13-декабрда…

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү публицист, акын, котормочу Алым Токтомушевдин «Жолбүгүн» китебинин бет ачары 13-декабрда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борборунда өткөнγ турат.
Китепти тγзгөн жана бет ачарын уюштуруп жаткан мыкты журналист Аскер Сакыбаева. Кесиштешибиздин айтымында, бет ачарга Алым агабыздын досу, жазуучу жана тарыхчы, ойчул Чоюн Өмүралиев агабыз келип, досунун чыгармачылыгы тууралуу кенен сөз кылып берет. Филология илиминин доктору, профессор Venera Saypidin жана акын, филология илиминин кандидаты, доцент Гγлзада Станалиева баяндама жасашат.
Иш-чара саат 12:00до башталат. Келиңиздер!
**
“Асаба”… “Агым”… Алыке…

“Мелис Эшимканов Кыргызстандагы президент баш болуп окуган №1 гезитти чыгарган» деп белгилүү журналист, жазуучу Мамат Сабыров айткандай, «Асаба», «Агым» гезиттери №1 болчу… Ар бир санын калтырбай окуп, кимдер иштейт деп редакциялык жамааттагы аты-жөндөрдγ тизмектеп карачубуз…
Ошентип журналист, саясатчыларды четинен ушул гезиттер аркылуу тааныдык.
Дал ушул гезиттердеги «Жолбγгγн» рубрикасынан Алым агабыздын жазгандарын тамшанып окучубуз. Ошол мыкты макалалары, маектери ошол аталышта китепке айланып отурат. «Чыгарам» деген убадасын аткарган Аскерге рахматтан башка сөзγбγз жок. Алым агабыздын артында Аскердей шакирттери турганда аты, эмгеги өчпөйт!
***
Эрнис АСЕК уулу: “Жолбγгγндө» каараны көрγнбөй…”
«Алыке» деп жакшы көргөн, устат деп сыйлап-урматтаган жолдошум Эрнис да агабыздын жанында… 2015-жылы жазган эскерүүсү алдыңыздарда:

Майдын башында Алыке чалып калды: «Кандайсың, балам? (соңку учурда мени «балам» деп чакырып калган…) Гезитиңди окуп жатам. Жаман эмес. Мелистин авантюристтиги гана жетишпей турат. Бирок сен өзүң ушундай гезит каалачу эмес белең. Ушунуңан жазба» деди. Акыркы жолу кышында жолуктук. «Эрнис, эсиңдеби, Мелиске: «Мени гезитчи кылып салдың, үй алып бердиң, эми Байтиктен жай таап бер, өзүң ээсине тапшыр» деп калчу эмес белем. Мелис да кебелбей: «Ой, сизди көмалбай эмне болуптурмун, ага баш оорутпаңыз, андан көрө маңдайыбызда жүрө туруңуз» деп калчу эмес беле. Эми өзү кетип, мен калдым. Мен деле узак баралбайм го, ден соолук болбой жүрөт, силерге өмүр берсин» деди эле.

Алыкенин көздөрү кайгылуу эле. Азыр ошол элеси көз алдыма тартылат. Алыке экөөбүз оголе көп сүйлөштүк. Көкүрөгүндө чоң кайгысы бар киши эле. Бирок анысын айтчу эмес. «Сен билесиң, балам» деп гана койчу. Алыкенин адамдыгын, жазганын, мүнөзүн, деңгээлин, Салижан акенин таамай сөздөрүн, Жоробек акындын жоруктарын айтып, каткырып күлүп санын чапканын, поэзия жөнүндө туруп-туруп эле ачылып сүйлөп киргенин, саясатчыларды айтып баш чайкаганын, «мен кудайга ишенбейм да» деп мулуюп күлүп койгонун бир айтасыңбы, эки айтасыңбы…

Алайдан Кубат аке айтып калды: «Алым мыкты жигит. «Асабачылардан» ушул Алымды жакшы көрөм. Бирок мага өтө адашып жүргөн адамдай сезилет. Жазганы жагат. Баладай багып жазат турбайбы. Бул эмнеден кабар берет? Жоопкерчилик ушундай да. Бу жашоонун өзү жоопкерчилик да. Алымдан ушул жоопкерчиликти үйрөн, толстяк!» деди эле. Кийин КубКубат акенин сөздөрүн Алым байкеге айтсам, күлүп: «Кыраакы киши да» деп тим болгон.

Алыкенин өтүп кеткенин Атбашынын Арпасынан түшкөндө уктум. Топурак салалбадым. Мелис байкемди өтө-өтө жакшы көргөнүн эстедим. Баягы Мелис Эшимканов фондусунун 100 миң сомдук байгесин алганда да: «Мелис тирүү кезинде эле мага канча акча берди, эми өлгөндө да берип жатат» деп көзүнө жаш алганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Шербет эже каза болгондо да: «Шербет Мелисти өзгөчө жакшы көрчү да» деп койду эле.
Алыке, Алыке… Сөз дыйканы, сөз паашасы эле. Сөз алдындагы жоопкерчилигиңиз жадымда. Бир жолу чалып, «Жолбүгүн жазып бербейсизби?» десем, «Карыбадыкпы, Эрнис. Мен гезитиңди эле окуп, моралдык колдоо көрсөтүп турайын. Аскерге сөз берип коюп, «Жаңы Агымга» араң жазымыш болуп жатам» деди. Жолбүгүн… Азыр “Жолбүгүндө” Алыкенин карааны көрүнбөйт. Өзү жазгандай «жүрүп бараткандай» түр көрсөткөндөр гана… Эх, Алыке, Алыке!
Эрнис АСЕК уулу (2015-жыл)
78-кыш…

Алым агабыз азыр арабызда болгондо 78-кышты тосмок экен. 67 жашында бул дүйнөдөн узап, сөөгү 2014-жылы 26-июлда Бишкектин тоо тараптагы Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлган.
Нарын облусундагы Жумгал районунун Кайырма айылында 1947-жылы төрөлгөн агабыз бир топ басылмаларда: “Кыргызстан маданияты”, “Нуска”, “Асаба”, “Агым”, “Апта” “Алас” гезиттеринде, “Жетимен”, “Жаңы Ала-Тоо”журналдарында эмгектенген. “Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Пушкиндин «Полтавасын”, Саадини, Лермонтовду, казактын Магжанын, Пастернак, Рильке, Достоевскийдин чыгармаларын кыргызчалаган.
Эсен болуп, эстей жγрөлγ, туугандар!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Китеп сатылып жатат. Байланыш телефондор: (0701) 37-35-17, (0555) 37-35-17.

