Салима ЖИГИТОВА: «Атам «маңкам ий, маңкам» деп эркелетчү…»

Салима ЖИГИТОВА: «Атам «маңкам ий, маңкам» деп эркелетчү…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Залкар акын, жазуучу, публицист, окумуштуу Салижан Жигитовдун уулунан кийинки эрке кызы Салима Жигитова кечээ, 11-мартта оорудан улам көз жумду. Бүгүн, 12-мартта акыркы сапарга узатабыз. 52 жашта гана болчу…

АРХИВден…

Салима ЖИГИТОВА: «Атамдын фамилиясын классташтарыма көрсөтүп мактанчумун»

— Балалык күндөрүңүздү кандай эскере аласыз?

-4-5 жашымдан баштап балалык чагымды билем. Эсимде, атам тапкан акчасынын баарын апама берип коюп, кайра 1-2 рубль жолкире сурап калчу. «Күндө эле апамдан акча сурабай, өзүңүз эле алып калсаңыз болбойбу?» десем, «Апаңа акча бербесем, анда чатак чыгарат»,-дейт. «Сиз деле чатак чыгарыңыз да» дей берчүмүн. А чындыгында атамдын мүнөзү жумшак, кишиге катуу сүйлөбөгөн алтын киши болчу.

Салима ЖИГИТОВА: «Атам «маңкам ий, маңкам» деп эркелетчү ...

Байкем «жынсы, ботасы сатып бергиле» деп ыйлап чатак салчу. А мен болсо оюнчукка жакын болчумун. Велосипед көп тебет элем. Биздин короодо мени менен тең кыздар жок болгондуктан балдар менен ойночумун. Бир күнү балдардан пистолет көрүп калып, атама айтсам, жумуштан келатып ала келерин айтты. Чыдамсыздык менен күтүп, атам келчү жолду карайм. Унутуп калыптыр. Мен ыйласам, кайра эски «Детский мирге» жөнөп калды эле, апам: «Эми эртең деле алып келесиз да» десе болбой, «Кой, баланын көңүлүн оорутпаш керек!» деп дүкөнгө барып алып келип берген…

Жакшы көргөн маймыл оюнчугум бар эле. Велосипедимдин дөңгөлөгүн балкондон алып келгенче, маймылымдын куйругун бирөө жулуп кетиптир. Анан бакырып ыйласам, атам балкондон башын чыгарып алып, «Эч нерсе болбойт кызым, келегой, өзүм куйрук тигип берем» деп мени соороткон. Бизди эрке өстүрдү. «Эмне кеч келдиң?» Кайда жүрөсүң? Андан көрө китеп окусаңар боло» дечү эмес. Эмне эле китеп, журнал, гезит эле окуй берет. Анда эмне кызык бар болду экен деп биз өзүбүз кызыгып окучубуз.

— Сизди эмне деп эркелетчү эле?

— (Күлүп) «Маңкам ий, маңкам» деп эркелетчү. Мен жакшы сөз экен деп так секирип, «Ата, дагы айтчы» дей берчүмүн. Акылыма киргенден кийин маанисин түшүнүп алып аябай ыйлагам… Бизди туугандарын тааныбай калбасын деп катташтырып турчу. Бир күнү мени Ошко жөнөтүп калышты. Атам мен кайра келгенче тамаша ыр чыгарып коюптур: «Салима деген кызсыңбы/, Самолётко сен түштүңбү?/Самолёттон коркконуңдан/, Саныңа жаба чычтыңбы?» деп. Мага ырдап берсе, анда да абдан кубангам. (Күлүп) Кийин маанисин түшүнүп алып, аябай ыйлагам…

— Акын экенин канча жашта билдириңер?

— Мен атамдын акын экенин мектепте окуп жүргөндө эле билчүмүн, бирок ырларын терең түшүнчү эмесмин. Себеби, орус класста окуп калгандыктан, кыргызча түшүнчү эмесмин. Ошентсе да атамдын жазган китептерин мектепке алып барып, классташтарыма фамилиясын көрсөтүп мактанчумун.

9-класста окуп жүргөндө, атамдын 50 жылдык мааракесин ой-боюна (туулган күнүн белгилегенди жаман көрчү) койбой, чакан столдо белгилеп калдык. Эл кеткенден кийин достору «эми сени мактайлы» деп калышты.

Өскөн Даникеевичтин жубайы Зина эжеге тост келгенде,  ал атамдын «Элегия» аттуу ырын гениалдуу ыр» деп калды. Эмнеге бул ыр мынча макталды деп кызыгып, ошол ырды таап алып окудум, бирок, маанисин терең түшүнгөн жокмун. Бир күнү атамдын китепканасынан керектүү нерсемди издеп жатып «Элегиясынын» орусча котормосун таап алдым. Ошондо гана айылын, туугандарын, апжелерин элестетип окуп, атамдын талантына таазим кылдым. Атам бул ырын бир канча жолу оңдоптур. Аксуубай Атабаев, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков сыяктуу бир топ залкар адамдар «Элегияга» обон чыгарышыптыр. Алардын арасынан Түгөлбай Казаковдун салган обонун көбүрөөк жактырарын айткан эле…

— Сиз да ыр жазасызбы?

— Анча-мынча ыр жазып калчумун. Аны атама көрсөтсөм, «жарабайт» деп койду. Бирок капа болбой, өзүм үчүн жашыруун атамдын стилине окшоштуруп жазып жүрө бердим. Экинчи жолу атамдын алдына келип, ырларымды окуп берсем, көпкө чейин үндөбөй отуруп, бир топтон кийин: «Китеп кылып чыгарбайсыңбы» деди. «Ураа, экзаменден өттүм!» деп сүйүнгөнүм али эсимде.

 

Атама интеллектуалдык жактан эч ким жетпейт. Ошол эле учурда куудул да болчу. Бир жоругун айтып берейин. Кашка-Суу айылынын үстүнөн жер алганы өзүнчө эле анекдот. 83-жылы Илимдер Академиясынан жер берилген. Ошол жерге салып жаткан дачабыз дагы эле толугу менен бүтө элек, калганын мен бүтүрүп атам. Ошону алган жылдары атам фундаментин казып аракет кылыптыр. Фундаментке металл керек болуп калганда эки жагын караштырса, 300 участоктун ар биринин номери менен коюлган знак көзүнө урунат. Анын баарын жыйнап келип фандаментине таштап салыптыр. Коомдун жетекчиси Малабаев келип, «Мен атайын заказ менен шаардан алып келсем» деп урушса, «Силерде эми акча көп да, дагы эле знак жасап коёсуңар» деп аны ого бетер күйдүрүп жатпайбы…

Бир күнү дагы жерден чоң таш чыгат. Геологдорго барып, «Тоону жарган жардыргычыңардан грамм эле берип койгулачы, мен таш жарам»,- дейт. Алар атайын уруксат кагазы менен берилерин айтат. «Анын үстүнө таш эле эмес, баары жарылат» десе деле болбой, алардын артынан алты күн жүрө берет. Акыры ээрчитип келет, келсе байкелерим баягы ташты фундаменттин капталына коюп, бүтүрүп коюшуптур. Атам кара жумушка жок, кенебеген киши болчу. Чала бүткөн дачада 2-3 жыл эс алып калды. (Күлүп) Ал жактан апамдын кофталарын, туфлисин кийип жүрө берчү. Кызыгы, үчөөбүздүн бут кийимибиздин размери бирдей болчу. Бир жолу менин ботинкамды кийип кетиптир. «Мен байкабай Салиманын бут кийимин кийип кетипмин. Керек болуп калса, кызым издеп калбасын деп чалып жатам» деп апама телефон чалыптыр. (Күлүп) Баарынан да ботинкамдын такасы бийик болчу… атам ошону кантип байкаган жок дейм да… Ушундай бир тамашакөй, шайыр киши эле. Байлык, мансап дегенди билчү эмес. Аскар Акаевге кеңешчи болуп жүргөндө: «Ата, Акүйдө иштеп жатасың го,  бизге бир жерди менчиктештирип бер» десек, «Жок, жер түгөнүп калыптыр» дей берчү. Учурунда ичип-жеп калайын дегенди билчү эмес. Кызматтын артынан чуркачу эмес. Акаев убагында үч жолу (БГУ, Ош пединституна ректорлукка, Кыргыз-славян университетине проректорлукка) кызматты сунуштаган, болбой койду. Себебин сурасак, «Баламды окууга өткөрүп бер!» деп тууган-урук көбөйүп кетет, өткөрбөйм десең таарынышат. Андан көрө жөн эле жүргөнүм жакшы» деп койчу. Анын үстүнө «интеллигент адам мамлекетке оппозицияда жүрүш керек» деп айтчу. Кайсы киши кызматтан баш тартып, келечегин кең карайт?..

— «Акын боло албаган адам сынчы болот» деп айтканы бар эле. Өзүнүн ырлары өзүнө жакчу эмес беле?

— «Акын болуш кыйын. Акындын да ыр жазар убактысы болот. 20 жаштан 35 жашка чейин жакшы ыр жаралат. Жакшы ыр жаралбагандан кийин сынчы болуш керек. Акынга талант берип койсо эле болду. Бир жазып койсо эле өзүн гениалдуумун деп эсептегендер бар. Ырын кайра карап чыгуу деген жок» деп кейип калчу. Атам өзүн да сынай билчү. 30-40 жыл мурун жазган ырларын да оңдоп олтурчу…

Мен кыргыз жазуучулардын баарын тааныбагандыктан «Кыргызстан маданияты» гезитине сүрөт менен чыккан акын же жазуучуну «Ата, бул ким?» деп сурасам, «жинди» деп койчу. «А булчу?» десем, «Ал дагы жинди» дей берчү. Тамаша-чынына түшүнбөй, «Эмне жазуучулардын баары эле жиндиби?» деп таңгалчумун. Анын түпкү маанисин кийин түшүнбөдүмбү. Көрсө, анын артында бир нерсе жатат турбайбы… Атам кыргыздарды оңолсун, алдыга жылсын деген мааниде сындачу. Ачуу чындыкты айтканы менен жүрөгүнүн түпкүрүндө кыргыз деп күйгөн адам болчу. Бирок муну жакын адамдары гана түшүнбөсө, көпчүлүгү кабыл ала алган жок. Менин атамдын сөздөрүн азыр түшүнүшпөсө, кийин түшүнүшөт деп ойлойм…

— Орус акындарынан кимди баалачу эле?

— Мен да сурагам, Давид Самойлов деген. Эмнеге жактырат деп ал акындын китебин окусам, атамдын ыр жазуу стили ага окшош турбайбы.

Салижан Жигитов

— Эмнеге фамилиясы Жигитов?

— Фамилиясынын тарыхын капысынан мага айтып берди эле. Чоң чоң атам уулу төрөлгөндө Туташпай деп ат коюптур. Андай ысымдан айылда үчөө бар экен. Оригиналдуу ат болсун деп чоң атам Мусаев Жигит өзбек досунун атынан Салижан деп атын коет. Бирок. атам «өзүмө атым жакпайт, себеби орустар  «Салиджан же Салимжан» деп өзгөртүп айтышат деп калчу.

Мединститутта окуп жүргөндө Байжигитов деген филолог бар экенин билип, атаман сурасам, «ал менин окуучум» деп калды. Бир күнү атамды Акүйгө чакырышат. Барса эле: «Биз Байжигитовду издеп жаттык эле, жаңылышып сизди чакырып алыппыз» деп атамдан кечирим сурашыптыр. «Бай жигит эмес, жөнөкөй, кедей Жигитовду деле кабыл алып койгулачы» деп аларды күлдүрүптүр…

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ «Сакем ички уңгусу боюнча ар бир кыры жаркыраган көөр таш сымал эле…» - Кыргыз маданият борбору

— Кайсы сапатына баа бересиз?

— Мен 35 жашка келип калдым, бирок татыктуу дос таба албай келем. Атамдын дүйнө таанымы кенен, өзүнө окшогон өнөк дос – Ишенбай Абдуразаковду таап алганына баа берем, бир чети таңгалам. «Бири-бириңерди таап алган кандай бактылуу адамсыңар. Мен силерди Маркс, Энгельс деп айтар элем» десем, атам куудулданып: «Ишенбай, сен Энгельссиң. Себеби мага караганда сен байыраксың да» деп атпайбы..

Ушундай сонун атам бар эле. Мен атам менен сыймыктанам. Атамдын бизге ишеничи чоң болчу. Ошондуктан, атамдын атын булгабай, биз дагы таза бойдон калабыз. Менин атамдын аты тарыхта таза киши болуп жазылып калды, мен ошого кубанам.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Бишкек таймс» 2006-жыл

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Салима Жигитованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.