Дарика ЖАЛГАСЫНОВА: «Сага арнап ырларымды жараттым, Канча жолу жүрөгүмдү канаттым» (ВИДЕО)

Дарика ЖАЛГАСЫНОВА: «Сага арнап ырларымды жараттым, Канча жолу жүрөгүмдү канаттым» (ВИДЕО)

«Нооруз» майрамыӊ менен, бир боорум! 

Жолдошум Эрниссиз (1970-2020) «Ноорузду» тосуп жатканыма 3 жыл болду… 2014-жылдын 20-мартында «Баягы Асаба» гезитибизге калкыбызды куттуктап, мындай деп жазды эле: «Алас, алас, ар балээден калас! Жер айрылып, чөп чыксын, желин айрылып, сүт чыксын! Коррупционер какап-чакап, кусуп калсын, кыргызды ойлобогон кызматынан «учуп» калсын! Алсыз бийлик элимди жүдөтпөсүн! Кыздарыбыз кыргызга тийсин, жигиттерибиз ак калпак кийсин! Элим жамандыктан алыс болсун, кыргыздын макалындай калыс болсун! Жер титиребесин, эл битиребесин! О-оомийин!..»

Эрнис АСЕК уулу (2014-жыл)

 «Жакшы көрөмүн го?!»

«Жакшы көрөмүн го?!» деген рубриканы ачкым келип жүргөн. Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун. Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык. Күнү-түнү жаныңда жүргөн адамга жакшы сөз айталбай калат экенсиӊ» деп жолдошум Эрнис жазгандай, өз учурунда жакшы көргөн адамыбызга жакшы сөз айтып, куттуктап калалы.

Дал ушул рубрикабызга Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова эжебизди куттуктагым келди. Себеби эжебиз бүгүн 82-жазды тосуп отурат. Булбул үндүү эжебиз 1941-жылдын 20-мартында Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында туулган. Москвадагы П.И. Чайковский атындагы консерваторияны аяктаган. Эмгек жолун Бишкектеги Опера жана балет театрында баштап, 1978-жылга чейин иштеген. Ошол эле жылы А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестрге солист болуп орношкон. «Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт» дегендей, эжебизди 82де деп айта албайбыз, жаш кезиндей эле табит менен кийинип, кол өнөрчүлүк менен алектенип, куурчактардын түрүн жасап, боюн түз алып, орду менен орундуу сүйлөп, ырдап келет…

Эжебиз опера ырчысы гана эмес, акын, ыр жазат.  Бир топ китептердин автору. Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов менен биргелешип жазган «Триумф жана театр» аттуу китеп жазган. Анда театр өнөрүнүн устаттары тууралуу жазылган. 2001-жылы «Замандаштарга эстелик» аттуу ыр жыйнак китеби чыккан. Дал ушул жука, чакан китебин 2004-жылы маектешкени барганымда кол тамгасы менен белекке алгам. «60 жашымда акын болдум» деп күлүп, балалык чагы, ата-энеси, жолдошу, балдары тууралуу айтып берди эле. Туулган күнүнө карата кайталап берип турубуз…

АРХИВден…

Дарика ЖАЛГАСЫНОВА: «60 жашымда акын болдум»

— Дарика эже, 20-март туулган күнүңүз кут болсун. Маекти сизди жарык дүйнөгө алып келген ата-энеңизден баштасак…

— Мен Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында 1941-жылы 20-мартта туулгам. Апамдын айтуусу боюнча, атам мен 11 айлык кезимде согушка кетип, кайтпаптыр. Апам атамдан 36 жашында калыптыр. Мени төрөп, «аскерден келет» деп жол карап өттү го, чиркин! Бала кезимде, «атаңды көп кошуп ырдай берсең, келип калат» десе, ар бир сапка эле атамды кошуп ырдай берчүмүн. Жарыктык апам ай, аябай күттү… Ата-энем сүйүшүп жүрүп баш кошушуптур. Менин атам апамдын кайниси. Өзүнөн кичүүрөөк, ал эми мурункусу өзүнөн улуураак. Илгери «кайнисине алып берүү» деген да салт бар болгондуктан, өөн деле көрүнгөн эмес да. Апам 8 бала төрөптүр, ошодон эжем экөөбүз эле калыппыз. Калгандары «кызылча» деген оору менен ооруп, каза болуп калышкан экен. Эжем экөөбүздүн ортобуз 11 жаш. Ошол эжем азыр апа ордуна апа болуп калды. Оорукчан болуп калгандыктан, көңүлүм тынчыбай жаныма алып алдым. Төрт баласы, неберелери бар, турмушу жакшы эле.

— Эрке белең из?

— Апам менин кирпигиме чаң жугузбай, эрке өстүрдү. Бирок тың болдум. Себеби балалык күндөрүм кыйын убакка туш болду. Талаадан терилип келген тамекининин жалбырагын тизип, муздак сарайда ырдап отура берчүбүз. Ошол кезде эле мен ырдаганды жакшы көрчүмүн. Апам экөөбүз сүйлөшүп отуруп калганда: «Ушунча балам бар эле, минтчү эле, тигинтчү эле» деп ар биринин кылыгын айтып, эстеп көп ыйлап калчу. Ушунча баланы жер астына көмүү эне үчүн чоң кайгы, бүтпөс арман. Эне сезимин өзүм эне болгондо сездим. «Эл артисти» наамына жеткирген да алтын апам. Командировкага кеткенде балдарымды карап калчу, аларды тарбиялап чоңойтту. Балдарым төрөлгөндөн кийин, эки айдан кийин эле жумушка чыгып кетчүмүн. Апам күлчөтайын жасап, мени жумуштан күтүп отурчу… Тамак ичип атып, «Апа, мен кимди тартып ырчы болуп калгам?» десем, «ырчылык өнөр атаңдан берилсе керек» деп калаар эле. «Талас шаарындагы Ивано-Алексеевкадагы Ажыбек уруусунун кызы болом. Өзүмдүн атам Артымбай. Асымбай, Чата деген үч бир туугандан мен эле экем» деп калчу. Эки бир тууганынын балдары да токтобоптур.

Мен күйөөгө чыкканда жолдошум: «Менин фамилиямды аласыңбы?» десе, жаштык менен макул болуп, алып коюпмун. Апам ошого капаланып, абдан таарынып жүрдү, «оңдот» деген күндөрү да болду. Ага мен болбойм, «кайненем менен кайнатам таарынып калат» деп.

— Кайсы жерге келин болдуңуз эле?

— Кара-Балта шаарындагы Эркин-Сай деген айылга келин болдум. Кайненем он бала төрөгөн экен. Жолдошум Жайлообек тун баласы болгондуктан эң улуу келини болдум. Кайненем чоюлган, көп сүйлөбөгөн жан эле. Балдары терезе талкалап жатса да урушчу эмес. Мени өз кызындай кабыл алды. Экөөбүз эне-кыздай мамиледе болдук. Ал өтө уяң болчу. «Апа, андекдот айтып берейинби?» деп аны күлдүргөнгө айтып берип койсом, «ии, жаман го, уят го» деп уялып калаар эле. Кийин оорукчан болуп калды. Ооруканада жатканда барып калсам, мени тиктеп күлүп койду. Көрсө, ошол акыркы көрүшүүбүз экен.

Кайнатам да абдан жакшы киши эле. Басып-туруп кыңылдап ырдаганды жакшы көрчүмүн. Бир жолу камыр жайып жатып, ичимден кыңылдап атып, катуу берилгендиктенби, айтор, үнүм катуу чыгып кеткен окшойт. Кайненем менен кайнатам мени артымдан карап, тыңшап калышыптыр да. Сезип калып, аларды бир жалт карап алып, уялып ырдабай калсам, экөө тең: «Ырда, ырдай гой» деп күлүп калышты. Ушундай жакшы адамдар эле.

— Жоолук салынып, жүгүнчү белеңиз?

— Албетте! Жоолукту артыма да эмес, астыма салынып алчумун. Мага жүгүнүү кыргыздын жакшы салтынын белгиси. Аны да образга кийрип алып, абдан ийилип жүгүнчүмүн. Тагырагы, жүгүнгөндөн ырахат алчумун. Айылдагы улуу адамдардын баарына жүгүнө берчүмүн. Алардын көбү ыраазы болуп, «ыймандуу келин экенсиң» деп батасын беришчү. Өзгөчө илгич менен эки чака суу көтөрүп келатканда маңдайыман киши келатса, алардын алдынан кыя өтчү эмесмин. Тээ алыста келатканда күтүп туруп, жакындаганда жүгүнүп койсом, аябай ыраазы болушчу. Улууга урмат, кичүүгө ызаат кылган келин болгом. Ошол адатым дагы деле бар. Көчөдөнбү же үйдөнбү, улууларга жол бошотом.

— Абысын, кайын сиңдиңиз менен кандай мамиледесиз?

— Абдан жакшы. Өтө сыйбыз. Ушул убакка чейин мамилебиз жакшы.

— Жолдошуңуз менен кайдан таанышып калдыңыз эле?

— Мен Күрөңкеев атындагы окуу жайына келгенде Жайлообек 4-курста окучу экен. Ал вокалдык факультетте эле. 4-курсту бүтүп, Москвага консерваторияга кетти. Кийин артынан мен барып калдым. Ошентип, экөөбүз эгиз козудай эки жыл ээрчишип жүрдүк. «Ушинтип жүрө беребизби» деп 1961-жылы баш кошуп алганбыз. Сүйүү дегенди билбейм. Көрсө, ага көнүп калган нерсени сүйүү деп түшүнүп алыпмын. Анын үстүнө үйгө барган сайын апам: «Кызым, турмушка чыгып алсаң жакшы болот эле» дей бергендиктин, 21 жашымда турмуш туткасын кармадым. Москвада окугандыктан айылда үч күн эле болдук. Анан кайра барып окууну уланттык. Ошентип окууну ийгиликтүү аяктап, өз жерибизге келдик. Адегенде үй жок болгондуктан жатаканада жашап, турмуштан бир аз кыйналдык Ар бир кесиптин кыйынчылыгы болот эмеспи. Кийин да 7 жыл чогуу бирге иштедик. Анда да, кайда барбайлы бирге жүрчүбүз. Экөөбүз сахнада да чогуу рольдорду ойнодук. Ал менен сахнада роль ойногондо өзүмдү эркин сезип, жакшы ойночумун. Себеби, кучакташа турган жерлери бар да. Кийин ошол эле партияны ыраматылык Сейдакмат Токтоналиев менен сахнада ойноп калдым. Ал кучактаганда, өзүмдү жаман сезип, тартынып калчумун. Ал ачуусу келип урушуп баратканда, мен: «Агай, сиздин курсагыңыз чыгып турса кантип кучакташам?» десем, күлүп калчу. Анын бою менден пасыраак, курсактуу киши эле.

— Жолдошуңуз кандай адам эле?

— Жайлообек абдан жакшы адам эле. Обон жазчу. «Таалайым сенде» деген мага арнаган ыры бар. Менин чыгармачыгыма көп жардамын көрсөттү. Оору деген оору экен, акыры алып тынды. Анын кан басымы жогору болчу. Мүнөзү созулган, оор басырыктуу жакшы жар, камкор ата эле. Биздин үй-бүлөдө уруш-талаш деген болгон жок. Бермет, Зулайка, Күлчоро аттуу балдарыбызды жакшы тарбияладык, аттарын өзүм койгом. Балдарыбыздын эч кимиси деле жолубузду жолдогон жок. Тун кызыбыз Улуттук консерваторияны бүткөн,  андан кийинки кызыбыз англис тили боюнча котормочу. Балабыз деле майда-чүйдө жумуштар менен алектенет. Жайлообектин көзү өтүп кеткенине 6 жыл болду. 62 жашында кетти. 2001-жылы жолдошум менен баш кошконума 40 жыл толгондо, ага арнап ыр жазгам.

Жайлообекти эскерип…

Ак жоолукту башыма,

Апакең келип салды эле.

Ак эркечти атакең,

Садага кылып чалды эле.

Калпа, молдо кашында,

Ак никени кыйды эле.

Бата берип, бак тилеп,

Бабаларды жыйды эле.

Тагдырдын татаал экенин,

Башыңа келсе көрөсүң.

Чыдасаң аны жеңесиң,

Чыдабасаң көнөсүң

Уул-кызды жетилтип,

Көрбөй кеттиң убайын.

Балдарыңды бапестеп,

Аман-эсен турайын.

Ким билет дүйнө жалганын,

Жанатта жүрсүн арбагың.

Аман болсун артыңда,

Урук-тууган, балдарың.

Күчүм менен күрөштүм,

Алым менен алыштым.

Айырмасын түшүндүм,

Жакын менен алыстын.

Суктандырган сулуу жаздай өмүрдү,

Гүлгө бөлөп, бирге ачып көңүлдү.

Москвада окуп жүрүп Жайлообек,

Кошуп койдук балдан ширин өмүрдү.

Бир да жолу көңүлдөрдү калтырбай,

Ач болсок да, ток болсок да жаркылдай,

Эриш-аркак ээрчишип жүрчү элек,

Казыла элек күмүш менен алтындай.

Сага арнап ырларымды жараттым,

Канча жолу жүрөгүмдү канаттым.

Тагдырымдын татаал ашуу белдерин,

Улам жеңип, улам ашып бараттым.

Өмүрүңдүн аптабына кез келбей,

Кете бердиң жигит бойдон өзгөрбөй.

Эркин учуп, эч капарсыз жем издеп,

Уясына жетпей калган кептердей.

Жибектейсиң жайдар мүнөз Жайлообегим,

Өзүң жоксуң, жашай берет атың сенин.

Мына, быйыл 40 жыл толот баш кошконго,

Сен кайдасың, мен кайда «кош данегим».

Апамдан ажырагандан кийин да «Күмүш Ай» деп ыр жазгам.

Күмүш Ай

Терезе түбүндө жатамын,

Мойнунан кучактап апамын.

Көздөрүм магдырап уйкуда,

Жомоктун барагын ачамын.

Күмүш ай жылмайып күлүңдөйт,

Күлгөнү анчейин билинбейт.

Көз кысып сыйкырдуу караса,

Сүйкүмдүү кирпиги дирилдейт.

Мен дагы көзүмдөн нур чачып,

Өзүңө нур менен барамын.

Жылдыздай гүлдөргө суктанып,

Шашпастан бир-бирден санадым.

Бир үзүм булутту кубалап,

Кызыгуу жүрөктү уялап,

Ыр ырдап бийикке чагамын,

Ак мамык тоолорду кыялап.

Бир туруп укмуштай жаныбар,

Канаттуу жети баш ажыдаар.

Ак булут аралап баратат,

Үстүндө мингизген кызы бар.

Оозунан от болуп чачырап,

Жылдыздар чүкөдөй чачылат.

Эң кызык табымак мен үчүн,

Тура тур ажыдаар азыраак!

Томпойгон жумушу таштары,

Койго окшойт жайылып жаткандай.

Күмүш түс жылдар жымыңдайт,

Жүрөктүн тамыры каккандай.

Күн сайын сыйкырдуу сырдашып,

Убакыт көп өттү санасам.

Тайене болгону калыптыр,

Чыйпылдак сары ооз балапан.

Күмүш ай турасың дагы эле,

Эсебин алгансып ай-жылдын.

Сени менен апамдын аты уйкаш,

Күмүшай апамдан айрылдым.

— «Тайене болгону калыптыр, чыйпылдак сары ооз балапан» деп жогорудагы ырыңыздай, тайене болуп калсаңыз да жаш көрүнөсүз. Мунун сыры эмнеде?

— Сыр деле жок. Чыгармачыл адам болгондон кийин, дайыма эл көзүндө болосуң. Андыктан өзүңдү жакшы карашың керек. Атайын стилисттерге барып, атайын чач тарач деле жалдабайм. Консерваторияда окуп жүргөндө «Грим» деген сабак өтүлчү, ошондон үйрөнгөм.

— А үнүӊүздү кантип сактайсыз?

— Үн жакшы чыгыш үчүн аздектеш керек: муздак, газдалган суу, ичимдик ичпей дегендей… Эрте жатып, конокко көп барбаш керек. (Күлүп) Көп сүйлөөгө да болбойт. Тамак чарчап калбаш үчүн концерт болоор күнү сүйлөчү эмеспиз.

— Азыр эмне иш кылып жатасыз?

— Азыр Улуттук телекорпорациянын симфониялык оркестринин солисти болуп иштейм. Теледе «Дариканын музыкалык өргөөсү» деген телеберүүнү алып барып жүрдүм эле, режиссёрум каза болуп калып, токтоп калды. Жакында аны жандандырсам деген ойдомун. Азыр радиодо «Мезгил жана музыка» деген өтүп кеткен тажрыйбалуу ырчыларыбыздын өмүр баянын жана искусствонун тарыхы жөнүндөгү берүүнү алып барам.

— Чыгармачыл адамда кызыктуу окуя көп болот эмеспи…

— Окуучум Керим Турапов 3-курста окуп жүргөндө эле симфониялык оркестрдин солисти болуп келген. Ошондо «Арпанын Ала-Тоосунан» деген ырды берип ырдаткам. Ал ырдын «Кадыр кеч сендей келинди, айлантып өпсөм оозунан» деген жери бар эле. Оозунан деген жерин айтпай, жүзүнөн деп өзгөртүп ырдап, такыр көнбөй коюп, уялганы эсимден кетпейт. Ошентип жүзүңдөн деген боюнча калды. Азыр деле ошентип ырдап жүрөт.

Дагы бир нерсе эсиме түштү. Дооронбек Садырбаев тойго чакырып калганда, ага арнап куплет ыр жазып конвертке салып, колуна берип койдум. Ал кийин: «Ой, Дарика, ырды катырыпсыз го…» деп күлүп жүрдү. Ушул сыяктуу кызыктуу нерселер көп эле болгон.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Бишкек таймс» (19-март 2004-жыл)

P.S. Дарика эжебиздин ырларын жакында окуй аласыздар!

 

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.