МАЕК — Жеңишбек ЭДИГЕЕВ: «Коңгуроолор биз жөнүндө кагылууда»

МАЕК — Жеңишбек ЭДИГЕЕВ: «Коңгуроолор биз жөнүндө кагылууда»

«Сапарлаш», «Дайралар артка агышпайт», «Көк дептер» аттуу китептердин автору, «Агым», «Бишкек таймс» гезиттеринде иштеп, кийин «Де-факто» гезитин ачкан белгилүү журналист Жеңишбек Эдигеев менен азыноолак маек курдук. Алгач маектешибиз тууралуу маалымат берсек, ал 51 жашта. 1971-жылы 20-мартта Нарындын Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин журналистика адистиги боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү. Учурда үй-бүлөсү менен 14 жыл мурун башпаанек тапкан Швейцариянын Женева шаарында жашап, эмгектенип келет. Жубайы белгилүү журналист Чолпон Орозобекова экөө үч кыздын ата-энеси.

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ: «Жалгыздык бүлүнткүч эмес, ал жараткыч келет»

«Көк дептерде» көп кептер бар» деп группалашың Нурлан Калыбеков айткандай, көп нерсе жазылыптыр… Өзгөчө устатың, айтылуу Мелис Эшимканов тууралуу көп кеп кылыпсың…

— Дегеле дептер деген сөзгө бу дүйнөнүн көп нерсесин батырса болот. Көп нерсе батса деп атайын дептер сөзүн пайдаландым. Эми да көргөнүмдү жана көргөнгө жетишпей кала турганымы да жазсам деймин…

Ооба, бул китебимде Мелис байке Эшимканов тууралуу көп нерсе жазылды. Анткени Мелис байке негиздеген «Агым» гезитинде «Көк дептер» рубрика катары башталган. Анда кыска-нуска ойлорум жазылчу. «Асаба», «Агым» гезиттин стили кыскалык болчу. Анда Кубатбек Жусубалиев, Алым Токтомушев, Мелис Эшимканов, Эрнис Асек уулу кыска жазышчу, алардын стили ошондой болчу. Алар мага мектеп болду. Бирок менин стилим башкача, ал бул китепте байкалат. Кыскасы, «Агымдагы» рубрикам китепке айланып отурат.

Мелис байке, Эрнис менен бир эшиктен кирип, чыгып, бир дасторкондон даам сызып, аралашып, жакындан  иштедим. Биздин журналистика экөө аркылуу дагы бир ирет революция жасоого жетишмек эле… Кыргыздын катарынан мына ошого тете эки күч жаштайынан кемип калды. Азыркы аксап турган коомго, азыркы тузу кем журналистикага алардын калеми керек болчу… Анткени алар эки (кыргыз, орус) тилде жаза алган мыкты журналисттер эле…

Жакшы өлүм деген жок, бирок, жаш өлүү – бул чындап арман. Коомдон ак карга сымак бөлүнүп, таланты батпай тургандардын арабыздан кетиши – андан бетер арман экен. Экөөнү тең алыстан уктум. Топурак буйрубаган менен тоодой сөзүм экөөнө буйруду, эми да эскерүүдөн эстелик куруп келем. Жашоонун боору таш бир агымы болот экен: кечээ эле уккан кулагыңа ишене албаган каргашалар — жылдар өтүп тириликке басылып, унутула берет экен… Мен же алар андай эмес, мезгилдердин бүктөмдөрү ошондой. Эки асыл адамдын эң акыркы сапарын кол менен көтөрүшө албасам да, салмагы таш оюм менен көтөрдүм. Адамга кызмат кылышуунун түрү көп: жакын жүрүп алыс болгончо, алыс жүрүп жакын болуу — ал да кызмат.

— Эрнис эзелтен эле «Жалгыздык» деп көп жазыптыр… Бирок, мааниси терең… «Жалгыздыкты» сен кандай чечмелейт элең?

— Ойлонуп, изденип, арга издеп аткан ирмемдин баары – жалгыздык. Жалгыздык бүлүнткүч эмес, ал жараткыч келет. Турмушумда жалгыздыктай сырдуу жолдош күткөн жокмун…

— Жашоо деген эмне?

— Жашоо деген эртең менен туруп, асман менен учурашып, «баары жакшы!» деп күбүрөнүп алып дүкөнгө нанга баратканың…

— Сүйгөнүң менен да аман-эсен учурашкан кандай жакшы! Сүйүүнү убакыт менен өлчөсө болобу?

— Ооба, мисалы мен сүйүүнү убакыт менен өлчөйм. Сүйүү убакыт менен өлчөнсө, убакыт менен бааланса деп ойлойм. Анткени көздөн кирип ошол замат жүрөктү алган сулуулуктар толуп атат… Көчөдө баратып, кечеде олтуруп, поездде же самолетто же жөн гана таанышып, сүйлөшкөнчө не деген сулуулукту көрөсүң! Дегеле, адамдар жаралганы бири-бирине сулуулук тартуулашат жана сулуулук тартуулагыч келет. Биз муну дайым эле ойлой бербейбиз. Сулуунун бир эле ирет жасанып көчөгө чыгышы айланага миң ирет, балким жүз миң ирет сулуулук алып келет. Бирок ал сөзсүз эле сүйүү жаратуучу эмес, сулуулук жаратуучу. Андан ары сүйүүнү убакыт жасайт. Арбалуу, унута албоо, кыйналуу – мунун баары убакыт аркылуу жасалат. Адамдар мунун баарын башынан өткөрөт эмеспи… Турмуштан, оордуктан, жоктон, азаптан, оорудан кыйналган сыяктуу… Сүйүү да адамды кыйнаш керек. Сүйүүдөн кыйналгандыкы – баары чыныгы сүйүү! Кыйналуу жана сагынуу бул сүйүүнүн эң алгачкы формуласы! Убакытты, узак-узак мезгилдерди алган кыйналуулар сага келген сүйүүлөр деп ойлоймун. Дегеле, сулуулук даңазаланыш керек. Бирок ал сага, тигиге, башкага эмне берет, ал башка маселе.

— Ал эми бакытчы?

— Ал эми бакытка анализди да, баасын, өлчөмүн да, ал сенде барын жогун да сен өзүң бычып, өзүң чечишиң керек. Бүгүнкү сенде БАР нерсе сага кубанычпы, сага ошол жетеби анда аны бакытка теңе. Жок сага жетпей атабы, азбы? Аны да өзүң баалап, өзүң чеч. Сага бакытты башкалар ченеп бычып бербеши керек. Ошол үчүн жашоодо бактылуу болуш адамдын колунан келет. Башка бакытка суктанып, аны жалтырак өзүңкүн калтырак көрө берсең анда – кыйын.

— Эмнеге өкүнөсүң?

— Өкүнбөгөндү үйрөнүп алуу керек. Антпесе курган адамга кыйын болот…

— Өзүңө кайсы сапатың жакпайт?

— Ашкере сезимталдык жакпайт. Ааламда көрүнгөн нерсенин баарын «сезип» чыкканча далай өмүр өтөт го…

— Чыныгы дос кандай болуш керек?

— Чыныгы достук деле дайыма жарыгын чача албай калышы мүмкүн. Анткени, балким ал дагы булуттардын арасынан чебелектеп чыга албай жаткан болот… Эң башкысы турмуштун ак-карасында эсиңе түшкөн жана таянган тизме – сенин досторуң.

— Досторуңдан ким атактуу болду?

— Досторум атактуу да, башкысы АДАМ да болушту. Биз эмгиче жолугушуп, катышып турабыз.

— Кыялыңдагы кесипке ээ болдуңбу?

— Бу турмушта аты аталбаган, же окуусу же анын берчү диплому да жок дагы бир өзгөчө кесип жашачудай сезилет. Мен кээде өзүмдү таппай кеткенде меники ошол сырдуу кесип болсо керек деп коем… Мен так илим же так кесиптерди аркалай албайм. Мага журналистика менен жазуунун дербиштиги жагат.

— Журналисттик кесиптен эмне таап, эмне жоготтун?

— Журналистика мага жоготкуч эмес тапкыч болду. Журналистикадан чоң жазууга өз убагында ооп атканым – мен үчүн дагы бир ирет табылга болду деп ойлойм.

— Жазуучулук өнөрүңдү билдик. Биз билбеген дагы кандай өнөрүң бар?

— Адамда эл эмес өзү биле элек өнөрлөр болот… Биз башканы эмес өзүбүздү ачканды үйрөнүп алсак жыргабайт белек…

— Сенин «өзүбүздү ачканды үйрөнүп алсак…» дегениңден улам, кайра эле Эрнисим эсиме түштү… Силерди окуткан Ишенбек Султаналиев агай Эрнисти «өзүн ачпай, жазганын коомчулукка таратпай кетти… бир башкача бала эле» деп, сен тууралуу айтып келет… Мугалимдериң жана Эрнис тууралуу эмне айта аласың?

— Эрнис досум тууралуу айтсам, ал кыска аттап, узак басчу, кыска сүйлөп, терең айтчу, узун жазбай, кыска жазчу. Аны ошондон тааныйсың. Жымжырттыгынан тааныйсың. “Мен кишиге жокмун” дечү, ал чындык. Ал жакшы  сүйлөшчү же такыр сүйлөшпөй койчу. Антонио Поркьячы дейт. Ии десең, күлүп койчу. «Мен аска тоомдон айрылбадымбы» деп агасын арман кылып өттү… Анан туулган күнүн эч кимге айтчу эмес, куттукташса дечү эмес. Ал ошондой бир башкача жан эле. Ал ошондой жымжырттыгы менен көрүнгөн жан болчу…

«Бир башкача бала эле» деп Ишенбек агайыбыз жанылган эмес. Агай бизге сабак берди. Азыркы өнтөлөп турган кыргыз тили боюнча керемет методикалык китептерди талбай жазып чыгара берсе деп тилээр элем. Бизде Ишенбек агайдай күчтүү тилчилер көп эмес.

Биздин университеттен турмушту талдаганды үйрөндүк. Бир мугалимибиз: «Университет сүйлөм талдаганга караганда адамдарды талдаганды жакшы үйрөтүп чыгарат» деп калаар эле. Токтосун агай Мамбетсариев: «Журналистика бул факты чогултуудан башталат» дечү. «А фактыны кайдан табабыз агай?» дечү арттагы бирөөбүз. «Во!» дечү ошондо Токтосун агай сөөмөйүн өйдө көтөрүп. «Эң туура суроо!» дечү тигинин жанына басып келип. А тигинибиз болсо суроо бергенине өкүнүп калчу. Анткени агай анын дал чекесине барып алып сүйлөй берчү. Сүйлөй берчү. «Бош убакыт — бул адам өнүгө турган мейкиндик. Муну Маркс айткан» дечү. «Маселен паланчаев, сиз бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?» дечү, кайра анын кашына барып. Паланчаев болсо кантип «өнүгүп-өсөөрү» жөнүндө кыңкыстап айтып кирчү… Ооба, керемет мугалимдерибиз болду.

Бүбүкан эже Досалиева сабак берди. Эжебиз жарк этип аудиторияга кирип келгенде кыздар эмес жигиттер да сулуу болуп кетишээр эле…

Салижан агай Жигитов сабак берди. Атаңгөрү, азыр ал киши дарс окуй турган болсо кашынан чыкпай олтурат элем, а ал кезде болсо кайдадыр «маанилүү ишибиз чыгып» агайдын сабагынан бир жактарга суранып кетээр элек. Ал кайда калган бир жактагы маанилүү иштер десең…

— Студент кездеги кайсы күн эмнеси менен эсиңде калды?

— Бир жылы ызгаардуу кышта, бутумдагы жайкы кроссовкамды, жонумдагы жайкы курткамды, анан да жылаңбаш чачыма тоңо түшкөн карды унутуп: «Башкысы жатаканадагы бүгүнкү кеч ойдогудай болсо экен!» деп ошого сүйүнүп, ошого толкундап, ого бетер бактагы карды күбүп, ошого жыргап парк аралап келатканым эсимде… Биз студент кезде жер-жерге бөлүнгөн жокпуз, бирок, достор «бирге ууга чыкканга жарайт же жарабайт» деп бөлүнчүбүз…

— Мектептеги алгачкы коңгуроо менен акыркы коңгуроодо эсиңде эмне калды?

— Коңгуроо – мен үчүн эң жөнөкөй бирок философияга толгон символикалуу буюм. Мындан дээрлик 500 жыл илгери Джон Донндун айтканын кара: «… андыктан коңгуроо эмне жөнүндө кагылып атканын сураба. Ал СЕН жөнүндө кагылып жатат!» деп. Чоң, кичине коңгуроолор, ар бир сааттын чырылдагы, дирилдеги, жүрүшү, добушу баары – сен анан мен жөнүндө экенин унутпашыбыз керек! Алгачкы коңгуроо бизди «чоңойтуп» мектепке киргизген. Акыркы коңгуроо – бизди чоң турмушка айдаган. Демек, ал коңгуроолор мектептин кичинекей «линейкасында» кагылган менен бизди турмуштагы чоң этаптарга бөлүп, аттантып атканы болчу. Эми да коңгуроолорду тыңшай жүргүн! Алар дайым ашуу-белдер ашаарда кайдадыр кулагыбызга кагылып турат. А биз укпай, ашуу-белге камына албай калбашыбыз керек!

— Ашуу-белде канча деген ажо алмаштырдык… А Швейцариядачы?… Үйдөчү?…

— Швейцарияда жылда президент алмашат. А бизде болсо президент күндө алмашып турат. Кезектешип. Бизде ушундай нейтралитет.

— «Келиниң жакшы чыкса уулуңду кайра төрөйсүң, келиниң жаман чыкса өз уулуңа өгөйсүң» дегендей, Чолпон кандай келин, кандай жар, кандай эне болду?

— Жакшы макал экен. Жашоодо сүйүүнүн түрү көп экени ырас. Энеге болгон сүйүүмө башка сүйүүлөрдүн алы келмек эмес… Ал эми Чолпон өтө акылман, эстүү жан. Жакшы келин, жакшы жар, мээримдүү эне.

Экөөбүз 2001-жылы күзүндө баш кошконбуз. Жашоомдо күздүн эченинде жолго чыктым. Бирок Энеңе колукту жетелеп барган күз… колукту менен алгач ирет кыштагыңа кирген күз… ар ирмеми эсте калат тура! Бизди Кош-Дөбөгө Бакыт Букаев менен Элмара Турсуналиева коштоп барды эле. Байкуш Бакыт: “Мен апама жөн чай эмес, атайын издеп жүрүп ЦУМдан мобундай индийский чай менен мобу жоолукту алдым” деп тойдогу элдин алдында апамдын башына жоолук салып атканын эстейм… Апам да, Бакыт да ошондогу сүрөттөрдө, биз көргөн элестерде гана калды…

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

«Көк дептерден…»

Биз жаман президентке балким татыктуубуз, бирок жаман акынга, начар талантка татыктуу эмеспиз. Биз жаман саясий акыбалга (балким) куп татыктуубуз, бирок биз жаман Мекенге, жердеген жаман жерге татыктуу эмеспиз.

***
Бакыт сатылбайт. Бактысыздык сатылат, анткени, бактысыздык дайыма соодаланат: сени бактылуу деп жазса билбейм ким окуйт. А сени бактысыз болуп калды деп жазып чыкса баары окуйт..! Колдон колго таратат…
***
Жашоону көйгөй кылбаш үчүн биз көп суроону жоопсуз калтырып жашаганга көнүшүбүз керек…
***
Бирөөлөр мукамдуу ыры менен кирет жүрөктөргө, бирөөлөр кинодо ролу менен, бирөөлөр сахнада жашап жол ачат жүрөктөргө, падышалар акыл менен калат тарыхтарда, бирөөлөр айдай көрк, жүзү менен түнөк табат жүрөктөрдөн. Мен сага “Көк дептер” менен эсиңде калсам экен, көпкө-көпкө…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.