Өз окурманын тапкан “Мастер менен Маргарита”

Актуалдуулугун алигγнчө жоготпой келаткан Булгаковдун “Мастер и Маргарита” романын журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) кыргыз тилине которуп, жарык көргөн 2024-жылдан бери “окуйт элем” деп кызыгып, издеп китеп сурагандар көп болууда…. Өзгөчө жаштар… Ал жаштардын бири — “Манас” улуттук академиясында эмгектенип келаткан китепкөй окурман Элдар Ибраимов.
Элдар менен “Манас” улуттук академиясы «Манас» эпосубузду ааламга тааныткан улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган иш-чараларды, анын ичинде манасчы атабыздын үч томдук жыйнагынын бет ачарын Алматыдан өткөргөн иш-чарада жакындан таанышып, журналистиканын кγңгөй-тескейин, дγйнөлγк адабият, маданият тууралуу баарлашканбыз. Китепти казып окуган, билимдγγ, көп билем деп бой көтөрбөгөн, куулук-шумдугу жок, актыкты, тактыкты, тазалыкты, калыстыкты жактырган, улууга урмат, кичγγгө ызаат кылган, адамгерчилиги бийик жигит экен деп ичим жылыган.
Ушул жылдын 13-июнунда — жолдошумдун туулган кγнγндө “Мастер менен Маргарита” котормосунун бет ачарын өткөрγп, аманатын аткарганбыз. Ошол иш-чарада майда-чоң жумуштардын көбүнө көмөк көрсөткөн дал ушул Элдар иним болду. Анда да жолдошумдун талантын баалап, котормосуна таасирленгенине кубандым.
Өзүнүн айтымында, ал Орусияда жγргөндө “Мастер и Маргаританын” орусчасын окуган экен… Ушул татаал, оор чыгарма президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен кыргыз тилинде жарык көргөнγн угуп, “окуйт элем” деп кубанып алган эле… Китеп текчесине чаң бастырып койбой бат эле окуп, алган таасирлерин, кандай кабылдаганын жазып, эл.почтама (saalnaz@list.ru) салып жибериптир…
Назира СААЛИЕВА
Кыргызча сүйлөгөн Булгаковдун дүйнөсү…
“… — Туура, адам баласы өлөт, өлбөй койбойт, бирок, бул болчу жамандыктын жарымы гана. Эң жаманы, ал күтүүсүз өлүп калышы мүмкүн, мына фокус каякта!
Адам баласы ал эле эмес бүгүнкү кечте эмне иш кыларын айта албайт”.
Михаил БУЛГАКОВ (которгон Эрнис АСЕК уулу)
Михаил Булгаков — үстүртөн окууга болбой турган улуу жазуучу экени баарыбызга эле белгилүү. Анын «Мастер и Маргарита» романы жөн гана көркөм чыгарма эмес, бүтүндөй дүйнөнү камтыган көп катмарлуу, табышмактуу, парадоксалдуу, мистикалык баяндоо. Мен бул китепти биринчи жолу университеттин 1-курсунда колума алгам. Ал кезде окуп, тереңине жете алган жокмун. Айтылып өткөн мистика, философия, библиялык окуялар жана ошого айкалышкан советтик доордогу сатира, чыгармачылыктагы басмырлоолор менин аң-сезимиме толук сиңе албай, түбү жок бир тереңдиктин элеси катары калган.
Бирок жылдар өткөн соң, Москвага барып калып, дал ошол роман башталган жер, Патриарши көлмөсүнүн тегерегиндеги отургучтардын биринде мен бул чыгарманы кайра окуп чыктым.
Патриарши көлмөсү. 2025-жыл. Кубантай Эрназаровдун тасмасы:
Бул жолкусу кабыл алуу таптакыр башкача болду, жөн гана окуп эмес, ошол дүйнөгө сүңгүп киргенимди сездим. Ошол менен роман мени көпкө чейин коё бербей койду, болгон жерден сөздүн эби келсе эле, Булгаковду чаптап айта кетип жүрдүм. Романды ачарым менен көзгө урунган эпиграфтын аркасы менен Гётенин “Фаустун” дагы окуп чыктым, Фауст менен Мастердин, Мефистофель менен Воланддын байланышын, эки чыгармадагы тең эркиндик, билим, сүйүү жана талдоо темаларын таап, талдап, андан бетер толкунданып көпкө дейре ошол дүйнөдө эле жүрүп жаттым. Ошентип роман менен болгон байланыштыгым улана берди.

Өткөн жылдын акыркы айында “Манас” улуттук академиясы Алматыга иш сапар менен барганбыз. Бизди коштоп журналисттер да барган. Алардын арасында журналист, «Алакан» сайтынын жетекчиси Назира Саалиева эже дагы баратты.
Бишкекке кайтып келе жатканда, маршрутканын арт жагынан орун алган Бурма экөөбγз адабият тууралуу сγйлөшγп, сөздөн сөз чыгып, айтылуу “Мастер менен Маргаританы” сүйлөп калдык… Воланд тууралуу айтып калдым. Ошол учурда, алдыда отурган Назира эже шарт биз жакты карап, мага:
— Элдар, сен «Мастер менен Маргаританы» окугансыңбы? — деди.
Ошол менен Булгаковдун дүйнөсү мен үчүн дагы бир ирет, таптакыр башка нукта ачылды десем болот. Себеби, Назира эже, маркум жолдошу Эрнис Асек уулу ушул романды кыргызчага которгонун, ал дагы Булгаковдой 49 жашында кайтыш болуп калганын, ушундай оор чыгарманы эки айдын ичинде эле которуп койгонун, китептин мукабасын дагы өзү жасап, бирок жарыкка чыкканын көрбөй кеткенин айтып, оор γшкγрγндγ…
— Эже, мага бир китеп бериңизчи” — дедим.
— Албетте, берем, — деди…
Ошентип Назира эжеден “Мастер менен Маргаританы” кол тамгасы менен алдым. Ошондо эже: “Китептин бет ачарын жолдошумдун туулган кγнγндө, 13-июнда өткөрөм. Мага аманат болуп калды да. Ошондо котормо боюнча пикириңди айтсаң болот, иним” ,- деди. Андагы иш-чарада пикиримди айта албадым. Бирок, адабият сынчылар, окумуштуу, акын-жазуучулардын Эрнис аганын котормосуна жогорку баасын берип, атγгγл наам, сыйлыкка да сунуштаганын угуп, кубандым. Себеби, сыйлыкка татыктуу котормо!
**
“Мастер менен Маргаританын” биринчи бөлүмүн окуп баштаганымда эле бул жөн эле котормо эмес, өзүнчө чыгармадай туюлду. Эрнис Асек уулу котормосу менен Булгаковдун дүйнөсүнө өзүнчө көпүрө жасап койгондой сезилди, баягы эле окуп жаткан окуялар башкача өң, башкача интоннация менен берилип жатты. Бул котормо сөздү сөз кылып айлантуу эмес, жан дүйнө менен сезип, романдын рухун кыргыз тилинде берүү болуптур.
Көпчүлүк белгилеп жүрүшкөндөй эле, мен үчүн дагы Булгаковдун тили өтө татаал: тамаша-трагедия, ирония-терең ой, адабий бийиктик менен жөнөкөйлүк, ошол эле учурда библиялык сюжетти дагы өзүнө бириктирип турат. Мындай деңгээлдеги текстти башка тилге түшүнүктүү жана түпкү маанисин жоготпой которуу — чыныгы чыгармачылык эрдик деп айтуудан коркпойм.

Котормодо каармандардын үнү жоголгон эмес, тескерисинче, кыргыз тилинде өзгөчө байып, автордун айта турган ою так, даана сакталып калган. Мисалга келтире турган жерлери өтө көп, жазсам китептин баарын берип салчудаймын… айрым жерлерин мисалга алсам, мен жакшы көргөн Мастер менен Иван Бездомныйдын диалогундагы “Любовь выскочила перед нами, как из-под земли выскакивает убийца в переулке, и поразила нас сразу обоих!” деген жерин Эрнис агабыз мындай деп которгон: “- Чолок көчөдөн жерди жарып жаналгыч чыга калгандай бизге күтүүсүз сүйүү келди да, экөөбүздү тең ээлеп алды”.
Воланд, Понтий Пилат, Мастер, Маргарита жана башка ар бир каармандын образы өздөрүнө жарашыктуу ачылып, айрыкча Иешуанын жазасы сүрөттөлгөн жер — кыргыз тилинде укмуш бир тереңдикке жеткен. Библиялык сюжет деп эсептелинген бул бөлүм мен үчүн оозеки чыгармачылыкка жакын көрүнгөндүктөн котормо кыйын болуп калды го деп ойлогом, бирок котормочу тиешелүү деңгээлге жеткирип бере алган. Айрыкча Левий Матвей аттуу каармандын Кудайга карата монологу, кыргыз тилинде жүрөккө жеткидей жазылган. Бул окуя бөлүмдүн өтө чыңалган жана трагедиялуу жактарынан. Ал шакирттин азап-тозогун гана эмес, адилетсиздикке, ырайымсыздыкка жана Кудайдын үн катпай турганына терең нааразычылыгын ачып берет.
Левий — Иешуанын фанаты, ээрчип жүргөн шакирти, бирок анын устаты айкаш жыгачка кадалып, өлүм даамын тартаар алдында турганда анын ишеними айласы кеткен ыйга айланып, бузулуп бара жаткандай сезилет. Кудайга наалат айтып, бейкүнөө, жан дүйнөсү таза, кыпындай жамандыгы жок мугалими кыйноого алынып жатканда Асман эмне үчүн унчукпай турганын түшүнө албай ыйлаган жери бар. Анын сөздөрү Кудайга акарат келтирүү эмес, же ага ишенбей калгандык эмес, жөн гана жооп талап кылып турган тирүү, азап чегип жаткан пенденин көрүнүшү. Бул монолог Левий жөн гана экинчи даражадагы каарман эмес, бүт китептин руханий күзгүсү катары берилет. Анын азабы – адамзаттын, ааламдын унчукпай жаткандыгынын алдында тарткан азабы. Аны менен Булгаков “Кудай унчукпай турганда ишенимди сактап калууга болобу?” деген түбөлүктүү философиялык суроо жаратып койгон. Бул бөлүк өзүнчө бир драмага айланган, терең ойго сала турчу бөлүк, Эрнис Асек уулу ошол драманы бузбай, тескерисинче кыргызча дагы көркөм кылып жеткирип бере алган. Котормодо эч кандай жасалмалуулук жок.

Бул китеп — жөн гана тилге которуу эмес, руханий жандандыруу, автордун үнүн кыргыз тилинде жеткирүү болуптур.
Булгаковдун «Мастер менен Маргаритасы» эми кыргыз тилинде да өмүр сүрүп калды. Кыргыз окурманы бул романды эми өзүнүн жан дүйнөсү менен сезип, терең түшүнүп окуй алат деп ишенем. Мындай деңгээлдеги котормо — өтө сейрек кездешет, башкасын албаганда мага, өзүмө кыргыз тилине которулган романдардан биринчи болуп ушул китеп колума тийди. Булгаковдун тилин, айтайын деген оюн, философиялык катмарларын түшүндүрө билген котормочу көп чыга бербесе керек. Бирок Эрнис агабыз ушул бийиктикти багындыра алды деп айтсам болот.
Китепти окуп чыккан соң, шедевр аталган романды которгон Эрнис Асек уулу — кыргыз адабиятына зор салымын кошуп кеткен эң мыкты котормочулардын бири экенине ынандым, көзү тирүү болгондо мындан өткөн шедеврлерди кыргызча тирилтип, адабият, маданиятыбызды мындан да жарык кылып кетет беле, ким билет… Ал эми “Мастер менен Маргарита” кыргыз тилинде кайра жаралып, бул дүйнөгө дагы бир жолу төрөлдү.
Бул чыгарма мен үчүн эң жакшы көргөн чыгармалардын катарында кала берет, кыргызчасы болсо, китеп текчемден өзгөчө орунду ээлеп туруп калды, анын артында тагдыр жана үн турат, Эрнис байкебиздин тагдырынын үнү жана кыргызча сүйлөгөн Булгаковдун дүйнөсү.
**
Эрнис Асек уулу агабыздын мыкты котормосу Москвадагы «Булгаков үйү» музей-театрына коюлганы жакшы болду. Кыргызстан γчγн да, кыргыз γчγн да сыймык!
Адабият, маданиятка чоң салым кошуп кеткен Эрнис агабыздын жаткан жери жайлуу болсун!
Элдар ИБРАИМОВ
Алдыда…
Дγйнөлγк адабиятты казып окуган мыкты котормочулар, акындар Марат Токоев, Толук Бек Байзак, Атахан Кожокулов, Бурулкан Сарыгулова эжебиздин, мыкты журналисттер Санжи Туйтунова менен Шайыр Эркин уулунун жана Бишкек мамлекеттик университетиндеги Журналистика жана маалыматтык системалары факультетинин кафедра башчысы, жеңем Асел Эшимканованын пикирлери алдыда. Андыктан бизден алыстабаңыздар!
Таланттарды баалаган сиздердей жакшы адамдар турганда, жолдошум Эрнистин кызылдай эмгеги текке кетпейт, аты өчпөйт, унутулбайт! Бар болуңуздар!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Урматтуу окурман, ар бириңиздердин тамчы пикириңиздер да маанилγγ, баалуу, анткени ал таш жарат. Сиздердин котормо боюнча жазгандарыңыздар алгач “Алакан” сайтыбызга жарыяланат, анан Эрнис Асек уулу аттуу китепке кирет.