Жаңы Ак үй имаратынын курулушу, ага «Манас айылынын» 5 сотых жеринин алынышы, Илим жана бизнес эл аралык университетиндеги студенттердин “дайынсыз кеткен” окуу төлөмдөрү, Чүй мектеп-интернатынын мугалимдерине делген 15 батирлүү үйдүн токтоп турган курулушу, кыскасы, ушундай бир катар чуулгандуу иштерде аты аталып жүргөн жеке ишкер Нургалы Асаналиев менен жүзмө-жүз маек курдук. Маегибиз «Манас айылын” жаңылоого жарыяланган сынактын жакында эле жыйынтыкталышынан башталды.
Нургалы АСАНАЛИЕВ: «Эки жыл 170 мугалимдин айлыгын өзүмдүн чөнтөгүмдөн төлөдүм…»
— Нургалы мырза, «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо үчүн мыкты эскиздик долбоорго сынак жарыяланды эле, кабыл алуу аяктаганын «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгы кечээ жакында билдирди. Бул сынакка сиздердин да долбоор катыштыбы?
— Жок. «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгынын маалыматына караганда, сынакка 14 долбоор сунуш кылыныптыр. Менимче, реконструкциялоо иштерин жүргүзүү маселеси буга чейин деле бир нече жолу көтөрүлүп, сынак да жарыяланып келген. Бирок жыйынтыгы эмне болгону айтылган эмес. Бул жолкусунун жыйынтыгын күтө туралы.
Негизи эле «Манас айылынын» курулушунун таржымалы тээ Аскар Акаевдин бийлигине барып такалат. 1995-жылы Талас облусунда «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналган мамлекеттик иш-чара өтпөдү беле. Ошого карата Апас Жумагулов тогуз гектардай аянтка «Манас» этнокомплексинин босогосун шашылыш курдурта калган экен. Шашылыш салынгандан ушундай акыбалга келди да.
Негизи президенттер экиге бөлүнөт: жаратман жана талкалагыч. Жаратмандар жоктон бар кылат. Садыр Нургожоевич жаратман болуп, жаңы Ак үй салдыруу жана «Манас айылын” жаңылоо маселесин көтөрдү окшойт. 25-апрелде «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде «Манас айылы” жаңыланарын айтканын уккансыздар. Анан эле «Манас айылынын” канча бир жери жаңы салына турган Ак үй үчүн алынат” сындуу сөздөр чыгып жатканынан, президент ал жер эч кимге берилбей турганын, «Манас айылы” турган жер менен жаңы Ак үй салынчу жердин чектери жакын болгондуктан, ошол чектер гана иретке келтирилип жатканын билдирген. «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин мурдагы башчысы Дөөлөт Сыдыков чыр чыгарып, коомчулукка чуулгандуу кеп таратпаганда бул маселе качан эле оң жагына чечилип калмак.
— Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун журналисттерге берген маегинде «Нургалы Асаналиев чыр баштала электе эле мага келип, «Мен президенттен келдим, бул жерге Ак үй курабыз» деп айткан» деген. Бирок сиз негедир ага убагында жооп кайтарган жоксуз. Эмнеге?
— «Чын чычалайт, калп камырабайт» деп кыргыздын жакшы макалы бар. Дөөлөттүн айтканын баары чындыкка дал келбейт, калп. Анткени ал жалган маалыматтын баарын байма-бай таратып жатты. «Манас айылынын” 5 сотых жерин басып алгысы келгендер: Марат Турсунбеков, Дамирбек Асылбек уулу жана Нургалы Асаналиев, үчөө тең президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна катышкан” деп, менин дагы атымды атап жатты. Мен Дамирбек мырзаны тааныбайм.
Ал эми Ак үйдүн курулушу боюнча мындай болгон. Мурунку бийлик мага акча карыз болчу. Ошону азыркы президентке кабардар кылып коеюн деген ниетте Садыр Нургожоевичке баргам. 2008-жылы, анда Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев болчу. Ал киши менен Москвада жолугуп калганбыз. Ошондо ал ИИМ имаратынын эскилиги жетип калганын, жаңы имарат куруу керектигин айтып, колдообузду суранган. Биз макул болуп, 12 миллион долларга жаңы имарат курулмак болду, анын 7 миңи бекер, 5 миңи кайра кайтарылмак.
Анан эле 2010-жылдын 7-апрелинде революция болуп кетти. Бийлик башына Убактылуу Өкмөт келди. Жаңы имараттын лентасын Роза Отунбаева кести. Анын каражаты тууралуу сөз болгон да, айтылган да жок. Кайра бизди Бакиевдерге чаптап, каралап, суракка алышты. Ошондон бери эле суракта келатам. Бир дагы кылмыш иши аныкталган жок.
ИИМдин жаңы имаратын курууда кайтарылбай жүргөн 5 млн. доллар маселеси боюнча президентти кабардар кылайын деген максатта, бир чети Садыр Нургожоевичке учурашып коеюн деп баргам.
Мен барганда кабинетинде Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бар экен. Болгон иш боюнча айтсам, курулуш жагынан тажрыйбаң бар экен деп, Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна жаңы Ак үйдү салуу боюнча сүйлөшүп жаткандарын айтып, “ушул боюнча сен дагы ойлонуп көрчү” деп сунуштап калышты. “Сен салып бер” деген жок президент, “ойлонуп көрчү” деген гана сунуш айтылган. Анан мен айтылган дарекке барып баарын көрдүм, эми эскилиги жетип, кулайын-кулайын деген авариялык абалда экен. Аны колдонуу мүмкүн эмес, урап калышы мүмкүн эле. Анан чатырына чыксам эле “Манас айылы” көрүндү. Аны эзелтен берки таанышым Дөөлөт жетектейт эмеспи, президенттин сунушун айтайын, чогуу-чаран иш алып бараттырбыз деген жакшы ниетте жолугалы деп чалдым. Ал ана-мына деп бошобой жатып бошоп, “кафеден жолугалы” деди. Макул болуп, болжошкон жерге барып күтүп отурсам, ал аялы менен келди. Менин сунушум аларга жаккан жок.
— Дөөлөттү эзелтен берки таанышым деп жатасыз, качантан бери таанышсыздар?
— Мен бир учурда “Каганат» партиясын негиздегем. Дал ушул партиянын тизмеси менен Дөөлөт Сыдыков 2010-жылдагы парламенттик шайлоого ат салышкан. Тизмеде 3-орунда болчу. Ошондон бери жакшы тааныш болгон үчүн гана кайрылгам. Бирок, ал менин сунушума көнбөй, “өзүмдүн долбоорум бар” деп жомоктогудай чийилген долбоорун көрсөттү. Көрсө, ал долбоору КГУСтада окуп жүргөндөгү курстук иши экен. Студент кездеги кыялын ишке ашырайын десе керек. Анын айтканы боюнча 40 кабаттуу имарат темирден салынышы керек экен. “Муну курганга мамлекеттин чама-чаркы жетпейт, кел, ыңгайлуу эле долбоор чийип, чогуу иш алып баралы” дедим. Такыр көнбөй койду. Эми ал жерге имаратты куруу мамлекеттин иши да, туурабы? Ал жер меники же Дөөлөттүкү эмес. Ошондон баштап эле мага душман болуп алып, “басып алган жатат” деген жалган маалыматтарды таратты. Бул иш боюнча, «Манас айылын» жаңылоо боюнча алдыда жасала турган иштер боюнча маалымат берейин деп, президент да чакырды го, барбай койду. «Администрациялык имарат жагына 4-5 сотых жери кирип кетип жаткан болсо, “Манас айылы” күн батыш тарабынан 7-8 гектар жерге чоңоюп жатат. Ал жакка «Манас театры» кеңсеси менен кошо салынып жатканын көрсөтөйүн деп чакыргам. «Манас айылына» үч кабаттуу боз үй, андан тышкары, бир топ боз үйлөр, театр салынып жатат. Муну көрсөтөйүн дегем» деди го Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.
— Ошондо силер тараптан басым-кысым, коркутуу болгон жок беле?
— (Күлүп) Жок, болгон жок. Дөөлөт Сыдыковго карата кысым болбогонун президент да, Эдил Байсалов да, Маданият министри да айтты го. Анын андай кадамын, президент айткандай, пиар катары эле кабыл алдым. «Катуу айтсам кечирип койгула, манасчы экен деп жүрсөм, көрсө, манасчы эмес эле пиарчы экен. Эч ким куугунтук кылган жок жана кылбайт дагы. Бир тал чачы түшпөйт. 100 пайыз кепилдик берем. Бул менин президенттик сөзүм» деп Садыр Нургожоевич кепилдик берди го. Кыргызстанга кайтып келе берсин да, эч ким тоскоол болбойт, кайра мекенибиз кучак жайып тосуп алат.
— «Рыжий» Марат менен коркутканыңар» боюнча кептерчи?.. Аны тааныйсынар да?
— (Күлүп) Жок, андай эч нерсе болгон эмес. Марат мырза менен тааныштыгым бар.
— Президентке учурашканы барганыңызды жогоруда айттыңыз, тааныштыгыңыз мурда эле бар беле?
— Жакындан тааныштыгым жок эле. Эки жолу гана жолуктум. Биринчисинде, жогору айттым го, ИИМ имараты боюнча. Экинчиси — Жаңы жылдын алдындагы жолугушуу. Анда интернаттагы жетимдерге үй куруу маселеси боюнча барып, «пайдубалына капсула салып берсеңиз» деп кирген элем.
— Дал ушул иш боюнча да атыңыз аталып, президент капсула салган боюнча курулуш иштери уланбай жатканы жазылды. Маалымат үчүн тактасак, Чүй облусунун Ак-Бешим айыл округуна караштуу Жаңы-Жол айылына салына турган турак үйдүн курулушуна президент барып капсула салып кеткен. Ал Чүй мектеп-интернатынын мугалимдери үчүн салына турган 15 батирлүү үй болмок деп айтылып да, жазылып да кетти. Эмнеге токтоп калды?
— Биринчиден, жогоруда айттым го, жетим балдарга үй куруп берели деген максатта президентке баргам деп, аны айрымдар “мугалимдерге” деп бурмалап алышыптыр. Туура, ал жерге 2021-жылдын декабрь айында президент келип, пайдубалынын капсуласын салып кетти. Курулуш иши негизи жазында башталмак. Ал боюнча жетимдер интернатынын директору менен келишим түзүлгөн. Бул ишти ошол кишинин суранычы менен баштаганбыз. Тактап айтканда, ал мага 30 жылдан бери жетимдер үчүн үй салынбаганын айтып кайрылган. Ал жерди өз көзүбүз менен барып көрүп, балдарга гуманитардык жардам бердик. үй салуу сунушубуз Билим берүү министрлигине да, Ак үйдүн администрациясына да жакты. Жетимдерге үч кабаттуу 18 батир салынат. Учурда иш жүрүп жатат, азыр эки кабаты бүттү. Жаңы окуу жылына чейин бүтүрсөк деген тилек бар болчу, кризистен улам мөөнөтү жылып калды. Ушул жылдын аягына чейин бүтүрөбүз деп убада берип жатабыз. Интернатта окуган балдар бир туугандай жашап, кийин да катташып калышса деген аруу тилек менен баштадык бул ишти. Мен куруучу эмесмин, экономистмин. Инвестор тартуу жагынан гана жардам көрсөтөм.
— Ак үйдү салганга инвестор тартып келүүгө көмөктөшүүгө чакырса барасызбы?
— Албетте, мамлекетке кызмат кылууга дайым даярбыз. Башынан эле долбоор менен катышуу ниетибиз болгон. Анан эле ызы-чуу болуп кетип, бул иш токтоп калбадыбы.. Ызы-чуудан кийин президенттин да көңүлү калды окшойт. Элдин талабына президент да, биз да каршы чыга албайбыз да. Бирок, бир нерсени баса белгилеп айтып коеюн, ызы-чуу көп боло берген мамлекетке оңой менен инвесторлор келбейт. Россияда көп жүрдүм. Ал жакка барып деле, инвестор тартып, долбоорлорду ишке ашырсак болот. Өзүбүздүн мамлекеттин саясатын колдойлу, колдон келишинче жардам берели деген ак ниетибиз бар. Жогоруда биз сөз кылган ИИМ курулушундагы 5 миң доллар кайтса, ал акчага окуу жай курабыз деген ниетибиз бар болчу. Убагында кайтканда, 12 жыл мурун эле ИИМдин эски имаратынын ордуна окуу жай салынып калмак. 12 жылдан бери ИИМде 8 министр алмашты. Бири да бул маселе боюнча түшүнгүлөрү келбейт. Бир гана Акылбек Жапаров аласабызды чечебиз деген.
— Окуу жай демекчи, Бишкектеги Эл аралык илим жана бизнес университетинде окуган индиялык студенттер келишим төлөмдөр боюнча үстүңүздөн арыздангандай болушту эле…
— Бишкектеги ЖКББМ Эл аралык илим жана бизнес университетинин негиздөөчүсүмүн. Бул окуу жайы 2016-жылы ачылган. Бизнес, экономика жана медицина багытында студенттер келишим менен окуп, билим алышат. Чет өлкөдөн көбүнчө медициналык факультетке көп келишчү. Башында медицина боюнча бир эле факультет ачкам. Ал мындайча болгон. 2016-жылы бир индус бала келип, ачалы деп суранды. Анын сунушуна көнбөй койсом, күндө телефон чала баштады. Акыры ынанып ачып, лицензия алуу үчүн Билим берүү министрлигине кат менен кайрылгам, «эки жарым миң студентти окутууга мүмкүнчүлүк бар» деп. 170 мугалимди ишке алганбыз. Келишим боюнча окууга каражат төлөй турган 120 студенттен да акча чогулбай калды. Алар 2-курска чейин төлөшкөн жок. Эки жыл 170 мугалимдин айлыгын өзүмдүн чөнтөгүмдөн төлөдүм. Студенттер жаңы жыл алдында сабакка да келбей коюшуптур. «Сабакка келбесе, акчасын төлөбөсө… келишим бузулду» деп ректор аларды окуудан четтетип салыптыр. Мен болгону аталган университеттин негиздөөчүсүн. Ректор, проректор башка. Анан алар жайында менин атымды атап, «окуудан четтетип салды» деп арыз жазышат. Ал арыздын негизинде мага иш козголот. Тергөөчү «кылмыш жок» деген тыянак менен ишти жабайын десе, прокуратура каршы болуп, кайра суракка чакырат.
«Болуптур, бул иш териштирилгенче, ызы-чуу басылганча мени камай туруңуздар» деп өзүм сурангам. Мага козголгон иш дыкаттык менен иликтенип, 45 студент суракка алынды. Алардын ар бири котормочу аркылуу сүйлөшкөндө гана кашкайган чындык чыга келди. Көрсө, алар түшүнбөй эле жазылган кагазга кол коюп берип коюшуптур. Аны өздөрү моюндаптыр, «Биз ортомчуга алданыптырбыз. Ага берген акча окуу жайга төлөнбөптүр» деп. Ошондон улам, бул иш кыскарып, мен бошотулгам. Ал боюнча убагында жазылды го, Кыргызстанда өз жердештерин «окууга өткөрүп берем» деп алдаган пакистандык жана индиялык бир нече адам кармалды” деп. Акыры акыйкат орнойт экен. Азыр да менин атым аталып жаткан иштин баарын өзүңөр текшерип көрсөңөр болот, эч бир жерде кылмыш иши жок.
— Сиз тууралуу Интернеттен издесек, эч бир жерде толук бир өмүр баяныңар жок экен. Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз, үй-бүлөңүз, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз…
— (Күлүп) Аты-жөнүм — Асаналиев Нургалы Сагынбекович. 46 жаштамын. 1976-жылы 22-мартта Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында төрөлгөм. 9 бир тууганмын. Былтыр эжебиз каза болуп калып, сегизибиз калдык. Апам Сакен Абдыкадырова 75 жашта. 1947-жылы 25-майда төрөлгөн. Баатыр эне, тогуз уул-кызды төрөп, багып чоңойтту. Атам Сагынбек 1940-жылы 15-сентябрда төрөлгөн. Оргочор сыноо станциясында асыл тукум кой чарбасында башкы чабан болуп иштеп, ал кездин кеби менен айтканда, Совет элинин бакубат жашоосу үчүн кылган ак ниет эмгеги үчүн деп Советтер Союзунун орден, медалдары менен сыйланды, Социалисттик эмгектин баатыры наамына эки жолу көрсөтүлдү.
Чоң атабыз Асаналы Молдосанов Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу. 1943-жылы каза болуп, согуштан кайтпай калган. Сөөгү Россиянын Брянск облусунун Семенова айылына коюлган. Согуштагы көрсөткөн эрдиктери, каармандыгы үчүн СССРдин орден, медалдары менен сыйланган. Чоң апабыз Зулайка Бекболотова 1905-жылы төрөлүп, 1982-жылы каза болгон. Согуш маалында орукта иштеп, Оргочор совхозунда эмгектин мыктысы болгон. Менин атам чоң ата, чоң апабыздын жалгыз уулу болуптур. Убагында Москвага окууга барган экен, «Балаң болду эми келбейт» деп коюшкан экен бирөөлөр чоң апама, чочулап, «окубай эле кой» чакырып алыптыр (күлүп). Ата-энеден жакшы тарбия алган ата-апабыз бизге да жакшы тарбия беришти. Баарыбызды жогорку билимдүү кылышты. Мен 1983-жылдан 1987-жылга чейин Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатында окудум.
Андан соң Бишкекке келип, Алыкул Осмонов атындагы орто мектептен (1987-1993-ж.ж.) билим алдым. Бул мектептин ачылышына айтылуу Чыңгыз Айтматов келип, лентасын кескен. Жогорку билимим бар, «Башкаруу ишмердиги» адистиги боюнча жогорку экономикалык билимди алып, кесибим — экономист. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн запастагы офицеримин. Үй-бүлөлүүмүн, 7 балам бар. «Каганат» коомдук кайрымдуулук фондунун, ЖКББМ Эл аралык илим жана бизнес университетинин жана «Каганат» партиясын негиздегем. 1993-жылдан тартып жеке ишкерлик менен алектенип келем. Ишкерликти союз кулагандан кийин баштагам. 2008-жылы Москвага барып бизнес кылдым. Ошол жылы Молдомуса Конгантиев да барып калып жогорудагы маселени сүйлөшкөнбүз да.
— Бизнести эмнеден баштадыңар эле? Эмне сатып, эмнени ташып барчу элеңиз дейм да?..
— Эми союз кулагандан кийин көпчүлүк эл ар кайсы өлкөгө иштеп кетишпедиби… Бизнес кылышты дегендей. Буттан турдук, кайра жыгылдык дегендей, эл көргөн түйшүктү биз дагы көрдүк. (Күлүп) Эмнени гана саткан жокпуз, анын үстүнө ал учурда эмне сатсаң, ошонун баары өтө берчү… Өйдө-төмөн турмуш менен жашап келатабыз. Ачыгын айтканда, 2010-жылдан бери туңгуюкка такалып, бизнес бир аз аксап турат. Бирок, бул убактылуу деп ойлойм. Кудай дагы жакшы көргөн адамына сыноо жиберет турбайбы. Бул сыноодон да ийгиликтүү өтөбүз, жеңебиз деп ойлойм!
Маектешкен Назира СААЛИЕВА