Гγлгаакы ЖУНУШАЛИЕВА: “Ала-Арча” көрγстөнγнө сөөгγмдγ койбогула!” деген…” (ВИДЕО)

Гγлгаакы ЖУНУШАЛИЕВА: “Ала-Арча” көрγстөнγнө сөөгγмдγ койбогула!” деген…” (ВИДЕО)

Эсен болуп, эстей жγр!

Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов атындагы сыйлыктардын жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, маданияттын мыкты кызматкери, бир топ кыргыз тасмаларында, спектаклдерде мыкты ролдорду жараткан, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси болгон белгилγγ мыкты актер, сахна чебери, театр жана кино жылдызы, алтын аяшым Руслан Курманалиевден (1972-2025) ажырап калганыбызга бир ай беш кγн болду. Кечээ жакында — 25-сентябрда Бишкек шаарындагы Royal ресторанында кыркылыгы өттγ. 

Жаркылдаган Гγлгаакыны боздогон абалда көрγγ, Русланды дал ушул рубрикага жоктоп жазуу мага да өтө оор болду… Дале ишенип-ишенбей, арабызда жок деп жазууга канча күн кол барбай, жанда жок адамгерчилигин эстеп, жашып отуруп араң жазып бγтγрдγм. Эми тирүүлөрдө «Курандан башка айла жок экен»… эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

***

Зал тунжурап, тамак жебей, эл ыйлап отурду…

«Адат — өмүр. Өмүр — адат. Жазмышың/. Айланкөчөк өтөт өмүр шуу этип/. Төрөлүү да, өмүр дагы бир паста/, Адат менен өтүп кетет шуу этип…» деп жолдошум Эрнис Асек уулу (1970-2020) жазгандай, шуу этип бир паста өмүр өтүп, капысынан келген ажал алып кетип, денебиз муздак жер алдында калат турбайбы…

Ыйлата турган ыр саптар, жγрөк сыздата турган сөздөр Русландын кыркылыгында айтылды. Жоктоо ыры каңырыкты тγтөттγ… Жаркылдаган аяшымдын көз ачып жарыкка келген, капыстан көз жумганга чейинки баскан жолу айтылып, сγрөттөрγ, аткарган ролдорунан кыскача тасма көрсөтγлγп, баарыбызды ыйлатты, жашытты… Зал тунжурап, бир саамга  эл тамак да жебей, аялзаты шолоктоп, эркектер оор γшкγрγп отурду…

Кыргыздын сөзγ мыкты, жγрөккө жетет, ыйлатат… Мындай сөздөрдөн кийин кантип тамак жейсиң?.. А чынында Руслан ич ачыша тургандай жакшы жигит эле… өтө жаш кетип, баарыбызды өкγттө калтырды… Русланга жакшы жар болгон Гγлгаакы менин кесиптешим, илимпоз кыз. Эми баарыбыздын эле айтарыбыз курандан башка арга жок”,- деди жанымда отурган окумуштуу Аттокур Жапанов.

Жоктоо ырын жазган Кыял Таажы, аны муңдуу обонго салып кошкон Нурсултан Абдикаримов…

“Руслан жакшы жар, камкор ата болчу…”

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Руслан каза болгондо бул жакта болбой калып, топурак сала албай калганына өкγнγп, маркумдун өмγрлγк жары Гүлгаакыдан кечирим сурап, көңγл айтты.

Улуттук Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун мамлекеттик тил жана социолингвистика бөлүмγнγн улук илимий кызматкери Мухтар Давлетов Руслан менен жакындан таанышпай калганына өкγндγ. “Гγлгаакы бизде иштейт. Анын жолдошун сыйларын, талантын бааларын айткандарынан угуп, Русланды жакындан таанып-билип калдым. Гγлгаакы Руслан дегенде ичкен ашын таштап, жолдошун алдыга сγрөп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, турмуштун ысык-суугуна чыдап, бардык кыйынчылыкты көтөргөн мыкты жар болду. Эркектин тылы бекем болбосо, ал ийгиликке жетпейт. Биздин кызыбыздын жаркылдаган жγзγнөн кγлкγсγ жоголуп, кайгыга батып кγйγттө отурганына зээнибиз кейип турат. Гγлгаакы, эл сүйгөн актердун жубайы болгон чоң сыймык! Тагдыр экен, жолдошуң жаш кетти, жаш калдың. Кайрат кыл! Курандан башка арга жок!” — деди Мухтар мырза.

Б. Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын актеру, өкүл атасы Турусбек Жумалиев агабыз да Гγлгаакы жакшы жар болгонун баса белгиледи. «Руслан жөнγндө айта берсек сөз бγтпөйт. Кыскасын айтсам, Руслан мамилеге туруктуу, сатып кетпеген, эки сγйлөбөгөн, жөнөкөй, мыкты адам болчу. Ушул жакшы сапатын жоготкон жок» деп келип, өкγл баласын жоктоп сγйлөө азыр оор болуп турганын айтты…

Кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева эжебиз Руслан бой көтөрбөгөн, адамгерчилиги бийик, элпек, жароокер жигит, камкор ата, жакшы жар, Гγлгаакы экөө абдан келишкен тγгөйлөрдөн болгонун, эми, жазмыш ушундай экен, Руслан жаш, эрте кетип, жаркылдаган жары жалгыз калганына кейип, “Гγлгаакы, белиңди бекем буу! Кайрат кыл! Русландын жаткан жери жайлуу болсун!” — деп кайрат айтты…

Руслан сатып берген сγрөт, бактылуу мγнөт…

2024-жыл. 8-октябрь

Каныкей эжени көргөндө эсиме алардын уулу Арлендин былтыркы  тою, ошол γйлөнγγ γлпөткө Руслан менен Гγлгаакынын жаркылдап ээрчишип келгени, чогуу бийлеп, ушундай бактылуу жγргөндөрγ, жаркылдап кγлгөндөрγ эске тγштγ…

Тойдон кийин Руслан менен Гγлгаакы мени γйгө чейин жеткирип келишкенде, “Силерди аябай убара кылып койдум го! Рахмат!” — десем, Руслан жаркылдап: “Жок, кайдагы убаракерчилик?! Бир кам санаба! Сени жеткирбесем, жаман абалда калмакмын, γйγнө кандай жетти экен деп сар-санаа болмокмун. Мына, эми жеңилдеп калдым” деген эле… «Жалгыз калды» дегенсип, мени аяп турганын мамилесинен байкачумун.

Той ээлери менен чогуу тγшкөн сγрөт колумда эле, “Жактыбы?” деди Руслан, “Аяшым сатып берген сγрөт кантип жакпасын” десем, “Менден эстелик” деген… Гγлгаакы болсо, “Эрнисиңди кыйнаба! Курсташымды кое бер, кое бер!” деп дагы айтты… дайыма айтып келген… Эми мен ушу сөздγ Гγлгаакыга айтып калам деп кайдан ойлоптурмун… “Русланым” деп боздоп калганына кабыргам кайышып, көздөн жаш токтогон жок…

Русланды жоктоп атканыбызга эч ишене албай, жаман тγш көргөндөй эле жγрөм…

Сγйгөн адамдан айрылып калуу азаптын азабы

Мен таанышып, билгенден бери бир кабак-кашым дебей, дайыма ачылган күндөй жаркылдаган Гγлгаакыны боздоп-сыздап, ыйлаган абалда көрγγ, Русланды жоктоо бир мен эмес, жакындарына, досторуна, кесиптештерине өтө оор болуп атат…

Сγйгөн адамдан айрылып калуу кандай гана азаптын азабы экени башымдан өткөндγктөн Гγлгаакынын жандγйнө кыйкырыгын  тγшγнγп, аны аяп турам… «Курандан башка арга жок, айла жок! Балдарыңды ойло! Эми алардын атасы да, апасы да сенсиң! Ден соолугуңду кара! Белиңди бекем буу! Өзγңдγ таштаба!” — дегенден башка сөз айта албай, денемди калтырак басып, жашып турам…

Руслан бир башкача жигит болчу… Ал Эрниске чыныгы достугун, Гγлгаакы чыныгы курсташтыгын көрсөттγ… Экөө тең байымдын бир да иш-чарасынан калышкан жок. 2016-жылы Эрнис которгон Кун Фу Зынын (Конфуцийдин) насааттарынын бет ачары президентке караштуу Башкаруу академиясында өткөндө да  ээрчишип келишип, китеп сатып алып, жолдугу деп көрγндγк беришип, Эрнистен кол тамга алып, каалоо-тилектерин айтып Эрнис экөөбγздγ кубанычка бөлөп кетишкен.

2021-жыл. 25-апрель

Эрнистин көзγ өткөндөн кийин да мага келчү жолду унутушкан жок. Далай жолу кафеге чакырышты. Эрнисти эскеришти. Бир курдай мени дагы γйгө жеткирип келатышканда, Руслан май куюп алайын деп май куюучу жайга токтоп, негедир көпкө жоголуп кеткенинен, кайда кетти деп карасак, ары-бери өткөндөр Русланды таанып, сγрөткө тγшγп жатышыптыр… “Эрнисим эле Эрнисим дей берип Русландын атактуу актер экенин унутуп коюпмун да. Мен да сγрөткө тγшγп коюшум керек ай сенин сγйгөнγң менен!” деп Гγлгаакыны кγлдγрдγм эле… А бирок, ойлосом, ага чейин бир да жолу чогуу сүрөткө тγшпөптүрбүз… 2021-жылы Эрнистин эскерγγсγндө Руслан: “Назира, Эрнистин тирγγ кезинде бир да жолу сγрөткө чогуу тγшпөппγз… болбосо көп жолугуштук эле… Эми эскерγγсγндө Тγгөлбай байке менен сγрөткө тγшγп коелу” дегенде гана тγшкөнбγз…

Негизи Руслан “атактуу элем” деп төш какпаган, ушундай жөнөкөй, кичипейил адам болчу…

Акыркы жолугушуу… 

Айтылуу М.Булгаковдун кыргызчаланган “Мастер менен Маргарита”  романынын бет ачары — Эрнис жарык дγйнөгө келген кγнγ, ушул жылдын 13-июнунда өткөрγлгөн эле… Бет ачарга чакыруу жиберсем, Руслан: “Оо-иий, сонун кабар! Эрнистин руху ыраазы болду го. Куттуктайм, Назира. «Өмүр бизден кетсе да, эл эмгектен эскерсин» деген ушул да. Кубанычтамын!” деп кубанычы койнуна батпай жазды эле…

Ошол акыркы жолугушуу экенин билбепмин. Андагы айткан сөзγн да элес албапмын… “эртең кимибиз бар, кимибиз жок” дептир… Анда да Руслан менен Гγлгаакы алтындай убактыларын бөлγп, ээрчишип келип куттуктап кетишкен…

Руслан КУРМАНАЛИЕВ: “Бул дγйнөдө тγбөлγк жашабайбыз да…”

Мына ушундан кийин Русланды көргөн жокмун. Китептин бет ачарынан кийин, кечке маал: “Руслан, сенин ишиң аябай көп. Ошентсе да алтындай убактыңды бөлγп, Эрнистин эч бир иш-чарасынан калбай, дайыма мени колдоп келатасың. Гγлгаакы экөөңөрдγн карааныңар эле мага кγч-кубат… Силерге терең ыраазычылык. Бар болгула!” деп γн кат (голосовой) жибергем.

2021-жыл. 9-декабрь.

Кайра мындай таасирлγγ, ыйлай тургандай жооп алгам: “Ой, Назира, эч нерсе эмес. Бул эми тирγγлγктөгγ милдетибиз да. Баарыбыз бу дγйнөдө тγбөлγк жашабайбыз да, эртең кимибиз бар, кимибиз жок дегендей… Тирγγ кезибизде өтγп кеткен инсандарыбызды, бир туугандарыбызды, досторубузду эстей жγрγшγбγз керек! Эрнис досумдун ишин улантып жатканыңа чоң рахмат! Бар бол! Сага Кудай кγч-кубат берсин! Китептин бет ачарында сγйлөбөй койду деп таарынба! Ал жерде чоң жазуучулар, журналисттер, адабият сынчылары отурганда, менин сγйлөгөнγм туура эмес болуп калмак. Алардын ойлорун уктум. Жакшы пикирлер айтылды. Эрнис достун руху колдосун, арбагы ыраазы болсун! Ийгилик!»

***

Руслан КУРМАНАЛИЕВ: “Периштеңди” тандадым…”

Эрнис: «Мага тасмадагы Курманжан датканын атасы Маматбайдын ролун аткарган актёр жакты. Чалдын ролун мыкты аткарыптыр, тимеле калтырап-титирейт…»

2021-жылдын 25-апрелинде Эрнистин эскерγγ кечесин өткөргөнбγз. Ага 5 кγн калганда, афишаны бөлγшγп (дегеле Эрнис тууралуу иш-чараларды социалдык тармактарга бөлγшγп, башына жакшы сөз жазып койчу), «ЭРНИС ДОС! Биздин арабыздан кеткенине 1 жыл 2 ай 20 күн болду. Былтыр чыгармачылык кечеңди өткөрмөкпүз, аттиң дүйнө… ажал улук экен, максатыңа жетпей калдык. Эми минтип эскерүү кечеңди өткөрүп жатабыз. Мыкты журналист, акын, котормочу, анан дагы мыкты адам катары эсибизде түбөлүккө кала бересиң», — деп 2021-жылы 21-апрелде жазыптыр…

Руслан жолдошумдун эскерγγсγндө аябай чуркап жардамын көрсөткөн. Кыргыз эл артисти Эген Чалабаев агабызга жолуктуруп, эскерγγнγн сценарийин жазууга алып барып, “Досумдун келинчеги, журналист, аяшым. Эрнистин эскерγγсγн өткөргөнγ жатат, колдон келген жардамыбызды аябайлы, байке!” — деп Эрнисти жоктоп, адамгерчилигин айтып, чыгармачылыгын мактап отурду эле…

Аттиң арман десе, эми минтип өзγн жоктоп жазып отурам.

***

Русландын мамилесинен эле анын Эрнисти канчалык баалап, барктарын, канчалык жакшы көрөрγн билип турчумун. “Эрнистей болуп сен дагы байлык, бийлик, наам, сыйлыкка жулкунбаган, атак-даңкка көппөгөн жөнөкөй, адамгерчилигиң бийик адамсың да. Бар бол! Көп жаша! Менин таянычым силерсиңер!” деп туулган кγнγн куттуктап γн кат (голосовой) жиберсем, кайра эле мындай жооп келген: “Балким, андай жагынан окшоштук жайларыбыз бар чыгар… (кγлγп) мен дагы телефон кармап, адамдар менен көп сγйлөшө бербейм. Туулган кγндγ өткөргөндγ көп жактыра бербейм. Эрнис экөөбγз туулган кγндγ чогуу белгилеген жокпуз, бирок, башка кγндөрγ, жаш кезде көп жолуктук. Сγйлөшкөнγбγз адабият, маданият, чыгармачылык. Эрнистин бир башкача адам эле да, биз кγнγмдγк турмушту айтып, сγйлөсөк, ал таптакыр ой жγгγртчγ. “Руслан, кел, экөөбγз туз, суу алабыз да тоого кетип калабыз. Жаратылышта жатып алып мен сценарий жазам. Анан аны ишке ашырыш γчγн акча табам. Сценарийдеги башкы каарманды сен ойнойсуң, ролдо сени эле элестете берем. Жγр, тоолор жакка кетели, γңкγргө жашайлы” дей берчγ. Аттиң арман, бирок, аны ишке ашыра алган жокпуз. Ошол максатына жетпей калды. Балким, ошол учурда колдоп, акча табылып калганда, ойлогон оюу ишке ашмак деп ойлойм. Негизи Эрнис жасалмасы жок, бийик адам болчу. Жакшы жазчу. Чыгармачылыгын “Асаба”, “Агым” гезиттеринен окуп калчумун. Анын бардык ыры жагат, эч бирин жаман дебейм, анткени, анда философия жатат.

Эрнистин эскерγγсγндө ырларынан “Периштең” ырын атайы тандап алдым, мага ушул ыры жагып туруп алды. Анткени ал ырды окуп алып, бир башкача абалда болгом. Жγрөгγмө жакын болгондонбу, айтор, аудиокылып жаздырууга барганда, бир эле окуп жаздырып салгам… жаздырып жаткан музыкант бала да: “Ох, байке, жγрөк сыздатат го… Эрнис байке ырларды жакшы жазчу турбайбы ээ” деген. Музыкант балага жагып жаткандан кийин, демек, Эрнистин ырлары мыкты. Бул ырды Гγлгаакыга угузсам, ал дагы жашыды… Анан “аудиону Назирага салып койдум” десем, “Ии салбай эле койбойт белең, аны ыйланткан турбайбыңбы.. ал эми аудиону кайра-кайра угуп, таң атканча ыйлайт да…” деди. “Назира бγгγн ыйлап, бугун чыгарып алсын, жеңилдеп, эртең элдин алдында ыйлабай калат” дегем.

Русландын аудиосун кайра-кайра угуп, таң атканча ыйлаганым чын!

Негизи Эрнис дос бул жашоону да, аркы жашоону да көрө билсе керек.. ошондуктан ушул ыр жаралса керек деп ойлойм. Бирок, Эрнис өзγнγн каалаганындай жашаган жок, оюндагыдай жашоо болбой калды деп ойлойм, каалаган нерсесин издеп, таппай өттγ окшойт. Ошол досумду эрте жоготуп алам деп эч ойлогон эмесмин.

Бир нерсе сезгендей, эмнегедир, 2019-жылы Гγлгаакыга айткам, “Эрнистердин дайындары билинбей кетти го, Назирадан сурачы, ал-жайын сурап, барып коелу” деген. Гγлгаакы сага жазса, сен “баары жайында, жакында жолугабыз, жакшы жаңылыгыбыз бар” деген турбайсыңбы. Тилекке каршы, андан көп өтпөй эле жаман кабар келди, “өтγп кетти” деген. Суук кабар угуу кандай жаман! Эми сен аман бол, сага ырааазыбыз, Эрнис досту экинчи өмγрγндө жашатып жатасың, китептерин чыгарып… ар бир китеби чыккан сайын кубанып жатабыз!” – деди эле…

Русландын бул айткандарын Эрнис Асек уулу деген китепке киргизмекмин, аргасыз бул жакка жазып жатам.  Русландын ар бир сөзγ, жаркылдаган элеси эми биздин жγрөктө, эскерγγбγздө жашайт. Алар эми тиги дγйнөдө, Гγлгаакы экөөбγз бул дγйнөдөбγз. Эки дγйнөнγн жашоосун, биздин абалды чагылдырып жазган Эрнистин “Периштең” ыры

“Эрнис досуң менен жолуккандырсың…”

 

Руслан, γнγң да керемет эмес беле! Эмгегиң менен элге жактың, эми жерге жак, жаркылдаган Руслан! “Эрнис дос” деп эрте кеткенине кейип, жоктугуна кγйγп өттγң. Минтип 5 жылдан кийин Эрнистин артынан эле эрте кетип, бизди сыздатып кеттиң.

Эми сен байымдын жанындасың.. досуңа бейиш багынан жолуккандырсың… Эрнис ыр жазып, сен аны обонго салып, аккордеон менен ырдап, чыгармачылыкты сγйлөшγп чогуу жγргөндγрсγңөр… “Тиги дγйнө чын дγйнө, бар дешет”… ким билет? Ал жакка барып келген эч ким жок. Эгер чын экендиги бар болсо, ошол жактан жолугарбыз, бирок, кечинен берсин! Гγлгаакы экөөбγздγ арманда кылып, досуң экөөң эрте кеттиңер! Айла жок, айла жок. Ылайым бейишке чыккыла!

Гγлгаакы, алтыным, азыр сага өтө оор, бирок, балдарыңды ойло, кайгыга алдырып, ден соолугуңду жоготпо! Балдардын атасы да, апасы да эми сенсиң! Курандан башка эч аргабыз, айлабыз  жок! Эми алар биздин эскерγγбγздө жашайт, алтыным!

***

Гγлгаакы ЖУНУШАЛИЕВА: “Эл эскерсин!”

“Жакшылык менен жамандык чогуу жγрөт” деген чын экен. Айылдагы инимдин 50 жылдык мааракесин өткөргөн кγнγ (23-августта) өтγпсγң, Руслан. Таластан кеч келдим…  Жаңылык карайынчы деп ачсам эле, “бөөдө кырсыктан каза болгон 53 жаштагы актер Руслан Курманалиевдин сөөгү 25-августта жерге берилди” деген суук кабар жайнап жγрөт… Көргөн көзγмө ишенбей, ыйлап отуруп калдым. Аябай кеч, кечки саат сегиз болчу. Апам менен дароо бата кылганы Гγлгаакыга жөнөдγм. Саат тогузда жеттик. Гγлгаакыны көргөндө денемди калтырак басты… Биринчи жумалыгында барыппыз… Сөз айталбай… көпкө унчукпай отурдум… анан: “Эмне болуп кетти деги?.. Сен кайда элең?” десем, “Мен Караколго жумуштап кеткем. Бизди өзγ узаткан… Эмнегедир бир жолу: “Кокус өтγп кетсем, сөөгγмдγ “Ала-Арчага” койбогула! Ал жакта ансыз деле атактуулар γстγ-γстγнө жатып атат… айылга да алып барбагыла!” деп тамашалап сγйлөдγ эле… “Эмне деп эле жатасың? Жөн турчу, антип бизди тамашалаба!” дегем” деп ыйлап калды… Бул сөздγ угуу кандай оор, жγрөк сыздап кетти… Уулу кирип куран окуду… Гүлгаакы алтыным, өзγ араң отурса да: “Улуу балам… кичγγ кызым” деп тааныштырып жатты балдары менен… Уул-кыздарынан тун кызы Касиетти гана жакшы таанычумун, ал биздин “Баягы Асаба” гезитибизде Томскиден кабарчы болуп да иштеген. Турмушка чыкканда тоюнда да болгом. Касиетке: “Апаңарды жакшы карагыла, кайрат кылгыла!” дегенден башка сөз айта албадым…

“Эрнис байкенин досу эле го… Руслан байкени жубайы эскерип берсе жакшы болот эле. Сиз айтып көрсөңγз” деп айткан журналисттердин да аманатын кетип баратканда араң айттым Гγлгаакыга… Ал: “Эл эскерсин…” деп гана койду. А чынында эскерγγ да өтө оор, менин башымдан өткөн жана өтγп жатат…

***

Руслан КУРМАНАЛИЕВ: “Келинчегиме ыраазымын”

Руслан менен Гγлгаакы мени эч нерседен калтырышкан жок. Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрына эмне спектакль коюлса, дайыма чакыруу жиберишчү. Түрк драматургу Тунжер Жүженоглунун «Аялдардын баш калкалоочу жайы» спектакли коюлуп, чакырышканынан барып, ошондо Русландан биринчи жолу кенен интервью алгам. Маек ортосунда келинчеги тууралуу суроо берип жооп алдым эле. 

«Сγйγктγγ кесип, сγйγктγγ балдарың, сγйγктγγ жарың жаныңда… Мындан өткөн бакыт барбы» деп коюшат го… Ошол бакытты учурбай бекем кармап, турмуштун ысык-суугуна чыдап жолдошун ийгиликке жеткирген алган жарына жараша да болот да. Менин жолдошум, сенин чыгармачылыктагы досуң Эрнис айткандай, «Сен жар тандоодон жаңылбапсың…

— Эрнис мактаган келинчегим Гүлгаакы тууралуу айтсам, ал да илим-билимге жакын. Кесиби таптакыр башка, бирок, менин кесибимди абдан жакшы тγшγнөт, сын-пикир, кеңештерин айтып турат… «Айлыгың аз, бул кесипти ташта!» десе, менин карьерам жаш кезде эле өлмөк. Тамагым даяр, кийим-кечем жуулуу, балдарым багылуу дегендей, кабак-кашым дебей, турмуштун ысык-суугун көтөрγп жанымда жаркылдап колдоп-коштоп келатат. Эрнис досум айткандай, абдан жакшы жарга туш болгом, бактылуумун, келинчегиме ыраазымын. Ар бир чыгармачыл инсандын артында бекем тыл болуш керек! Тылың бекем болбосо, ийгиликке жетпейсиң. Бекеринен кыргызда: «Аял жакшы — эр жакшы, вазир жакшы — хан жакшы» деп айтылбайт да…
— Балдарыңдын бири Бакенбий кыска метраждуу сериалдарга тартылып жγрдγ эле. Келечекте актер болушун каалайсыңбы?
— Ооба, мен тартылган кыска метраждуу сериалдарга уулум менен кызым кичинесинде кошо тартылып жγрγштү. Бирок чоңойгону тартылгылары келбей калды (күлүп). Менин кесибимди тандаса, макул демекмин, каалашкан жок. Каалоолору башка кесипте экен деп калдым. Негизи балдарды кыйнап кереги жок, өз эркине, өз тандоосуна койгон туура. Биздин кесип — ары татаал, ары оор кесип, тандап туруп, таштап кете албайсың..

Назира СААЛИЕВА

Русландын артында боздоп-сыздап жубайы Гγлгаакы, уул-кыздары Касиет, Насыят, Сыймык, Бакенбий калды. Русландын жаткан жери жайлуу болсун! Гγлгаакы, алтыным, терең кайгыруу менен көңγл айтып, аза кайгыңарды тең бөлγшөм! 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.