Кечээ, 27-февралда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде (КММИУ) Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, түрк тилдүү элдердин маданияты – ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан РАЕВге «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды.
Бүгүн болсо (28-февралда) «Эркин-Тоо» гезитинин журналисти, акын Афина Бакирова ардактуу профессор менен кызыктуу маек куруптур…
Султан РАЕВ: “Мен дүйнөнү да, адамды да таанып билдим деген күнү өз жаназаңды өзүң окуйсуң”
— Сиздин алгачкы чыгармаңыз “Күн кармаган бала” жөнүндө собол таштайын дедим эле… Чыгарма 1985-жылы жарык көргөн экен. Сиз бул атактуу чыгарманы жаратканга чейин кандай адабий даярдыктан өткөнсүз, кантип такшалгансыз, кимдерди окугансыз, кайсы улуу жазуучулардын мектебинен өткөнсүз?
— Ошол мезгилдин биз курактагы “мадыра баш жазуучуларына” дүйнөлүк классиктерден кийин эле, Айтматов, Жусубалиев, Гапаров өзгөчө кумир эле. Алардын таасиринде калып, аларды туурап жазган учурларыбыз да болду. Бир кызыктуу окуяны эске салгым келип турат. Эгер туура көрсөңүз… Бир аз ыңгайсызыраак жагы да бар…
— Ачык айтып, ак сүйлөгөнгө не жетсин, агай…
— Төртүнчү курста окуп жүргөндө бир повесть жаздым, аталышы да кызык эле… “Memento mori ( орусча “Помни о смерти” деп которулат). Кубат акенин стилине, жазуу формасына да окшош, жаман оюмда а киши желкемден таптап, мени алкайт окшойт деп түшүнгөм. Бир жолу анын иштеген жерине бардым,”Кыргызтелефильмге”(КТРКнын имаратында). Кубат аке мени алдына отургузду да, көпкө ойлонуп туруп, шыпты карады. Шыптан “эмне деп айтсам экен” деп сөз издедиби, айтор ыңгайсыз болсо да, өтө так мүнөздөмө берди. Жанагы “кумир оорума”… “Султан, (ал учурда мага “Палван” деген “титулду” бере элек эле) – деди, — Мынабу мен аянтка барып алып “заара ушатып атсам, сен да Кубат акем туура кылып аткан экен деп, катарыма туруп алып “Заара ушатасыңбы?” ,- деди. Бу суроого токтолбой туруп эле “Жок” деп ийипмин… Көрдүңбү?.. Таасирлендиңби, аны таптакыр “отрицать эткин”, антпесе, экөөбүз тең окшошуп, “аянтка туруп” калабыз” деген эле. Кубат аке ошондо эч бир адабий “иликтөөсүз” эле мээме кыттай куйган… Эшикке чыктым да, “Жаш гвардия” бульварындагы отургучка отуруп алып, колумдан келишинче “эсил кайран повестимди” майдалап тыттым да, сыртта жаап жаткан карга карай ыргыттым. Биринчи повестим кар менен кар болуп, учуп кетти…
Чындыгында, ар бир жаш жазуучумун дегендин баары эле алгач “таасир оорусу” менен ооруйт. Андан мен да сырт калбадым. Шукшиндин чыгармалары менен да уктасам уктап, турсам туруп жүрдүм… Кийин Жорж Амаду, Алехо Карпентьер, Эрнест Хемингуэй, Мигель Астуриас, Габриэль Гарсиа Маркестин романдарына азгырылдым, ал кезде Латын Америка романдары, азыркынын тили менен айтканда “адабий тренд” эле.
Дегинкисинде айтаар элем, жазуучу болом деген адам, ошо окуган китептердин барагында “өлүп калбай, андан учуп чыгыш керек”. Ошондо гана өзүңдүн жазуучулук микродүйнөңү ача аласың… Адабиятта “Өзүңү өзүң издөө” туура жол деп билем…
— Филология илимдеринин доктору, адабиятчы, сынчы Советбек Байгазиев “Күн кармаган балага” атайын макала жазган. Анда бул чыгарма “деталдуу талдана элек, адабиятка алып келген жаңылыгы жөнүндө далилдүү фактылар айтылбай, “дың” бойдон турат” деп, макаланын аягында “боёгу өчпөй турган, өлбөй турган чыгарма” деп баа берет.
— “Күн кармаган бала” повести – ошо кездеги, доордогу кубулуштарга биздин муундун ички “протести” болсо керек. Биз бүткүл тулкубуз менен совет системасында тарбияландык, анын баалуулугу менен өстүк. Ошол эле учурда көкүрөгүбүздө күрүчтүн башындай болгон ички карама-каршылыгыбыз да бар эле… Бир кызык байкоом, “Күн кармаган бала” жөнүндө бизде эмес, чет өлкөдө көбүрөөк пикир жазылыптыр. Бул баягы “Башка жерде Султан болгончо, өз жериңде ултан бол…” дегени го деп коем… Советбек агайдын макаласын кече жакында эле окудум. Агайдын да өз көз карашы, эстетикалык принциптери бар.
Ысык-Көл драма театрында режиссер Уланмырза Карыпбаев “Күн кармаган бала” повестим боюнча спектакль койду. Бул таптакыр башка интерпретация, сахналык чечилиш. Жаш болсо да ошо доордун духун, атмосферасын бере алгандыгы таң калтырды. Бу чыгарманы алгач атактуу режиссер Алмаз Сарлыкбеков 90-жылы Нарын драма театрынын сахнасына алып чыккан. Дегиле мени театр дүйнөсүнө Алмаз Сарлыкбеков алып келди… “Күн кармаган бала” спектакли өтө кызыгуу жаратып, эсимде, “бу Раев деген неме кайдан чыккан?” деген сөздөрдү да уккамын. Биринчи премьерада башкы ролду ойногон СССРдин эл артисти Капар Медетбеков “Мен курактагы неме экен десем, сары ооз балапан тура” деген эле…
— «Сары ооз балапан» курактагы жаш адамдын мындай мыкты чыгарманы жаратышына кандай таасирлер болду?
— Бу суроого жооп берерден оболу, бир кызык бир фактыны айтып койсом… Атактуу Салижан Жигитовдун бир жолку радио маегинде парадоксалдуу оюн айткым келет. Ал бу сөздү журналисттин суроосуна жооп берип жатып айткан. Ага “ Сиз, кыргыз улут адабиятында кайсы чыгарма түбөлүктүү калат деп ойлойсуз?..” деген суроо берилген. Бу суроого Салижан аке минтип жооп берген. “ Менин оюмча, жети чыгарма калат. Ал Айтматовдун “Жамилиясы”, Токомбаевдын “Күүнүн сыры”, Элебаевдин “Узак жолу”, Жусубалиевдин “Күн автопортиретин тартып бүтө элеги”, Гапаровдун “Кыштакчасы”, Саспаевдин “Сарала ити”, анан бир жаш жазуучу чыгыптыр Раев деген ошонун “Күн кармаган баласы” деп жооп берген экен.
— Салижан агай көзү ачыктык кылган го…
— Бул албетте, Салижан акенин жеке көз карашы, аталган чыгармаларга анын баасы ушундай болгон. Арийне, адабияттын “сары ооз балапанына” Салижан акедей мыкты эстеттин баасы күтүүсүз болгон. Бу повестти университеттин бешинчи курсунда окуп жүргөндө жазгам, алгач “Ала-Тоо” журналына, белгилүү жазуучу Асанбек Стамовдун баш сөзү менен чыккан.
— Бүгүнкү күндө сизди кыргыз окурмандары жаңы мейкиндикти багынткан жазуучу катары билишет. Чыгармачылыкта тынымсыз өсүп туруу үчүн эмне кылыш керек?
— Чыгармаларым орус, англис, кытай, түрк, немец, француз, украин, казак, өзбек ж.б. тилдерге которулду. Жазуучу катары али деле өз мейкиндигимди ачкандын аракетиндемин… Аны ача аламбы же жокпу?.. Ага мезгил, окурман гана жооп бере алат…
Азыркы массалык маданият менен психоздун доорунда көркөм дөөлөт түбүнө жете турган бейэстет кубулуш жүрүп жатат. Коом өзгөрдү көркөм принциптер да өзгөрүүдө… Акыйкаттыкка жетүүнүн жолу эмнеге кууш? Анткени, акыйкаттыкка кууш жол гана, б.а. өзүңүн чыйрың гана алып барат. Чыгармачылыктагы өзүңдү эмес, өзүңдөгү “Өзүңдү” таба билүү баарынан кыйын…
— Мейкиндик, бийиктик бул сөздөр бир эле маанини туюндурат эмеспи агай… Чыңгыз Айтматовдун учкул сөзү бар эмеспи “Чыгармачылыкта каалган бийиктикке жеттим дегени, анын жарга кулаганына барабар” деген…
— Эң туура аныктама. 1987-жылы болсо керек эле, Москвада жаш жазуучулардын VII кеңешме-семинары болгон, ага Кыргызстандан Кожогелди Култегин, Фатима Абдалова бара турган болуп, биздеги бир чоң жыйында бекилген эле. Экөө тең акын. Азырга дейре жаадымда, Чыңгыз Айтматов трибунадан тура калып, “Туугандар, эки адам барган жерге үчүнчүсү да бара алат, Москва бизге эки орун берсе да, үчүнчү кылып Султан Раевди кошолу. Мен Раевди татыктуу деп ойлойм. Эгерде, Москва маселе кылса, ал жагын мага койгула”,- деп, союздук маанидеги чоң жыйынга жол ачып берген. Агездеги жаш жазуучулар кеңешмесине ар бир союздук республика (өлкөнүн чоң кичинесине карап го) жаш жазуучуларды катышууга жиберер эле. Бу кеңешмеде жаштар чыгармачылыгын талкуулап, мыктыларын ошол жерден эле СССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алчу. Ошо кездеги эң таанымал жазуучу Анатолий Приставкиндин семинарына түшүп калдым. Жазуучунун “Ночевала тучка золотая” деген романы чоң адабий резонанс туудуруп жаткан учур. А киши биздин семинардагы жаш жазуучулардын ичинен “Күн кармаган бала” повестими өзгөчө баалап, ал турсун бу чыгарманы Москвада чыгарууга да сунуш эткен. Албетте, бу чечим мага күтүүсүз болду. Ал эми семинардын жыйынтыгы менен СССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алындым. Бул окуядан соң, сиз айтмакчы “жазуучулук мейкиндигимдин” алгачкы кадамы жасалган. “Күн кармаган бала” орус тилинде, көп өтпөй эле кытай тилинде Москвадан чыкты.
— “Ханышанын көз жашы” драмаңыз Европаны аралап, зор ийгиликтерге жетишти. Ал гана эмес, 2002-жылы Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин атайын чакыруусу менен Букингем сарайында кабыл алуусунда болдуңуз…
— “Ханышанын көз жашы” драмам 2000-жылдары коюлду. “Тунгуч” театрына режиссер катары өзүм койдум. Буга дейре режиссер катары биринчи жолу Нарын драма театрында “Кашар” пьесамды койгон элем. Театрда коюлган спектаклдеримде дээрлик баарында Жамал Сейдакматова ойноду. Жамал эже чындыгында улуу актриса, эже менен иштөө бир чети оңой, бир чети кыйын эле.
Спектакль эл аралык сахнада көптөгөн ийгиликтерди жаратты. Москвада өткөн театр фестивалында мыкты деп табылып, “КМШ өлкөлөрүнүн эң мыкты спектакли” деген аталышта “РТР-Культура” теле каналы тарабынан тартылып, ушу кезге чейин көрсөтүлүп келет. Борбор Азия өлкөлөрүндө өткөн театр фестивалдарына катышты, ал эми Тегеранда өткөн эл аралык театр фестивалында Гран-При алды. Нурлан Абдыкадыров менен биргеликте сахнага алып чыккан “Таймам” спектаклибиз Германиянын Мюльенхайм шаарында өткөн эл аралык театр фестивалында чоң резонанс жараткан. Ал эми 2006-жылы БИ-БИ-СИнин “3-каналы” пьесаларга дүйнөлүк конкурс жарыялаган. ( Бул канал Шекспирдин, дүйнөлүк мыкты драматургдардын чыгармаларын тартуулаган, театрга өзгөчө маани берген канал. Англис тилинде. ) Ага дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан драматургдар катышкан, жыйынтыгында “Акыркы керээз” пьесам дүйнөлүк эң мыкты жети пьесанын катарына кирип, жеңип чыгып, БИ-БИ-СИ “3 каналында” англис тилинде коюлду. Спектакль өтө кыска, бирок ага Британиянын эң мыкты актерлору катышты. Ал “Дүйнөнүн жети керемети” деген аталыштагы компакт-диск жыйнагына кирген.
“Ханышанын көз жашы” 2016-жылы Лондондогу “The Space” театрында коюлду. Бул театр Лондондогу эң эски театр. Учурунда Шекспир өзү бул театрдын сахнасында “Король Лир” менен “Ромео жана Джульеттаны” койгон экен. Ушул тарыхый театрдын сахнасында “Ханышанын көз жашы” коюлду. Спектаклдеги башкы ролдорду англиянын белгилүү актерлору Кейти Травлян, Антони Офиуоби ойноду. “Ханышанын көз жашы” спектакли Англия театр сахнасында коюлган улуттук туңгуч драма катары эсептелет…
(Уландысы бар)
Маектешкен Афина БАКИРОВА