Тарыхый инсандар…

Ысык-Көлдөн чыккан айтылуу 7 Акенин (Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Карач аке, Кыдыр аке) мурастарын эл арасына жайылткан жана даңазалаган Ысык-Көлдүн ардактуу атуулу, тарыхчы, санжырачы, комузчу, акын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук жана Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин Ардактуу профессору маркум Кашымбек Асанбековдун «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» аттуу кыргыз, орус тилдериндеги китеби англис тилине которулуп, бγгγн, 5-декабрда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борборунда бет ачары болуп өттγ. Маркумдун уул-кыздары уюштурган иш-чарага байбичеси Өкγмкан Асанбекова апабыз, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов, котормочу, профессор Зина Караева, тарыхчылар Аскар Беделбаев, Кубат Таабалдиев, Кувейт университетинин ректору Аскарбек Байсеркеев, акын, жазуучу, “Улуу Тоолор” басмаканасынын ээси Жумадин Кадыров (иш-чарага модератор болду), “Кыргыз тили” коомунун президенти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Раимжан Курбанов жана чыгармачыл адамдар катышты.
Иш-чара ары кызыктуу, ары маңыздуу өттγ. Тарыхчылар маркумдун 60 жашында студент болгонун, өзγ эле эмес байбичесин кошо окутканы, баскан жолун айтышты… Тарыхый инсандарды жазып, адабият, маданиятка зор салым кошуп кеткенин баса белгилешти. Ал ортодо ырлар ырдалды… көркөм окулду… Ырды көркөм окуган жагынан алдыга ат салдырбаган Раимжан агабыз аялзаты тууралуу айтып, ЭНЕлерге таазим кылып, 80 жашка таяп калган Өкγмкан апага ыраазычылык айтып, Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун “Эне жөнγндө баян” аттуу ырын көркөм окуп берди:
«Жанбирге аялзаты, өмүргө сүйүү берген, үйүбүзгө кут болгон, акыл кошоор кыт болгон, жашоонун маани-маңызы, эскирбеген жаңысы...» деп акын, котормочу маркум жолдошум Эрнис (Асек уулу) айткандай, Кашымбек Асанбеков атабыздын акылына акыл кошуп, чыгармачылыгына шарт түзүп берген Өкγмкан апабыз тууралуу айтылчу сөз али алдыда.
Назира СААЛИЕВА
P.S. Иш-чаранын толугун 6-декабрда окуй аласыздар!

