган кызына, 6 жашында калган баласына чет жерден билим алуусуна  мγмкγнчγлγк тγзγп келечегине кам кɵрγп жаткан жеңеме ичимден ыраазы болуп бараттым…

Адамчик менен Польшадагы билим берγγ, маданият тармагын, аба-ырайы, тамак-аш, жаратылыш, суу, тил маселеси, адамдардын мамилеси тууралуу учкай сγйлɵштγк… Чет мамлекетте окуп, билимин тереңдетип жаткан Адамчик каникулга 10-июлда келген. 13-июлда туулган кγнγ болду. Туулган кγнγн эстегеним, Эрнистин: “Менин туулган күнүм 13-июнь, Адамчиктики 13-июль, Миэлланыкы 13-август» деп кубанып айтканы, 2007-жылы туулган кγнγнɵ арнап «Адамчигим, аман бол!» деп жазган ыры оюма тγшγп, ичимден мен дагы «Аман бол! Ɵмγрγң узун болсун!» деп бараттым…

Анан айылыңа сени менен чогуу уулуң Тат, кызың Бегимай болуп барган кγндγ, тамашалап айткан сɵздɵрγңдγ эстеп кγлдγк. Тамашакɵй эмес белең… «Кызымдын айтканын аткарайынчы. «Чоң апамдын мγрзɵсγнɵ барып келели» деп суранып жγрɵт. Бегимайды апам баккан да, эрке кызы болчу… Апамдан ажыраганда кызым куса болуп сагынып жγрдγ… ошондогу абалын эстесем жаман болуп кетем… » деп кɵзγңɵ жаш алдың эле…

Бегимайдын чоң апасына арнап жазган ырын сага алып келип окутканын, аны «Ак ыр» деп рубрика коюп, датасы, саатына чейин жазып, сактап койгонуңду эстедим.

Ак ыр

Алтын чоң апама

Алтын чоң апам менин, кайдасың?
Сагындым сени жакын адамым,
Кичинемден эркелетип жакшы көргөн…

Менден эч бир мээримин аябаган,
Кежирленсем да, эч тажабаган,

Чоң апам, апакем, ай,
Билинбей ооруп кеттиңиз.
“Апаң жок” десе дагы, түшүнбөдүм.
Атам ыйласа, мен да жашымды төктүм.
Бирок, эмнеге билбедим…
Эч нерсе түшүнбөй жүрө бердим…

Сизди алып чыкканын көрдүм…
Артыңыздан барайын десем,
Эркинай коё бербеди.
“Чыкса — болбойт” деп мени жибербеди.
Ошол бойдон сизди көрбөдүм.

Сүрөттөн көрүп сагынып олтурдум…
Сиз берген мээримиңиз менен
Мен да баарына мээрим тартуулап жашап келем…

Бегимай ЭШИМКАНОВА (11. 04. 15. 16:50, ишемби)

Бегимайдын ушул ырынан кийин, ошол эле жылы (2015-жылы) жайында суранычын ишке ашыргансың… Барарыбызда Руслан иниңден аба ырайын сурасаң, кайним да жɵн турбай: «Суук, жылуу кийимиңерди ала келгиле!» деп койгон экен, анын тамашасын тγшγнгɵнγң менен, балдарым γшγп калбасын деп «Жылуу кийим алгыла!» деп Татка чалгансың. Анан бир аздан соң: «Балдарым суук деп койсом жγк кылып кышкы топу, пальтолорун сумкаларына салып албасын…» деп кγлγп кайра чалгансың…

«Рахмат, Улаке!»

Ошондо Кызыл-Тууга барарыбызды угуп калган Улан акем (кайын агам, Эрнис экɵɵнγн чоң аталары бир тууган) γй-бγлɵсγ менен бизди биротоло отко киргизип коелу деген тилек менен тарыхый комплекс Таш-Рабатка, Арпа, Ак-Сай, Босого жайлоолоруна чейин алып барып аябай сыйлаган. Ырдап, бийлеп, волейбол ойноп, сууга тγшγп, тоого чыгып, самоор чайын ичип, отко бышкан кой этин жеп аябай жакшы эс алганбыз…

«Кайын журтума ушундай кооз жерлерди, Таш-Рабатты (айылга барганда Жакып атам (атамдын агасы) «Укмуш уламыш айтылган айтылуу Таш-Рабатты кɵрсɵк…» дегенде, «буйруса, кɵрсɵтɵм» деген эле) кɵрсɵтγп, сиздерди тааныштырсам жакшы болот эле. Ага шарт болбой жатпайбы…Мелис байкем болгондо куда-кудагыйларын качан эле алып келип салмак…» деп Эрнис кɵзγнɵ жаш алганда, акем: «Ой, Эрнис, капаланба! Эмки жылы (2016-жылы, август айында) таластык куда-кудагыйларды алып келебиз, сыйлайбыз. Баары менден, мен сыйлайм, куда-кудагыйлар менен таанышабыз!» деп айтканда, «Рахмат, Улаке (акемди ушинтип айтчу), рахмат!» деп кɵзγнɵ жаш алды эле…

«Тиги дγйнɵдɵ Имашка жолуксаң керек» …

Анан эле, кырсык айтып келбейт экен… кийинки жылы, дал ошол айда — августта акемдин кичγγ уулу Имаш жол кырсыгынан каза болуп калып жатпайбы… Жаман кабарды уккан Эрнис «жапжаш эле, он гγлγнγн бири ачыла электе эрте кетип калды» деп кейип, кɵпкɵ чейин жаман болуп жγрдγ. Акемдин уулун сагынып жазган армандуу ырын окуп, аябай ыйлаган… Мен да ыйлагам… А чынында Имаш ыйлай турган жигит болчу. Адамда кандай жакшы сапат болсо, ошонун баары анда бар болчу. Жакшы ырдачу…

«Сага жеңең экɵɵбγз продюсер болобуз» десе, жылмайып коер эле… Эми минтип экɵɵ тең жок. Аттиң, арман! «Эрнис, Имашка жолуксаң керек, бул жакта ишке ашыра албай калганды ошол жактан аткарып жатсаң керек» деп калам ичимден…

Акем жакшылыгынан калтырбай чакырып Ат-Башыга кɵп бардык. Бу сапар да баратканыбызды угуп калып, γйγнɵ сыйлайм деп чакырды. Убакыттын тардыгына байланыштуу (убактыбыз бири-бирибизге туура келбей) жолуга албай калдык.

Акем, жеңем абдан жакшы адамдар. Эрнистен ажырагандан кийин да бизди унутушкан жок. Эрнистин эскерγγсγнɵ (2021-жылы, 25-апрелде келип куран окутуп кетишти), Мелис байкенин эскерγγсγнɵ (2022-жылы 9-январда) да келишти. Кызы Нурзана жеңелеп кγн алыс телефон чалып, акыбалымды сурап турат. Нурзана да жакшы ырдайт, дегеле γй-бγлɵсγ менен жакшы ырдашат.

Элмира жеңем (Эмиш жеңем дечγ Эрнис) отко киргизгенде, жайлоодо Эрнистин тиши ооруп басылбай жатканда, колуна чеснок байлап берип койсо, басылып калган… «Жеңе, колуңузга береке, биоток бар окшойт, басылып жаным жыргап калды» деп Эрнис кубанса, «Береги ее, она тебя очень любит» деп айтыптыр… «Сенин мага болгон сγйγγңдγ байкап коюптур, жеңем» деп кубанып айтты эле…

Эрнистин да колунда биотогу бар, касиети кγчтγγ адам эле. Бир нерсени алдын ала айтып койчу. 2020-жыл жаман жыл болоорун да айткан. Ошондой эле болбодубу… ошол жылы ɵзγ да, бир топ адамдар кетип калбадыбы… Куураган коронавирус каптап, кайгыга салып кетти…

Эрнис ɵтγп кеткенде айткандарын эстеп, андагы сγрɵттɵрдγ карап, видеолорду кɵрγп ыйлап жγрдγм. Эки айдан кийин акеме кайрылып, эскерγγ жазып берγγнγ сурандым. Бат эле жазып салып жибериптир…Ал эскерγγдɵ кайын атам, кайын энем, кайын агам Мелис байке жазылган.

Эскерγγнγ окуп алып Таш-Рабатка кирип, ичиндеги бɵлмɵлɵрдγ кайра-кайра санаганыбызды эстедим. 40-41 болуп саны бирдей чыккан эмес. Эми бул боюнча уламыш айтылып жүрөт.

Ал уламышты Эрнис да айтып берип, 20 сомдун 1-бетине акын, манасчы Байымбет Абдырахман уулу (Тоголок Молдо (1860-1942), 2-бетинде тарыхый комплекс Таш-Рабаттын сγрɵтγ тγшγрγлгɵнγн, тарыхын айтып, «акчаны кармаган соң, бетиндеги сγрɵттɵрдγ карап, тарыхын биле жγргγлɵ» деп айтты эле. Эрнис ушундай адам эле, кайсы жерге барбайлы, кайсы жерде жγрбɵйлγ, ар нерсенин  тарыхын жɵнɵкɵй, жатык тил менен айтып берип, жан дγйнɵңдγ илимге сугарып салчу…

«Тумтак бир ойлор келип, Турабы жүрөк канап?..»

Ушундай адам тууралуу жазуу, ушундай адамсыз айылына баруу, чынында ɵтɵ оор… Эртең Кызыл-Тууга барабыз деген кγндγн тγнγндɵ жγрɵгγм сыздап, ооруп уктай албай чыктым. Андайда таң да атпай калат эмеспи… Эртеси айылына аман-эсен жеттик. Бейитине барып, кайын атам, кайын энем, болгон туугандарына, Эрниске багыштап куран окудук… Анан жалгыз калдым.

«Көрүмө келдиңби, сен?

Келдиңби куран окуп,

Умсунтуп өткөн элес,

Убайым убал токуп?

Желаргы чачың сылап,

Жебелер мүнөт санап,

Тумтак бир ойлор келип,

Турабы жүрөк канап?..» деген «Эмесмин…» аттуу ырыңдагы ушул саптардай, тумтак бир ойлоп келип, жγрɵк канап турганы ырастыгын айтып, «Эрнис, мен келдим, туйдуңбу?» деп, ага болгон сагынычымды, кусалыгымды айтып ыйладым…

Бул жакта мени, сени колдогондорду, ыр жыйнагы «КААЛГА», «Мелис менен Эрнис» китеби чыгып, аны классташтарына, кошуналарына ала келгенибизди айттым…

Эже, иниңдин кыздары (Мунара менен Эмилия) турмушка аттанганы жатканын да айтып, «бир гана сен жоксуң…» деп боздодум… Сен тууралуу билбеген анча-мынча «жаман адамдар» туура эмес маалымат жазгандардын аттарын айтып, арызданып да алдым.

«Бетиңди чымчыктар булгап кетиптир» деп тазаладым да, «Бизге да чымчык чычаар, биз дагы максатыбызга жетебиз» деп жакшылыкка жоруп айтканыңды эстеп, кайрадан кɵздɵн жаш агып… Шашылыш болбосо эки-γч кγн калат элем, дагы келет элем сага. Дагы сγйлɵшɵт элем. Айла жок, кетγγгɵ туура келип жатат. «Кош бол, алтыным!» деп таштагы сγрɵтγңдγ ɵɵп, жамынып жаткан боз топурагыңды сылап коштоштум… Арман, арман! Жаткан жериң жайлуу болсун, көрүнбөгөн периштем!

Акыркы аманат

Тат, Тɵлɵгɵн, Адамчик, ага-ини эки атанын учугун, тукумун улантчу γчɵɵңɵрдγн ɵмγрγңɵр узун болсун! 100 жашка чыгып, аталарыңардын урпагын кɵбɵйткγлɵ! Башыңар эч качан кемибесин, кɵбɵйсγн! Ɵмγр бою бири-бириңерге ɵлɵк-жɵлɵк болуп, катташкыла! Бул Эрнистин тилеги болчу … аманаты болчу…

Назира СААЛИЕВА

P.S. Кызыл-Туудагы γйдɵ жашап, иштеп, дайыма бизди тосуп алып, жɵнɵткɵн кайним Руслан менен келиним Сγйγн тууралуу ɵзγнчɵ кеп. Ал китепке кирди. Кайнимдин эскерγγсγ да бар, ал жакында жарыяланат. Эскерγγлɵр алгач Эрнисим негиздеп кеткен «Алакан» сайтыбызга чыгып, анан «Эрнис АСЕК уулу» аттуу китепке кирет. Китеп даярдалууда…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.