Эгиздердин эмгеги…
Белгилүү тележурналист Элмира Тезекбаеванын ысымы кыргыз элине жакшы тааныш. Себеби, Элмира эже Улуттук телерадиоберүү корпорациясында (УТРК) бир топ жыл эмгектенип, “Улут уңгу ой ордосу”, “Баракелде-е!», “Жылдыздар манежде”, “Кыйырдагы кыргыздар”, “Бейне” сыяктуу элге пайдалуу, кызыктуу телеберγγлөрдγ алып барды. Япония, Кытай, Италия, Сан-Марино, Германия, Голландия, Түркия ж.б. чет жерлерде окуп, иштеп, жашап жаткан мекендештерибиз тууралуу сапар баяндары кызыктуу чыгып баштады эле, кийин токтоп калды… Канча деген маектеринде атактуу инсандардын бейнесин ачып бере алды. Кыскасы, Элмира эже УТРКга кызылдай эмгек кылды, эмгеги аябай сиңди… Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер болду.
«Аккан арыктан суу агат» дегендей, Элмира эже мыкты үй-бүлөдөн тарбия алган кыздардан. Атасы өмүрүнүн акырына чейин Жумгал районунун мектептеринде директор болуп эмгектенген педагог, белгилүү жазуучу, сатирик Асанбек Тезекбаев. Апасы Шааркан Кенжегулова “Октябрь Революциясы”, “Эмгек Кызыл Туу” ордендеринин ээси, эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Баатыр Эне эле… Ата-эне чыйырына түшүп мугалим болбосо да, журналистиканы тандап, агартуу ишин телевидениеде уланткан.
Элмира эже сегиз бир туугандын бешинчиси, эгиздин түгөйү. Эгизи да жөн адам эмес, эркин күрөш жана самбо боюнча СССР спорт чебери, Эл аралык мас-рестлинг (таяк тартыш) федерациясынын эл аралык калысы,Кыргыз Республикасынын мас-рестлинг федерациясынын вице-президенти, жергиликтүү мас-рестлингдин өнүгүшүнө, эл аралык иш-чаралардын жогорку деңгээлде өтүшүнө, Кыргызстандагы мыкты спортчуларды издеп таап, эл аралык беттештерге даярдап, эл аралык деңгээлдеги чемпиондордун чыгышына зор салымын кошуп, учкундай өмүрүн спортко арнап өткөн Эркинбек Тезекбаев. Эркинбек агабыз жөнүндө Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Кут Билим» гезитинин баяндамачысы Кабыл Макешов агабыз эстутум макала-маектерди арнап, ал эле эмес, китеп да жазып салды. Ошол китепке арнап Эркинбек аганын эгизи Элмира эже менен маек курган экен, сурап сайтыбызга берип турганыбыз. Келиңиз, кызыктуу маекти чогуу окуйлу, окурман!
Назира СААЛИЕВА
Элмира ТЕЗЕКБАЕВА: «Эгиздин түгөйү экенимди эч кимге деле айткан эмесмин»
— Элмира, сенин эгиз экениңди тээ илгери студент кезде Эркинбек менен Университеттин спорт аянтчасында футбол, волейбол ойноп жүрүп, тыныгууга чыкканда “сен кайдан, мен бул жактан?” деп таанышып, аркы- беркини сүйлөшүп, сөздөн сөз чыгып отуруп, ошондо “Элмира Тезекбаева деген журналист менин эгизим болот, силерде окуйт” дегенде аябай таң калган элем…
— Негизи мен эгиздин түгөйү экенимди эч кимге деле айтчу эмесмин. Бирок кайдан-жайдан билбейм, журналистика бөлүмүндө окуган группалаш, курсташтарымдын көбү билип алышыптыр. Көрсө, сендей болуп экономика факультетинин балдары футбол, волейбол ойногону спорт аянтына барганда, филфактын студенттери да ойногону келиптир десе эле Эркинбек, “Элмира Тезекбаеваны тааныйсыңарбы? Экөөбүз эгизбиз. Достор, ага бирөөлөр тийишпесин, көз салып жүргүлө!,- дечү тура. «Ой, Эркин, Элмира биздин көз салганыбызга деги эле муктаж эмес! Ал эмне эле шамдагай, күчтуу десе, эгизи спортсмен турбайбы. Ал бир койсо эле сула жыгылабыз» деп Эркинбекке айттык» деп күлүп калышчу. Ыраматылык Мелис Эшимканов менен Мамат Сабыров да аны менен футбол ойноп жүрүп таанышкандарын айтышкан эле.
— Андай болсо сен деле спорттун бир түрү менен машыксаң болмок экен да?
— Ата-энебиз Эркинбек экөөбүздү андагы Фрунзедеги Н.Крупская атындагы спорт жатак мектебине алып келишкен. Ал күрөшкө, мен гимнастикага катышмакмын. Тээ айылдан чыкканда эле гимназистка болом деген ниет менен кереметти элестетип келгем да. Келсек эле жайнаган орус жана башка улуттар, анда- санда эле кыргыздар жүрөт. Эртеси медициналык комиссиядан текшерүүдөн өттүк. “Кызыңар май таман экен, гимнастикага жарабайт! Кааласа чуркоого, жеңил атлетикага барсын!” дешиптир. Баягы мен элестетип жүргөн керемет жомок так ошол жерден жок болду. “Чуркабайм, андан көрө айылга кеткеним жакшы» деп капалансам, “бир чейрек окуп көрчү, балким чуркоо деле жагып калаар, такыр эле жакпаса кайра келип алып кетебиз” деген ата-энебиз экөөбүздү таштап кетип калышты. «Чынын айтсам, чуркоого деле, сабакка деле мойнунан байлаган иттей болуп араң барам, эч нерсеге көнүлүм келбейт, кетем» деп Эркинбекке кээде ыйлап калчумун. «Сага жактыбы?- десем, ал аябай жактырганын айтты. “Тиги кызыңарды кыйнабай алып кете бергиле!” деп мугалимдер, тарбиячылар ата-энеме чалыптыр . Ошентип биринчи чейрек чыга электе эле кайра айылга кеттим. Эркинбек болсо калды. Балким ошондо “гимнастикага жарайсың” деп алып койгондо, тытынып машыкмакмын да, ким билет?! Ушул кезде спорт тармагында жүрмөкмүн.
— Ка-ап, Кыргызстандагы спорттун гимнастика түрү боюнча сөз болгондо, ушул тармактын баштоочуларынын бири болгон деп сени айтып калмак экенбиз да. Демек спорттон жолуң болбой калган турбайбы. Эми Эркинбек жөнүндө кеп болуп жаткан соң тээ балалыкка баралы. Ошондо кимиңер биринчи төрөлүптүрсүңөр?
— Бизге чейинки бир туугандарыбызды апам шаарга келип, Фрунзедеги №1 төрөт үйүнөн төрөп кетчү экен. Ал кезде УЗИ деген болбоптур. Доктурлар апама: «Аябай эле чоң көтөрүп жатасың, андыктан олтурба, кыймылда, көп бас!» дешиптир. Анан апам басат деген ушул экен деп жер-суунун баарын кыдырып, “Ала Тоо” кино театрына кирип, хроника, даректүү фильмдерди көрүп, төрөт үйүнө шашпай барыптыр. Ошол жерден эле доктурлар: «Мунун шашпай хроника, кино көрүп жүргөнүн кара, кокус эгиз төрөп салсаң эмне болот, ыя! Ичиң башкача чоң» деп жаткырышат. «Эгиз» дегенди уккан апам: «аябай коркуп, оозум ачылып, көзүм чекчейип» калган деп калчу. Ошентип апамдын ай-күнү келип, алгач мен төрөлүптүрмүн. Медайымдар мени көрүп эле, «Апей, Фурцева төрөлдү!» дешиптир. Көрсө, ошол кездеги СССРдин маданият министри Екатерина Алексеевна Фурцеваны айтышкан тура. 15 мүнөттөн кийин Эркинбек жарык дүйнөгө келиптир.
— Кызык экен, медайымдар бир чети билгендей эле айтышыптыр го. Фурцевадай болуп министр болбосоң да, чыгармачыл адам болдуң. Маданият тармагына опол тоодой салым кошуп жүргөнүңдү билебиз. Дагы жакшы ата-энең ысымыңды Екатерина да койбоптур. Ат койгондо бир топ эле талаш-тартыш болсо керек?
— Ооба ошондой болуптур. Талашып-тартышып олтуруп, Эркинбек, Эркингүл болсун дешет. Апам дайыма бир тууган эжеси Жумаш таеженин үйүнө келчү да. Ошондо Эшенкул таажезде: «Ой, Эркингүл деген кантип болсун? Элмира эле деп койгула, келечекте доктур болсун! Азыр ушул ат аябай мода болуп жатпайбы?!. Калыйбек Тагаевдин “Элмирасын” уктуңарбы, кандай керемет ыр!» десе, «Ооба, ал ыр бизге да жагат” деп, атымды Элмира коюшуптур. Кубанган атам эгиздери менен апамды төрөт үйүнөн чыгарат. Жумгалга алып кетип баратканда жер-суунун баарын кыдырып, эгиздердин коляскасын издеп, таап сатып алат. Анысы аябай чоң болгондуктан машинеге батпай, илгери “Кукуризник” деп коюушчу эле го, талаага жайылып кеткен чегирткелерге уу дары чачкан АН-2 деген самолетчу, ошого жүктөп алып, биздин айылдын маңдайында “Арал” деген жер бар, ошол жакка АН-2ни кондуруп, эгиздердин коляскасын алып келген экен. Атамды деле, колясканы деле караган киши болбоптур. Өйдө жак, ылдый жактан чогулган кишилер жарданып, АН-2ни тигиле карашып, айрымдары “ичине түшүп укмуш болгонбуз” деп, биз эс тартканга чейин ушул окуяны айтып жүрүштү.
Ошол кездеги ата-энелерге даңк деп коем. Ар бир үйдө болбой калды дегенде эле жети, сегизден бала бар эмес беле. Ошого карабастан ынтымак, биримдик, ырыс-кешик, береке, бири бирине кол сунуп, жардамдаша коюу деген кадыресе көрүнүш болчу. Сенде жок, менде бар деген түшүнүк болгон эмес. Кимдин колунда бар болсо ортого коюп, бир көмөч нанды деле бөлүшүп жей беришчү. Бир айылдын балдары ызылдап, аркы өйүз-берки өйүз болуп чуркурашып качмай топ, чикит, чий куурчак, жайкысын арыктагы сууга көлмө жасап түшүп, кышкысын дөңдөн ылдый чана, лыжа тээп, сайга барып муз тээп жыргап ойноп күлүп жүрө берчүбүз.
Түйшүк жөнүндө айта турган болсом. 4-5 ай болгонубузда Эркинбек ооруп калып, мен эмчек эмбей таяжемде чоңоюптурмун. Чоң апам Ракыянын айтуусу боюнча, аркы өйүздөгү кошунабыз Нуркуйса деген апа бар эле, ошол апанын Самаркүл деген кызы экөөбүз эмчектеш болуптурбуз. Негизи кенедей кезимде атам менен апамды көп деле элестете албайм. Көргөн-билген, тааныган кишим чоң энем болду. Чачысы бар жоолукту арта салынып, жашыл, көк, кара кемселинин бел курчоосунда шарактаган чачбагын умачтай кармап алып, буттарына чалынып, аркы өйүз, берки өйүзгө айылчылап, аш-тойлордун баарына барып, этегинин алдында уктап калган күндөрүм көп болгон. Кээде кыш, кээде жай сүт ташыган машинеге түшүп алып, узак жол менен бир жакка барып келебиз. Ата-энемди, байкемди, эжемди, Эркинбекти ошол жактан көргөм. Көрсө, райондун борбору Чаекке барчу турбайлыбы. Ал кезде атам партиянын райондук комитетинде, апам кыздар интернатында директор болуп иштечү. Эркинбек кенедей кезинде жанагинтип ооруп калгандыгына байланыштуу дайыма атам менен апамдын жанында болуптур, мен болсо айылда чоң энемдин колунда калыптырмын.
— Ошондо экөөңөр эки башка чоңойдуңарбы?
— Калп айтпасам 4-5 жашка чейин ошондой болду. Атамдар Чаектен Кызарт совхозунун, “Жаңы-Арык” орто мектебине директор болуп которулуп барды. Ошондо бүткүл үй-бүлө чоң-кичине дебей, баарыбыз чогулдук. Эркинбек экөөбүз 1-класстан 3-класска чейин “Жаңы-Арык” орто мектебинде бир партада олтуруп окудук. Билим башаты болгон биринчи мугалимибиз Үмүт Султакеева деген эжей эле. Эсимде окуганыбызга эки жумадай болуп калган. Үмүт эжей баарыбызды катар тизип алып, медпунктка тишибизди көрсөткөнү алып жөнөдү. Тар бөлмөдө эки эже олтуруптур, бирөөсү тиштерибизди көрүп, экинчиси кагазга жазып жатты. «Аты жөнүң ким?» десе эле баары аттарын «Баланчаева, Төлөнчөева» деп эле шакылдатып айтып жатат. Бир маалда мага кезек келди:
— Атың ким?
— Элмира.
— Фамилияң ким?
— Деректирова. Капталымда Эркинбек турган ал нукуп:
— Эй, сен туура эмес айтып алдың, Асанбекова деп айт — деди шыбырап.
— Жинди болбочу, ал атамдын аты да, фамилияң ким деп жатпайбы? Ошондо Деректирова болот да,-дедим үнүмдү катуу чыгарып.
Баягы жерден Үмүт эжейим баш болуп, берки экөө төш болуп көздөрүнөн жаш чыккыча аябай каткырып күлүштү. Көрсө, мага “фамилияң мындай болот, тигиндей болот” деп эч ким деле айтпаптыр. Үмүт эжейибиз деле класстан баарыбызды атыбыздан айтып чакырчу да.
Баса, дагы бир эсте калган окуя. Бир күнү класста олтуруп эле ыктытып калдым. Үмүт эжей колума китеп карматып:-Үнүңдү катуу чыгарып оку,-деди. Шар окуй алчу эмесмин, муундап окуп да жатам, ыктытып да жатам, баягынын басыла турган түрү жок. Эжей күлүп, башын чайкап ордуна олтурду. Эки жагын кайсалактап каранып:
— Менин калемсабым, сыя челегим жок да ыя, сен уурдап алган жок белең? -десе боло.
— Жо-ок, мен алган жокмун,-дедим көзүм чакчайып. Балдар кыздардын баары чын эле уурдап алган го дешкенсип, мени жарданып карап калышты. Эркинбек экөөбүз бир партада олтурчубуз да, ал да мени таң калып карап, сумкамды аңтара баштады:
— Мына, эжей, алган жок, сумканын ичинде эч нерсе жок,-деди.
Эмне болгонумду билбейм, баягы жерден бакырып-өкүрүп эле ыйлап баштадым. Бир маалда Эркинбек да ыйлап кирди. Бизди көрүп алып бүт класс ыйласа боло. Эжей кимибизди сооротушту билбей, ары чуркап, бери чуркап эси ооду. Бир маалда сумкасынын капталынан сыя челеги менен калем сабын алып чыгып:
— Мына, мен силерди тамашалап койдум. Кана, Элмира эмне ыктытпай токтоп калдың, жанагы чылап ыктытпайсыңбы,-деди. Ичимен чын эле эмне ыктытпай калдым деп коем. Көрсө, эжей менин ыктытканымды ошентип, чоочутуп токтоткон экен.
Бир күнү мектептин төбөсүнөн, жакын эле аралыктан вертолет тегеренип учуп жүрдү. Бири бирин уккан киши жок:
— Оой самолет, самолет канатыңа сала кет,-деп эле жарданып асманды карап алып кыйкырып жүрөбүз. Бир тобу көпүрө жактагы бош жерге конот экен деп чуркап жөнөштү. Чоң класстын балдарынын арасынан Эркинбекти да көрүп калдым. Алардын артынан биз дагы бара турган болуп калганда, Үмүт эжей:
— Ай токтогула, бул вертолеттун эмнеге келгенин билесиңерби, ыя? Силер эмне киши атаар Зарлык менен кошо кеткени жатасыңарбы? — дегенде баарыбыз тык токтодук. Бери дегенде эки, үч ай мурун болсо керек Зарлык деген киши бир үйгө барып 4-5 кишини катары менен атып, эч кимге карматпай качып, аны милициялар күнү-түнү дебей талаа түздөн, тоо-таштардан, чытырман токойлордон издеп жүрүшкөнү жөнүндө уу,-дуу кеп эл арасына катуу тараган эле. Бир топтон кийин Эркинбектер келишти:
— Вертолеттон автомат көтөргөн военный кишилер түштү. Бир машинага Зарлыкты салып алышыптыр, колунда кишени бар экен, башына кара мүшөк кийгизип алып кетишти,- дешти. Класста олтургандар вертолеттун күрүлдөп асманга көтөрүлүп, учуп кеткенин гана угуп калдык.
— «Зарлык деген киши атаар чыгыптыр» деп биз да угуп калганбыз. Жогоруда 1-класстан 3-класска чейин “Жаңы-Арык” мектебинде окудук дебедиңби, ошондон кийин силерди дароо эле шаарга спорт мектебине алып кетиштиби?
— Жок, орто жолдо атамды Миң-Куш шаарчасындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектепке директор кылып которушту. Ал жерде мен ашып кетсе 2-3 чейрек эле окудум. Чоң апам кайра айылга кеткен да, жалгыз калды деп эң улуу байкемди, мени кошуп айылга жиберишти. Ошондо спорт мектебине 5-класс окуп жатканда барыптырбыз. 1-класстан 3-класска чейин чогуу окугандыктан ошол күндөр гана эсимде. Мага караганда Эркинбек жакшы окучу. Кичинекей кезинде ата-энемдин колунда болуп калып, алар тамганы, окуганды да үйрөтүшүптүр. Мен болсо кемпир менен айылчылап, музоо аркандап, кой кайтарып, качмай топ ойноп, бал каймак жеп, буркураган самоордун чайын ичип, катып койгон кантын, момпосуйун, наваттарын жеп жүрсөм кайдан?! Эң улуу эжем, “мунуңар тамга тааныбаган, таптакыр эле жапайы болуп калган неме турбайбы?,-деп “Алиппени” колума карматып, он күн дегенде араң үйрөттү окшойт. Кайдагы бир балээге калдым эле, баягы көпөлөк кубалап, дөңдөн ылдый чымын-куюн болуп чуркап жүргөн күндөрүм сонун турбайбы?- деп өтө капа болгом. Биздин бала кездеги унутулгус күндөрүбүздүн көбү “Кызарт” айылында өттү. Андан кийинки күндөр, ал жакка такыр окшобой калды. Ошентип Эркинбек спорт жатак мектебинен 10-классты окуп жатканда, 3-4-чейректи окуганы гана айылга келди. Ал учурда шаарда окуган балдар-кыздардын көбү Жогорку окуу жайга тапшырыш үчүн аттестатты жакшы баалар менен толтурулушу керек болчу да, көбү ошол максатта айылдардан келип окуп кетишчү. Келгенде, албетте, баарыбыздан айырмаланды. Шаар көргөндүктөн баскан-турганы, сүйлөгөнү, орусча билгени айылдык балдар үчүн укмуштай эле сезилди. Ошондой эле спорт менен машыгып, күрөшүп жүргөндүктөн көп балдар ага таасирленип, ошондо спортко кызыгып калышкан, ал турмак бир тобу кийин спорт мектебине барып окуп калышты.
Мен Фарида деген кыз менен олтурчумун. Эркинбекке сен эми каякка олтурасың, экөөбүз чогуу олтуралыбы десем, ал: «Кой, менин боюм узун да, досканы тосуп калам, артымдагылар көрө албай калышат. Эң артына эле олтура берейин»,-деп болбой арткы партага барып, Бердибек менен олтуруп калды. Эркинбек бир чети аябай жүдөдү. Өзү каалагандай спорт менен машыга албаса, спорт мектебиндеги мугалимдер алардын койгон талаптары башкача болчу да. Батма деген орус тилден сабак берген эжейибиз бар эле, анын сабагы киргенде экөө орусча сүйлөшүшөт, калгандарыбыз оозубузду ачып аларды карап олтурчубуз. Ошондо «баягы спорт мектебине барганда чуркоосуна катышып кала бербей… мен деле ушинтип сүйлөмөк турбайымбы”,-деп аябай өкүнгөм.
— Эркинбекке ашык болгон кыздар арбын болсо керек ээ?..
— Биз директордун балдары, кыздары болгонубуз үчүн жалгыз эле Эркинбек экөөбүз эмес, бизден улуулары деле бей чеки басып кетмей, бирөөлөрдүн туулган күнүнө, олтурушка бармай деген түшүнүк жок болчу. Ал кезде Кыздар комитети, Ата-энелер уюму, пионер, комсомол комитети дегендер бар эмес беле. Кимдир бирөөнүн туулган күнүнө, олтуруша барыптыр, 8-Март же 23-февралга карата чогулуп жатышыптыр деген имиштер угулду дегиче бүттү, агай-эжейлер түз эле биздин үйгө, б.а. директордун үйүнө келишчү дагы болгон маалыматтын баары айтылып, ошол жакты көздөй жөнөп калышчу. Ошондуктан элестетип жатасыңбы?! Кайдагы сүйүү… Анын үстүнө директордун балдар-кыздары болуп жаткан соң, темирдей тартип бизден башталчу да. Бирок арадан алты-жети жыл өткөндөн кийин, капыл-тапылынан жолугушуп калганда классташ кыздардын айрымдары: «Ий, Элмира, эми айта береличи, Эркинбекти иттей жакшы көрчүбүз да, далай жолу кат жазалы,- деп жалаң эле Гүлнар эжеден коркуп жүрүп өтпөдүкпү» деп күлдүрүшкөн. Ал эжейибиз кыздар комитетинин төрайымы, кыргыз тил адабиятынан сабак берчү. Бирөө жарымдардын катын кармап калды дегиче, чын эле укмуш “разборкалар” болчу. Бул жактан шаардан деле ошол кезде финтехтин, Университеттин экономфагында, биздин филфакта окуган кыздар деле: «Бири-бириңерге такыр окшобойт турбайсыңарбы, бирок, сага караганда Эркинбек красавчик экен. Эми кантебиз ыя, бизди карабайт го» деп каткырып калышчу.
— Жогорку Окуу жайына эмне үчүн чогуу тапшырган жоксуңар?

— 1980-жылдын июнь айы эле. Күн аябай ысык, жайдын аптабы. Атамдын “Жигулисине” түшүп алып окууга тапшырганы шаарга келдик. Азыр элестетсем, 6 –кичирайон жактагы Жакып Медетов деген, атамдын жазуучу досу бар эле, ал кишини сен деле жакшы тааныйсың, ошол кишинин үйүнө келдик. Машинанын ачкычын атам Эркинбекке карматып: «Силер олтуруп тургула, мен бат эле чыгам», -деди. Арадан эки сааттай өтүп кетти окшойт, эшикке чыгып ары-бери басып коебуз, Эркинбек кайдан-жайдан алып келгенин билбейм, балмуздак, лимонад алып келди, ысыкта жакшы болду деп аларды ичип-жеп, өх деп калдык. Бир маалда өйдө жактан атамдын үнү чыкты: «Тепкич менен чыгып, бул жакка келгиле!» деген. Бардык. Үй толтура киши. Манас, санжыра тууралуу кызуу кепке кирип калышыптыр. Эркинбек экөөбүз кыпчылып этек жакка олтуруп калдык. Жакып аяш атагын жубайы Роза эже күлчөтай жасап коюптур, андан куюп берди, ичип, тигилерди кунт коюп угуп да жаттык. Эми сүйлөшкөндөрүн көрсөң керемет, уккуң эле келет. Айтор, күн кечтеп баратканда атам ордунан туруп, «Булар менин эгиз балдарым. Элмира менен Эркинбек, жана айткандай окууга тапшырганы келишти.

Жакып атаңарды тааныйсыңар да, булар Токтосун Самудинов, Жунай Мавлянов, Шабданбай Абдраманов, Асанбек Стамов деген акын-жазуучу аталарыңар болот, баары менин досторум» — деди атам. «Баягы эгиздериңби? Чоңоюп калышкан турбайбы? Кудайдан болуп эми каалаган окууларына өтүп кетишсин»,-деп баталарын беришти. Кызыктын баары чыгып жатканда башталды. Эркинбек ачкыч менен машиненин эшигин бекитпептир да, ачык калгандыктан баары документтерибизге чейин уурдалып кетиптир. Жакып ата биз менен чогуу милицияга барып, арыз жазышты. Кайра айылга кете турган болуп калдык. Негизи атам үнүн бийик көтөрүп, кагып-силкип, бирөөлөргө катуу айткан киши эмес эле. Бу жолу көзү канталап, үнү каргылданып, ачууланды: «Мына, аттестатыңар, паспортуңар да жок, эч нерсеңер жок. Кара талаада калдыңар. Булардын баарын кайра калыбына келтириш үчүн билесиңерби, бери дегенде эки жыл керек. Эртең Чаекке барып баарын өзүңөр бүтүрүп келгиле. Жо-ок бүтпөйт экен, анда бириң трактор айдап, бириң контордун полун жууп жүрө бергиле. Андан башка арга да, жол да жок» деп, жолду карата өкүртө тилдеп барды. Эртең менен шаарга кетип, кайра түн ортосунда үйгө келсек, үйдөгүлөрдун баары биздин кебетебизди көрүп “шок” болуп калышты. Ордунан эми козголуп туруп жаткан чоң энем, маселенин чоо жайын түшүнгөндөн кийин: «Баары табылат. Алтын башыңар аман экен болду, мага ушул эле керек. Эң башкысы Кудайдын көзү түз болсун, бар балээнин баары ушуну менен чыгып кетсин»,-деп чыныга толтура суу куюп келип, башыбыздан тегеретип, эшикке чыгып төгүп келди. Апам же үндөн жок, же сөздөн жок мелтиреп гана туруп берди.
…Бул окуя менин да, Эркинбектин да көкөйүнө көк талкандай тийген азаптуу күндөр болгон. Атамдын күчү менен гана бир жумага жетпей баягы документтердин баары калыбына келип, кайра шаарга барсак, экономфакка толтура киши тапшырып, документ кабыл албай калышыптыр. Мен акыркылардан болуп тапшырып, үлгүрүп калдым. Эркинбек кайра айылга кетти. Колхозго барып, катардагы жумушчу болуп, элге кошулуп, атам айткандай, трактор айдап, суу сугарды. Кийинки жылы окууга келип, экономфакка өттү. Анын жатаканасы башка жакта, меники башка жакта болгондуктан дээрлик жолуга деле албай калчубуз. Мага караганда, силер, Кабыл, менин группалаштарым, курсташтарым футбол ойноп жүрүп, Эркинбекке көбүрөөк жолукчу экенсиңер.
— Сенин чыгармачылыгыңа Эркинбек кандай баа берчү эле?
— Атак-даңкым ашып-ташып кетпесе да, завод, фабрикадай болуп бир тынымы жок, гезиттерде, радиотеледе иштеген көп журналисттердин катарындамын десем болот го. Бирок чоң долбоорлорду жасаганда, мисалы, улуттук идеологияга байланыштуу “Улут уңгу ой ордосу” программасын, Атай Өмүрзаков чыккан “Баракелде-е!!!”ни, Кыргыз улуттук цирки менен биргелешип даярдаган “Жылдыздар манеждени”, “Кыйырдагы кыргыздар”, “Бейне” сыяктуу көрсөтүүлөрүмдү дайыма болбосо да, ара-чолодо көрүп калаарын айтчу. Айрыкча, Япония, Кытай, Италия, Сан-Марино, Германия, Голландия, Түркияда окуп, иштеп, жашап жаткан мекендештерибиз жөнүндөгү телекөрсөтүүлөрүмдү үзбөй көрдү. «Сеники эле жыргал, кеттим деген жагыңа кете бересиң, кийинкисинде кайсы мамлекетке бара турган болдуң?» деп күлүп калчу. Негизи атам дагы жазуучу, сатирик болгондуктан чыгармачылылыкка өзү деле жакын болду. Макал- лакаптарды, ырларды көркөмдөп айта коюп, колуна комуз алып чертип, керек болсо обон созуп ырдай да койчу. Ушул таланты ачылбай кетти окшойт. Советбек деген инимдин Алия деген кызы бар, Мукаш Абдраевде окуган, эшиктен кирээри менен колуна комузду кармата салып, «Кана, кызым, эми ырда» дей берчү. Анын кесиби өзүң билгендей, экономист эмес беле, бул тармакты көп түшүнбөгөндөн кийин, бир да жолу кызыгып, сураган эмесмин.
Ал эми спорт жаатында кесиптештери, достору, Таяк тартыш федерациясынын балдар-кыздары сага айтып беришсе керек. Мен билгенден кайсы жерде болбосун, той- топурдабы, машинедеби, же үйдөбү, айтор, баардык жерде каалаган учурда, каалаган мезгилде телефондон, жакынкы алыскы өлкөлөрдөгү Мас-рестлинг федерациясынын президенттери менен, айрыкча, Иннокентий Юрьевич менен бул жактан Искендер Алымбеков, Келдибек, Гүлнара, Чолпон Түмөнбаева, Руслан, Марат дагы бир топ балдар-кыздар менен ушул таяк тартыш боюнча бапылдап эле сүйлөшүп олтурчу. Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында күн-түн дебей иштешти. Себеби, чет өлкөдөн дагы бир топ спортчулар, калыстар, федерация жетекчилери келмек экен. Аларды тосуп алуу, узатуу маселерин бүт командасы менен уюштуруп, чуркап жүрүштү. Кырчын жайлоосунда маданий иш-чаралары тартылып, Чолпон-Атада ачылыш, жабылышы анан жалаң спорт оюндары болбодубу. Ошол иш-чаранын баарына чет өлкөлөрдөн келген спортчуларды, федерация жетекчилерин алып барып, кыргыздын меймандостугун көрсөтүп жүрдү. Үчүнчү Көчмөндөр оюндары жыйынтыкталганда Айзада Тойгонбаева деген кесиптешим айтып калды: «Эже, мобу Эркинбек Тезекбаев дегенди тааныйсызбы? Фамилияңыз окшош экен дегеним да, Таяк тартыш мелдеши боюнча ушулар алдыга чыккан турбайбы?! 12 бала катышып, баары байге утуп алышыптыр» деп калды. «Ошондой болуптурбу? Керемет жаңылыгың бар го. Таанымак турсун алдагы Эркинбек байкең менин эгизим болот да» ,-десем, Айзада аябай таң калып: «ИИ, эже, болуңуз, анда телефонун бере салыңыз, түз эфирге чакырышыбыз керек экен, тиги уюштуруу комитети эфирге чыгаргыла!» дешиптир» ,-деди. Ошентип телефонун бердим, өзүм да чалып куттуктадым. «Айтор ,чемпиондорубуз менен барып, сүйлөбөгөн телерадио, сайттар, бизди жазбаган гезит-журналдар калбады го. Аягында укмуштуудай жылдыз болдук»,-деп Эркинбек күлгөн эле.

Эркинбектин Кыргызстанда Таяк тартыштын пайдубалын түптөп, кышын кынаптап, чатырынын жабылып калышына салымы зор болгон. Өткөндө Түркияда Бүткүл дүйнөлүк төртүнчү Көчмөндөр оюндары болду го, ошого “эл аралык калыс, андан тышкары уюштуруу комитетине кеңешчи болуп барам”- деп аябай сүйүнүп жүргөн эле. Баса, ошол Түркиядагы мелдешке Эркинбектин эң ишеничтүү шакирти, учурда Азия Федерациясынын биринчи вице-президенти Искендер Алымбеков бир топ спортчуларды жетектеп барып, алтын, күмүш, коло медалдарды утуп келишти. Андан кийин Америкага барышып, Келдибек Атайбеков деген Эркинбектин аябай жакшы көргөн шакирти бар, ошол жигит алтын медаль утуп, Дүйнө чемпиону болуптур. Ушуларды угуп, көрүп Искендерге аябай ыраазы болуп олтурам. Бүтүндү бүлдүрүш оңой эле, бирок аны андан ары алып, улантып кетиш үчүн талыбаган эмгек, изденүү керек да. Кудай буюрса Искендер менен Бакыт баштаган команда, жамааты Эркинбек ойлогондон да эң мыкты жетишкендиктерди жасап жатышат. Ал айтып калаар эле Искендердин атасы өтө билимдүү, мыкты киши экен деп. Демек дагы бир атанын мыкты уулу, элге кызмат кылып, устатынан мурастарын улантып, өсүп келе жатат десем жаңылбайм . Жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги эң жогорку деңгээлдеги азамат жигиттердин бири экен.
— Туура айтасың Элмира, баардык эле шакирттер Искендердей эмес. Мына ушул китептин жазылып калышына, андан мурун УТРКнын “Спорт” каналы аркылуу “Бейне” программасынын тартылып калышына, жыл сайын Эркинбектин жаркын элесине деп Республикалык, Эл аралык турнирлердин өтүп жатышына Алымбеков Искендердин салымы өтө зор.
Ар бир адамдын кыял-жоругу, мүнөзү болот эмеспи. Ушул жагына келгенде экөөңдүн окшош жактарыңар бар беле?
— Жок, таптакыр эки башка болду. Ал мага караганда, боорукер болчу. Кулк мүнөзү, келбети, баскан-турганы, элдер менен тил табыша билгени, жүз пайыз атамды тарткан. Туугандарыбыздын, башкалардын деле кичинекей балдары Эркинбекке чап жабышып, чыкпай алдына олтуруп алышчу. Бирөө жарым ооруп жатса, доктурга алып барып көрсөтүп, жаткырып, кимдин колунда жок болуп жатса жардамын аябай жөлөп-таяп, айтор, бир туугандары болобу, башкалар болобу, чечилбей жаткан маселелери болсо бапылдап, каткыртып жатып эле бир заматта чечип келчү. Той- топурларга, куда сөөккө барганда кимиси болбосун: «Эч нерсеңдин кереги жок, жөн эле бапылдап сүйлөп жаныбызда олтурчу»деп ээрчитип кетишчү. Адам баласы болгондон кийин чарчайт да, кээде маанайы пас болуп калганда: «Тиешеси барга деле, тиешеси жокко деле антип берип койчу, минтип жардам берип койчу десе эле бара бересиңби, өзүңдү карабайсыңбы, карачы кебетеңди? Алардын деле сеникиндей болгон колу-буту бар, тили бар, мээси бар да, өз проблемаларын өздөрү чечип албайбы? Эмнеге эле кара жаныңды карч уруп бирде тоодо, бирде ойдо жүрөсүң? Эмне жетпейт сага? Андан көрө үй-бүлөң менен эл көрүп, жер көрүп, саякаттап келбейсиңби!» деп айткан күндөрүм көп эле болду.
— Сенин маанайың пас болуп калган учурда , ал сага эмне деп калчу эле?

— Мен андай маанайымды мүмкүн болушунча көрсөтпөгөнгө аракет кылдым. “Тигиге берип жатасың, буга берип жатасың, эмнеге мага бербейсиң» деп кимдир бирөөлөргө атаандашкан күндөрүм болбоду. Азыр эстесем деги эле, жеке өзүмө байланыштуу проблемаларды ага айтпаптырмын. Бирок, ден соолукка байланыштуу үч, төрт жолу операция болдум. Ошондо кайдан-жайдан угуп, кантип келип калганын билбейсиң, эс-мас эсиме келе баштаганда тээ коридордун аягынан: «Жакшылап карап койсоңуздар, эмне болду, эсине келип жатабы?» деген сөздөрү үсүл-кесил алыстан угулуп тураар эле. Өзүмө келгенден кийин, -«Ой, менин операция болгонумду кайдан уктуң? Сенин иштериң толтура да, келбей эле койбойт белең»десем, ал: «Кыйналып жатканыңды билдим да, түшүмдө көргөм» деп калчу. Чын эле мен дагы анын кыйналып жүргөнүн же кубанычын кандайдыр бир белгилер аркылуу сезээр элем. Ушул жагынан алганда бири-бирибизди жан дүйнөбүз, ички туюмубуз менен сезүүдө экөөбүздүн окшоштуктарыбыз бар болчу.
— Уул-кыздарынын ичинен Эркинбектин жолун жолдогондор барбы?
— Кесиби боюнча жок. Бирок спорт жагына келсек, келинчеги Чолпон Таяк Тартыш Федерациясынын уюштуруу комитетинин мүчөсү, жакынкы, алыскы мелдештерге чогуу бирге барып, бул спорттун майда- чүйдөсүнөн бери билип калган. Ал эми улуу кызы Жылдыз, экинчи кызы Бегимай болуп, качан, кайсы күнү үйүнө барсаң, үчөө телефондон эл аралык Таяк Тартыш Федерациясынын Президенттери менен видео байланыш аркылуу айрыкча Иннокентий Юрьевич менен сүйлөшүп олтурушчу. Кээде Америкадан, Индиядан, Пакистандан, Германиядан чалып калганда, «Ой, Жика, Бека, келе калгыла, англисчем түгөнүп баратат» деп кыздарын чакырып алып, бапылдашып, сүйлөшүп калгандарын көп эле көрүп калдым. Уулу Нуртемир кичинекей кезинен бери эле ата-энесин ээрчип, бардык жерде жүргөндүктөн Таяк тартыш мелдештеринин дагы бул спорттун маани-маңызын жакшы билет, түшүнөт. Учурда спорттун волейбол, баскетбол түрүнө катышып, машыгып жүрөт.

— Мен билгенден бир тууган агаңар Кубанычбек Тезекбаев улуттук күрөш спортунун дагы бир түрү болгон “Тай Тебиш” федерациясын жетектеп келе жатат. Иниңер Советбек Тезекбаев болсо Чүй облусу боюнча эркин күрөш, дзюдонун мыкты машыктыруучусу, СССР спортунун чебери, Кыргыз Республикасынын бир нече чемпиону. Ушуларды карап олтуруп, Шааркан апанын таасири зор болгон окшойт деп ойлоп калдым. Минтип айтып жатканымдын себеби, акын , жазуучу, журналист Сайра Батыркулованын апа жөнүндө жазган “Каректе калган издер” деген китебин окуп олтуруп, өткөн кылымдын 50-жылдары жаштар арасында чуркоо боюнча Сочиде өткөн эл аралык мелдеште апаңар 2-орунду жеңип, тарых жасаган экен. Ал учурда кыздардын спортко аралашуусу чоң көйгөй болгон да. Ошондуктан балдарынын спортко жакын болуп калышына апанын тийгизген таасири зор болгонбу деп калдым да?

— Баардык нерсе ата-энеге байланыштуу болоорун, эс тартып, коомго аралашып, анан өзүбүз дагы ата-эне болгондон кийин, чын эле балдардын келечеги ата-эненин таалим-тарбиясына, баскан-турганына, жасап жаткан иштерине байланыштуу болоорун билип калбадыкпы. Ата-энебиз табиятынан эле сергек жашоону, адабиятты, маданиятты, билимди, илимди биринчи орунга койгон адамдар болгон. Алардын айткан дегендерин анчалык деңгээлде жүзөгө ашыра алдык билбейм. Бирок айткан деген жагынан алардан калган жок. Ар ким өз тармагында жөндөмүнө, аракетине жараша аябагандай тири укмуш болуп кетпесе да ийгиликтерди жаратып келатышат. Атам эрте эле 57 жаш курагында өтүп кетип, Эркинбектин Таяк тартыш боюнча жараткан ийгиликтерин дээрлик көрбөй калды. Ал эми апам болсо, спортту билген, баалаган адам катары дайыма дем-күч берип, акыл-насааттарын айтып турчу. Бир жаман жери Эркинбек дагы так ошол атамдын курагында 57 жашында, баягы каргашалуу кара тумоо-ковидде кете бербедиби?! Апам ушул баласынын азабын тартып жүрүп өттү. Деги эле баарыбыз үчүн, үй-бүлөсү, бир туугандары, Федерация үчүн да оңой болгон жок…

— Эмне дейбиз, кайраты кылгыла. Бир келген өмүрдүн баркын, баасын билип, жакшы ниет, жаркын мүнөзү менен өлбөстүктүн үрөнүн сээп, күжүрмөн эмгеги, мээнети менен калктын кадырына арзып, чын дили менен эл достугуна көпүрө болуп, спорт дүйнөсүндө, айрыкча Таяк тартыш спортунун өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп, далай адамга жакшылык кылып, адамкерчилиги, ишмердиги менен таанылып, нарк-насилинен жазбай, көзү өтсө дагы азил-тамашалары эл оозунда дагы эле аңыз болуп айтылып жүргөн, артында элге, мамлекетке кызмат кылган бир туугандары, жубайы, кыздары, уулу калып, мурастарын шакирттери улантканы Эркинбектин адамдык асыл сапаттары, дили таза данакерлиги биз үчүн таберик. Эркинбектин көөдөнү жанардай оргуштаган идеяга, демилгелерге бай эле. Ошондуктан аны эскербей коюу мүмкүн эмес. Жакшы адамдардын жасаган иши, парасаттуу өмүр өтөлгөсү, нарктуу сөзү ар дайым эл оозунда айтылып кала берет экен. Адам ушундай улуулугу, наркы менен ары сыймыктуу, ары кадырлуу болуп, артында жакшы сөз гана ээрчип, жылдар өтсө дагы эч убакта унутулбай эскерилет тура. Убакытка укурук сала албайбыз. Ал мезгилден тез учат тура. Эркинбектин жаркын элеси дагы деле далай адамдардын көкүрөгүндө… Анткени ал мезгилге баш ийбеген, доордун бүктөмүндө эскирбей турган улуу түбөлүктүү мурасты таштап кеткен эле… Ал анын адамзатка үлгү, өрнөк болоор өмүрлүк жолу, артында калган иши, изи, уулдары, кыздары, неберлери…
Маектешкен Кабыл МАКЕШОВ