Аманатты аткаргандарга алкыш!
13-июнь. Журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис Асек уулу (1970-2020) жарык дγйнөгө келген кγн. Көзγ тирγγ болгондо 55 жашка чыкмак. Туулган кγнγнө карата аманатын аткардык! Дегеним, Эрнис айтылуу Булгаковдун “Мастер менен Маргаритасын” 2019-жылы жайында, эки айда эле которуп, “Турар” басмасынын директорунун андагы жетекчиси, меценат, жеке ишкер Тилек Мураталиев агабыздын суранычы менен басмаканага берип, аны 7 ай кγткөн. «Эрнис, мен бул котормоңо демөөрчγ болом. Бет ачаарын да кылып берем. Ага чейин сен котормоңо баш сөз жаза турган адам тап. Он кишиге котормоңду салып кой. Алар окуй берсин, китеп чыкканда аларды чакырып оюн угабыз. Классикага айланган бул чыгарма да, андыктан баасын алыш керек!» деген идеяны Тилек байке айткан эле. Эрнис 13 адамды жазган эле. Алар:
- Сагын Акматбекова
- Түгөлбай Казаков
- Эсенбай Нурушев
- Калчоро Көкүлов
- Бекташ Шамшиев
- Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке)
- Кубан Мамбеталиев
- Ишенбек Султаналиев
- Жыргалбек Касаболотов
- Нурлан Калыбеков
- Марат Токоев
- Толук Бек Байзак
- Айсулуу Көкөева
“Султан (Раев) аке котормого баш сөз жазган соң, аны тизмеге кошпой эле коеюн, ансыз деле келет да” деген эле Эрнисим. Султан байке иш-чаранын алдында чалып, иш сапары менен Бишкектен учуп кетип жатканын айтып, шартын тγшγндγрγп, ийгилик каалап, ушундай маанилγγ иш-чарага катышпай калганы γчγн кечирим сурады. Кечке маал да чалып, котормого кандай баа берилгенин, кандай өткөнγ тууралуу сурап, тынчсызданды. Буга да шγгγр! Тγгөлбай (Казаков) байке да чалып, эне тил боюнча иш-чарадан чыга албай, бошой албай калганын, Сагын (Акматбекова) эжебиз, Ишенбек (Султаналиев) агай, Нурлан (Калыбеков) ден соолуккка байланыштуу катыша ала албай кала тургандарын айтышты. Кимбайкебиз жамандыктан бошобой калганын айтып, кечирим сурады. Ал эми Айсулуу (Көкөева) чет өлкөдө. Калгандары келишти, котормого жогорку баасын беришти. Аманатты аткаргандарга алкыш!
Министрлик… Жазуучулар союзу… Редакциялык жамаат…
Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен проза, поэзия, повесть, эссе, балдар адабияты жана дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолорунан турган 50 китепти Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Улуттук жазуучулар союзу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына утурлай басып чыгарышкан. Анын бет ачар аземи былтыр (12-июнда) ушул Улуттук китепканада болуп өткөн. Бир жыл мурун Эрнис жазып кеткен инсандарга жана редакциялык жамааттагы Айтматов таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева эжеге китепти алып барып берип, баасын алуу керектигин айтсам, келем деген келди. Терең ыраазычылык!
Редакциялык жамаат:
Нурлан Калыбеков – жетекчи
Абакиров Мелис
Алахан Садык
Керимбек Кадыракунов
Лайли Үкγбаева
Гулзада Станалиева
Аида Эгембердиева
Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Мыкты котормо болуптур”
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев менен Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев да чакырылган. Марат мырза да башка иш-чарадан бошобой калганын айтып чалды. Ал эми Каныбек Капашовичке туура эмес убакта кайрылып алыпмын. Агабыздан мындай жооп келди: “Мыкты котормо болуптур, окудум. Тилекке каршы, агам өтүп кетип, ошол күнү куран окутуп жатабыз үйүндө. Союздан эмне жардам керек болсо Ырыскүлгө айтып коем”.
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, редакциялык жамааттагы акын, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Керимбек Кадыракунов агабыз келди. Ал Лайли эженин сыйлык, наам сунушун туура көрγп, Эрнистин котормосу сыйлыкка татыктуу экендигин баса белгиледи.
“Мастер менен Маргарита” «Булгаков үйүндө»…
Анда эмесе, иш-чарада айтылган сөздөр башынан болсун! Модератор акын Жумадин Кадыров болду. Ал китеп жарык көргөндө эле: “Бул классикага айланган китептин бет ачарын өткөр! Мен алып барып берем” деген, сөзγнө туруп алып барып берди. Алгач ал Москва шаарындагы Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда мугалим болуп эмгектенип, жашап келаткан мекендешибиз, мыкты котормочу Кубантай (Эрназаров) инимдин «Булгаков үйү» музей-театрынын аткаруучу директору Склярова Наталья Петровнага (“С радостью сообщаем, что наш музей-театр получил в подарок книгу — роман Михаила Булгакова «Мастер и Маргарита» на киргизском языке!” ) Эрнистин «Мастер менен Маргарита» котормо китебин тапшырганын айтты. Жана ошол учурда тартылган тарыхый тасманы көрγγгө чакырды.
Лайли ҮКҮБАЕВА: «Эрнис “Мастер менен Маргарита” котормосу менен чоң сыйлыкка татыктуу!»
Андан соң Лайли эжеге сөз берилди. Эжебиз Эрнистин “Мастер менен Маргарита” котормосун былтыр менден алганын айтып, окуп чыгып, аябай капа болуп, ыйлагысы келгенинин себебин тγшγндγрγп берди:
— Эрнис бγтγндөй адабиятты жан дγйнөсγнө сиңирген биздин таланттуу уулубуздун алдыда жасай турган иштери алдыда толтура экендигине карабай, шум ажал арабыздан эрте алып кеткенине аябай өкγндγм. Анткени адабий ишмердγγлγктγн тармактарында котормо деген абдан оор нерсе. Азыркы кγнгө чейин котормо ишине анча маани бербей, котормочуларды баалабай келатабыз. Улуу муундагы мыкты котормочулар, залкарлардын көзγ өтγп кетти. Азыр котормочу азаматтарыбыздын саны аз болуп калды. Ошол аз сандагы котормочулардын ичинен Эрнисти мен сап башында турган котормочу деп айткым келет.
Себеби Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” романын терең тγшγнγγ кыйын. Мисалы мен орусчасын бир канча жолу окуп атып анан тγшγнгөм. Алгач тγшγнγγгө кудуретим жеткен эмес. Бул романды боюма сиңире албай, табиятына терең тγшγнө алган жокмун. Анткени бул китеп катардагы эле китеп эмес. Бул Толстойдун, Шолоховдун чыгармасы эмес, ал тургай Достоевскийдин да чыгармасы эмес. Бул башка стилдеги, башка ыкмадагы, башкача ракурстагы башка тажрыйбадан улам жаралган чыгарма болуп эсептелет. Бул чыгарманы окуу, аны тγшγнγγ катардагы адамдардын колунан келе бербейт. Аны тγшγнγш γчγн атайын адабий даярдык, билим болуш керек! Анан орус тилин жакшы билγγ, дγйнөлγк классикалык адабият менен тааныштыгы бар адам гана бул китептин табиятын тγшγнөт.
Эрнис ушундай даражага жетип, Булгаковдун жазуучулук табиятын боюна сиңирип, чыгармасынын бардык ньюанстарын ийне-жибине чейин байкап, анан которгон экен. Анда дагы кыргыздын бай тилинде которуптур. Биз адабиятчылар, ушуга чейин айтып келебиз го, “Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасын Алыкул Осмонов которгон, ал аны кайра эле иштеп чыгып, өзγнγн чыгармасындай кылып салган. Бул котормо эмес, ал Алыкулдун чыгармасы” деп. Мен Эрнистин котормосун ошондой тγшγндγм. Булгаковдун романын окуп, аны терең тγшγнγп, өзγнγн “Мастер менен Маргаритасын” жазып салгандай болду. Анткени ал кыргыз элинин бай тили, көркөм сөз өнөрγ, Манастан башталган элдик оозеки чыгармасын, мыкты тажрыйбасынын баарын боюна сиңирип туруп, анан ушул чыгарманы которгонго белсенген экен. Анткени Булгаковдун романында курч сюжеттер бар, бир чыгармадан экинчи чыгармага өтө берет, тез-тез окуялар өзгөрө берет. Ошонун баарын бир нукка келтирγγ, ошол окуянын артынын жγрγγ чоң эмгекти талап кылат. Мистика дейбизби, жомок дейбизби, философия дейбизби, же диний тγшγнγктөр менен арбалган чыгармачыл адамдар менен байланышкан көп жанрды камтыган чыгарма дейбизби, айтор, ошолорго аралашып, аны бир нукка салып, кыргыздын бай, нукура тили менен которгон Эрнистин азаматтыгына таң бердим. Андыктан мен бул котормону маданият, адабиятка кошкон эң чоң чыгарма катары баалайт элем. Мына, бул жерде Жазуучулар союзунун өкγлγ отурат. Бул котормону мен сыйлыкка сунуш кылат элем. Сыйлык берип жатканда Эрнистин эмгегин эске алып коерсуздар… Башкалар канча чыгарма жазса, бул котормонун алдына ал маанилγγ эмес. Дγйнөлγк акын-жазуучулардын арасынан деле бир чыгарма жазып коюп, ысымы тарыхта калган канча деген фактылар бар. Анынсыңарындай, Эрнис “Мастер менен Маргарита” котормосу менен чоң сыйлыкка татыктуу. Эми “Эл жазуучу” наамын бербей эле койгула, жок дегенде “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” дегенди эң чоң, ат көтөргγс эмгегин сыйлап, баалап берип коюңуздарды сунуштайт элем. Биз, тирγγлөр, ушуну ишке ашырсак, маркумдун алдында адамдык парзыбыздан, милдетибизден кутулат элек.
Керимбек КАДЫРАКУНОВ: “Эрнис артына өлбөй турган сөз калтырып кетти”
Андан кийин сөз алган Керимбек агабыз Эрнистин котормосу сыйлыкка татыктуу экендигин туура көргөнγ менен көзγ өтγп кеткендерге наам, сыйлык берилбей турган президенттин жобосу бар экендигин эскертип өттγ.
— Негизи “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер” деген наамга татыктуу. Бирок, президенттин жобосу боюнча көзγ өтγп кеткендерге наам берилбейт. Бирок, “Алтын калем” деген сыйлык бар. Жыл сайын жылдын аягында мыкты котормого берилет, 100 миң сому менен. Буга да сунуштап көрөм. Ал эми “эмгек сиңирген ишмер” деген наамды да карап көрөйγн, эгерде жобого туура келсе, сунуш кылсак болот. Туура маселе көтөрдγңγз, ондогон китеп чыгарган адамдын алдында бир эле мыкты чыгарма менен адабиятка жол салып кеткендер бар.
Эми мен Эрнис Асек уулу которгон Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романы качан, каяктан чыкканы боюнча токтоло кетейин. Дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которуу, кыргыз адабиятын өнүктүрүү максатта Жазуучулар союзуна эки жыл мурун биздин өкмөт акча бөлгөн. Анан биз проза, поэзия, повесть, эссе, балдар адабияты жана дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолорун чыгаруу максатта Жол-жобосун иштеп чыктык. Мыктыларын конкурстук негизде тандап алуу γчγн атайын редакциялык жамаат тγздγк. Конкурска 20-30тай котормо келип тγштγ. Андагы адистердин ой-пикири менен, редакциялык жамааттын жыйынтыгы менен 5 котормо тандалды. Себеби, акчанын көлөмγнө жараша иш кылдык. Алардын арасында Эрнис которгон Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романы бар болчу. Албетте, бул котормо талаш-тартышты жараткан, жыйынтыгында конкурстан өткөн. Дагы бир китеп — К.Төрөмураттын “Кара китеп” аңгемелери, аны Т. Жороев которгон. Ушул аталган котормолорду мен чыгармачыл адамдардын арасында болгондо жакшы которулганы боюнча жакшы пикирлерди угуп жγрөм. Демек, котормо ийгиликтγγ которулган экен деп сыймыктанып калам. Котормочулук өнөр өзгөчө талантты талап кыла турган нерсе. Айтылуу Абай Кунанбаевдин жакшы ыры эсиме тγштγ, мен аны котордум эле. “Өлдγ дешке болобу, айткылачы, өлбөй турган артына сөз калтырган” деген мыкты философиялык оюу бар. Анынсыңарындай, Эрнис артына өлбөй тургандай сөз калтырып кетти. Эрнис акын, ырлары да мыкты, философиялык ырларды жазган. Эрнис адабият, маданиятка чоң салым кошкону, зор эмгеги менен сыйлыкка татыктуу инсан. Бул биринчиден. Экинчи сунушум бар, ал “Мастер менен Маргаританы” кайрадан чыгарып, коомчулукка таратуу. Мамлекет чыгарганда, ал коомчулукка таратылбайт, республикалык китепканаларга таратылат. Эгерде Назира айым макул болсо, Жазуучулар союзундагы мγчөлөрдγ жаздыруу менен тыйын топтоп, кайра чыгарсак болот. Аны да кеңешип көрөбγз го…
Аким КОЖОТЕГИН: «Эрнис ушул котормосу менен өзүнө эстелик тургузуп кетти»
Аттиң марман, ушундай жакшы сөздөрдүн баарын өзү укканда эмне?.. Жаш кезинен эле эссе, аңгеме, кыргыз, орус тилинде ыр жазган, дγйнөлγк адабиятты казып окуган, Ригадан билим алган жолдошум Эрнис бир топ дγйнөлγк акын-жазуучулардын чыгармаларын которуп, маданият, адабиятка чоң салым кошуп кеткени ырас. Ал көз майын коротуп, жүрөгүн казык кылып сайып, ар бир сөзүн таразалап, ар бир сөзүндө жашап атактуу Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романын эки айда эле которуп, мукабасын да өзү жасап, чыкканын көрбөй кеткени, албетте, арман! Акыркы котормосу! Бирок, Эрнис «аны котордум, муну котордум» деп сыйлыкка чуркаган жигит эмес эле. Көзγ тирүү болгондо деле баш тартмак! Нурлан Калыбеков айткандай, ал ошондой «кежир да, гений да болчу»… өзүн баалабай, даңктабай, көлөкөдө жүрүп өтүп кетти… Бирок, Эрнистин талантын баалап, иш-чарага келген жазуучу Аким Кожотегин айткандай, «Мастер менен Маргарита» котормосу менен эле өзүнө эстелик тургузуп кетти. Ошондой эле ал иш-чарага Эрнистин талантын баалаган, анын тереңдиги менен бийиктигин түшүнгөн кишилер келгенин, мыкты сөздөр айтылганын баса белгиледи.
Алдыда…
Адабият сынчылары Бекташ Шамшиев, Эсенбай Нурушев, котормочу, акындар Калчоро Көкүлов, Жыргалбек Касаболот, Марат Токоев, Толук Бек Байзак, Атахан Кожокулов жана Бурулкан Сарыгулова эжебиздин пикирлери бар. Андыктан бизден алыстабаңыздар!
Ушул видеону жана сγрөттөрдγ тарткан Данияр Жаркынбаевге терең ыраазычылык билдиребиз!
Уникалдуу да, чуулгандуу да роман…
Орус жазуучусу, драматург, врач, театр режиссеру Михаил Булгаков (1891-1940) уникалдуу да, чуулгандуу да бул чыгармасын 1928-жылы жазып баштаган. Булгаков каза болгондон кийин анын архивинде романдын баш-аягы сегиз редакциясы болгонун такташкан. Алгачкы версиясынын «Копыто инженера», «Чёрный маг», «Жонглер с копытом», «Сын В(елиара?)», «Гастроль (Воланда?)» сындуу түркүн аталыштары болгон. Айтымында, автор «Кабала святош» деген пьесасын коюуга тыюу салынган угуп, 15-главага чейин жазып бүтүп калган биринчи версиясын автор 1930-жылы 18-мартта өрттөп салган.
1931-жылы чыгарманы кайра калыбына келтирүү аракетин баштап, Маргарита жана мастер тууралуу баянды кошуп романдын экинчи редакциясын бир таштап, кайра улантып отуруп 1936-жылга чейин жазган. Бул сапар да аталышы «Великий канцлер», «Сатана», «Вот и я», «Шляпа с пером», «Черный богослов», «Он появился», «Подкова иностранца», «Он явился», «Пришествие», «Черный маг» , «Копыто консультанта» деген ар кандай вариантта болгон.
«Мастер жана Маргаританын» 1936-1937-жылдары башталган үчүнчү редакциясы алгач «Князь тьмы» деп аталып, кийин автор «Мастер и Маргарита» аталышына токтогон. Толук бүткөн вариант катары чыгарма 1938-жылы 19-сентябрда машинкада терилип баштап, автордук оңдоп-түздөөлөр жазуучу каза болордон 4 ай мурун токтогон. Жазуучу, тилекке каршы, китебинин жарык көрүшүн өзү көрбөй калган: 1940-жылы 13-февралда атасын да алып тынган нефросклероз оорусунан көз жумган.
Алгач чыгарма 1966-1968-жылдары “Москва” журналына көп окуялары кыскартылып сандан-санга жарыяланат. Романдын эч кандай кыскартуусуз толук варианты китеп болуп 1969-жылы Германияда жарык көрөт. Аны Батыш Германиядагы орус эмигранттары негиздеген «Посев» басмаканасы басып чыгарат. Советтер союзунда болсо китеп мурда тыюу салынган чыгармаларды басып чыгарууга бийлик уруксат берген 1973-жылы гана толук басылып чыгат.
Жазылышы да, жарык көрүшү да кыйла кыйынчылыкка турган романдын мазмуну да чынында эле өтө оор жана татаал, анын түпкүлүгүн түшүнүү да кыйла кыйын… Бирок, түшүнгөн кишиге бул китепте жакшы менен жамандын бардык тарабы камтылган: ак-кара, чындык-калп, Кудай-шайтан, жолдон адашуу, пендечилик, ойноштук, ач көздүк, паракорлук, уурулук, киши өлтүрүү… Кыскасы, М.Булгаков ар заманда болуп келген окуяларды, көрүнүштөрдү башкача өңүттө чагылдырып бере алган… Роман журнал бетине чыккандан кызыгууну жаратып, океандын ар жак-бер жагында бир топ тилге которулган. Окурман булгаковчулар жана булгаков таануучулардын эсептөөлөрү боюнча, журнал бетине чыккандан алгач китеп болуп басылган убакыт (1966-1973) аралыгында эле англис (эки жолу), болгар, венгр, голланд, грузин, иврит, испан, италия (эки жолу), македония, немис (эки жолу), норвег, поляк, португал, серб, словен, түрк, фин, француз, хорват, чех, швед, эстон жана япон сындуу 26 тилге которулган. Булгаковдун бул чыгармасы бүгүнкү күндө көп тилге которулган жана көп окулган чыгармалардын катарына кирет…
Назира СААЛИЕВА