Учурда Дагестан эл акыны Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына карата бир катар мамлекетте иш-чаралар өтүүдө. Анын ичинде биздин өлкө да бар. Алсак, 24-октябрда К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында Расул Гамзатовдун бюсту орнотулуп, акынга арналып атайын бурч ачылды.
Ошол эле күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда Гамзатовдун ырлары окулуп, обондуу ырлары ырдалды.
Бишкектеги «Русский Дом» жайында «Парнас – Анджело ла Веккия конкурсу» аталыштагы Эл аралык поэтикалык фестивалынын жеңүүчүсүнө — биз сыймыктанган акын, драматург жана котормочу Алтынай Темировага Расул Гамзатов атындагы алтын медалы тапшырылды. Сыйлыкты Дагестан Жазуучулар союзунун жетекчиси Марина Ахмедова тапшырды.
Жакшы көрөмүн го!
Расул Гамзатов атындагы сыйлыкты биринчи алган Алтынай Темирова
Журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) Жакшы көрөмүн го?!» рубрика ачып, элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын деп тилек кылган. Аманат болуп калган бул жөрөлгөбүздүн бүгүнкү коногу — үч (кыргыз, орус, англис) тилде сүйлөгөн, кыргыз, орус тилинде ыр жазган белгилүү акын, драматург, эл аралык бир топ поэзия сыйлыктарынын ээси жана котормочу Алтынай Темирова. Расул Гамзатов атындагы сыйлыкты Кыргызстандан биринчи алган Алтынай Темирова менен ат жалында маек курдук.
— Алтынай эже, сыйлыгыңыз кут болсун! Алтын медалыңызда 2019-жыл деп жазылып жүрөт. Андагы сыйлыктын азыр тапшырылышынын себебин билсек болобу?
— Дагестандыктар акын-жазуучуларын тирүүсүндө да, көзү өткөндөн кийин да баалап-барктай алган мыкты калк. Алар Гамзатовду жыл сайын эскеришет, сынактарды уюштурушат. 2019-жылы италиялыктар менен биргеликте «Парнас – Анджело ла Веккия конкурсу» аталыштагы Эл аралык поэтикалык кезектеги фестивалын уюштурушкан. Ошого катышып, үч ыр жибердим беле, эстен да чыгып кетти. Себеби, ортодо бир топ жагымсыз окуялар (куураган ковид дарты каптап, канча деген адамдарыбыздан айрылдык. Ал күндү эстегим да келбейт) болуп…
Бул фестивалды унутуп деле коюпмун. Аны бир ай мурун эске салган, 80 делегация менен Кыргызстанга келген Италия менен биргелешкен фестивалдын теңтөрайымы, Дагестандын жазуучулар союзунун жетекчиси, Дагестан эл жазуучусу Марина Ахмедова (Кулебякина) болду. Ал мага мындай деп кат жазды: «Алтынай, бул сыйлык италиялыктардыкы. Сиз ырларыңызды жибергениңизди эстесеңиз.
«Расул Гамзатов атындагы атайын сыйлык». Эми Сиз бул сыйлыктын лауреатысыз. Эл аралык поэтикалык конкурс «Парнас – Анджело ла Веккия конкурсу» деп аталат.
Күтүүсүздөн ковид башталып кетип, биз андан соң Италияга бара албай калдык. Диплом менен италия тилине которулуп ырларыңыз чыккан Антология да бар эле. Бул оор мезгилдер да өтүп, италиялыктар бизге өздөрү алып келет деп ойлойм».
Ошентип, 2019-жылы Италияда өткөн Эл аралык фестивалдын Расул Гамзатов атындагы алтын медалын улуу акындын 100 жылдыгында — өз мекенимде алып отурам. Ушул жылга буюруптур! Сыйлыкты Марина Ахмедова өзү тапшырды. Анын айтымында, диплом да өзгөчө, темирден сонун жасалган экен. (Күлүп) Медалы да олимпиадалык чемпиондордукундай моюнга илме экен. Марина айымга ыраазычылык билдирем!
— Сынакка ырлар кандай критерийлер менен тандалат экен? Бул сынакка канча ыр жибердим дедиңиз?
— Эл аралык фестивалга аябай көп өлкөлөрдүн акындары алардын жол-жобосун окуп, анан жиберет да. Ар бир фестиваль ар кандай санда сурайт. Мисалы, 33-Эл аралык Меделлин поэзия фестивалы жана ага биргелешкен Дүйнөлүк Поэзия фестивалына 15 ыр сураган. Бүт испан тилине которуп, Альманахка чыгарышты. Азыр үчтөн ырды Антологияга чыгарып атышат. Бардык фестивалдар алгач эмгегиңди карап тандап, жаккан, жакпаганын айтат. Комиссия, жюри ким экенин билбейсиң, алар сени билбейт. Эмгегиң алардын колунан өтсө, анан сыйланасың. Жогоруда айттым го, фестивалга 3 ыр жибергем болушум керек, унутуп коюпмун деп… Ырларымдын бири -Тибет «керемети» жөнүндө аңыз.
ТИБЕТ “КЕРЕМЕТИ” ЖӨНҮНДӨ АҢЫЗ
— I —
Карт Гималай, Тибетти мекендеген,
Жараткандын белеги – эл издеген
мээр чөптөй, көп элге миңдин бири, –
жер үстүндө “жеткенге – жетем” – деген,
миң-миңдеген кылымдар, жылдар бою,
көзгө урунбас көп сырын бекемдеген,
чөп да эмес, жаныбар дагы эмес,
жер алдында жетилген – укмуш элес! –
көпөлөктүн куурчагы тамыр алды,
чыпалактай чыкчыйып бою дагы,
энекеси Жамгырды ээрчий чыккан,
атакеси Тумандын койнунда ыкчам
өсүп дароо жетилип: “Изде!” – деген,
чакырыгын абага таштайт ылдам;
жашырынып көздөрдөн, бадал алды, –
ойногонсуйт жашынмак “таап алчы!..”,
боортоктой унутуп буту барды, –
чөпкө түшкөн ийнедей издейт баары!..
— I I —
Туманга тоо оронот, чүмбөттөлүп,
Кар өйдөлөйт, Жаз чыгып этегинен,
миң-миңдеген кылымдар келген өнүп,
бүт жандууну чыгарбай эсебинен,
Жамгыр элейт көз-жашын күндө төгүп,
чыгалбастан зор сезим жетегинен…
Тамчыларды чогултуп ичип куунак,
жер алдында жетилген чүрпө чунак,
мүрөк суусуна канып касиеттүү,
ийиндеги жаныбардай өсүп чыйрак –
тамырлайт да көпөлөк куурчагынан –
чыпалактай көлөмү – күйгөн чырак,
баалуулугу, кымбаты – алтындан зор,
таң калтырган ааламды сыры турат;
адамзатка өтөөрдө улуу кызмат –
курмандыкка чалгандай өзүн чындап!.. –
Азгырыгы абаны алган курчап!..
Канчалаган жандарды издеттирет,
азап тарткан пендеге өмүр керек,
ал андыктан тартылат ага баары,
көзгө урунбай жашынган, ойноок аны.
Чөгөлөшүп, сойлошуп адамдар бу, –
касиетин сыйлашат табышмактуу!..
Тапкан адам – бактылуу, андан ары,
ызаат менен колуна алат дагы,
берет келген адамга – башка, жаңы…
… Күнү-түнү ченемсиз, улуу наркта,
Сүкүт чалып космоско бек айкаша,
турган Тибет, Гималай карыларга,
башын кошуп, баарлашып бир купуя,
тургансыйт Шамал гана сырга бата… –
күңгүрөнүп күүлдөп, дуулдап да,
миң айлана ааламды зуулдап да,
келген-кеткен жандарды бүт узата… –
болбогондой эч нерсе, көнгөн ага;
жылдагыдай кубулуш сырын тата,
көчөт тынбай миңдеген доорлор мында,
көрүнбөгөн, көлөкө сымал сыза!..
***
Теңир дендүү, жалгыз көздүү
АСМАН алп –
ышкысы күч ып-ысык деми менен
куйкалайт сары көздүү
ашыгы – Азияны, күнү кечке өбө берип…
Түн киргенде көйрөңдөнө
оттуу жабак киет да,
табышмактуу каалгый бийлеп кирет… —
пенделердин өмүр менен өлүмү,
махабаты баянын!..
Айланып бүт ажайып бир белгиге –
адатындай, байыртадан беркиде –
түбөлүктүү ханышасы Азияны,
эң сырдуу, эң тунук – көз жашындай,
жылдыздардын үнсүз жылмаюусундай –
алмаз таажы менен кооздойт –
Көк Теңир;
адамдардын жазмышынын,
ойлордун – каргышынын,
өнүгүүнүн – өтмүшүнүн,
ааламдын өз күчүнүн
бардык сырын ачкандай…
жана Адамдан – Кудайды да
пендени да тапкандай…
* *
Тоолорго!..
Тоолорго!..
Тоолорго!..-
Деп Кыргыз үн салып — Оң, Солдо,
Үндөгөн жүрөгүн бийикке,
Бир конуп
Кайберен, кийикке…
Чокуда бүркүттөр шаңшыган,
Жанашты булутка жаны улам,
Аруулан деп өзүн, — аруу жан!..
Жылдыздай жаныптыр көктө анан,
Ойт берип, ар чоку, ар кырдан…
От болуп ар чоку, ар кырдан,
Кылымдын түндөрүн сапырган
Рухуна сан элди бөлөптүр,
Ченемсиз доорлор атынан,
Бабалар нур болуп калкыган,
Бел кыла урпагын артынан…
Тоолорго!..
Тоолорго!..
Тоолорго!..
деп дайым каранып — Оң, Солго,
Жылдыздуу асманды ойлонто,
Бабалар айбарын козголто,
Айланган тоолорго, тоолорго!..
Сөөлөттүү зор дене алп алар,
Капкалуу шаардай калкалаар.
Сырына сан элди таң кылган
Купуя катылган жаалы бар!
Жазданып өңүрүн бир жабар
Жашаган урпактын багы бар!..
Бүгүн да
Тоолорго!..
Тоолорго!..
дейт кыргыз жүрөгү — Оң, Солдо,
түбөлүк, урпактан урпакка
Торолуп тоолордо,
Тоолордо!..
***
Ак сарай, Эгей деңиз боюндагы,
Маңкайып эч бир кирсиз, бекем, жаңы.
Ушунча толкунданып, эстен танып,
Урматтап сүйүп турат деңиз аны.
Түбөлүк махабаты – жалгыз ага,
Баш урат, ыйыктыкка табынабы?!..
Жээкти кечип турган татына, зор,
Жумуру, сыйда, аппак мамылары…
Оройт да, күрсүнөт оор, онтойт, сүйөт,
Сезилип, купуя сыр – миң жылдаркы, –
Сестүү бир, күүлдөгөн дабышынан,
Алтымыш аалам күчү жаңырабы?!.
— Расул Гамзатовдун чыгармачылыгы менен тааныштыгыңыз качан башталган эле? Окуучулук кезибизде «Эртең тилим жоголору чын болсо, анда жакшы бүгүн өлүп калганым» деген саптарын жаттап, тааныштык эле…
— Бул саптарды баарыбыз эле жаттадык окшойт… Расул Гамзатовдун ырлары чет тилдерге, анын ичинде биздин тилге да которулган акындардан да. Анын «Менин Дагестаным» повестин Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун бир тууган агасы акын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогулов которуп, Гамзатов кыргыз окурмандарына Аман аганын котормосу кеңири таанылтканын мурунку, ортоңку муун жакшы билебиз да. Кийинки муун эле билбей калбаса, авар акынынын кыргыз тилине которулган чыгармалары адабият ышкыбоздорунун сүймөнчүгүнө айланганы да айныгыс факт.
Мен жакындан баарлашпасам да, студент кезде Гамзатовду көрүп калдым. Москвада окугам да. Москвадагы жазуучулар союзунан, Адабиятчылар үйүнөн көрчүмүн. (Күлүп) Ал учурда азыркыдай сотка жок, болбосо сүрөткө деле түшүп калмак экенбиз. Анын үстүнө тартынчаак болдук да, атактуу акын-жазуучуларды көргөндө сүрдөп, жанына жолой алчу эмеспиз…
Сыйлык сиздики – сыймык биздики
Алтынай айым тумоолоп жатканына карабай маек куруп бергенине терең ыраазычылык билдиребиз. «Алтынай, сыйлыгың кут болсун! Бул жалгыз эле сен үчүн эмес, жалпы кыргыз адабияты үчүн да кубанычтуу окуя» деп акын агабыз Өмүрбек Тиллебаев жазгандай, сыйлыгыңыз жалпы кыргыз элинин кубанычы. Сыйлык сиздики – сыймык биздики.
Назира СААЛИЕВА