Кожожаш менен көрγшкγңγз келеби? Анда келиңиз! (Дарек)

Кожожаш менен көрγшкγңγз келеби? Анда келиңиз! (Дарек)

Айтматов атындагы кино γйγнө келиңиз!

«Т.Океевдин  «Ак илбирстин тукуму» фильминдеги Кожожашты ойногон актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Догдурбек Кыдыралиевдин 70 жылдык юбилейине арналган чыгармачылык бейнеси тууралуу даректүү тасманы жаңы жыл алдында тартуулаганы турабыз! Атактуу актерубуз менен жүз көрүшүп, анын бейнесине арналган тасмабызды көрүп кетиңиздер!» — дейт тасманын автору жана продюсери, сүрөтчү, документалист Гүлжан Иреш.

Гүлжан айымдын айтымында, тасмага тээ 1991-жылы эгемен Казахстандын Оскар киносыйлыгынын «Мыкты чет элдик тасма» номинациясына көрсөтүлгөн алгачкы киносу, башкы ролдордун бирин Догдурбек Кыдыралиев ойногон «Отрардын кыйрашы» аттуу фильминин режиссеру Ардак Амиркулов да катышкан…

**

Дарек: Ч.Айтматов атындагы кино γйγ, Логвиненко көчөсү, 13

Күнү, сааты: 26-декабрь, 16:00

**

АРХИВ: «…үчөөбүз тең Кыдыралиев…»

«Ак илбирстин тукуму» (Потомок белого барса) киносун көргөндөн тажабайбыз, туурабы!? Андагы кичинекей каарман Карагул эсиңиздеби? Бул ролду балакай 5-класс кезинде аткарган Айбек Кыдыралиев менен 2012-жылы маек курган элек. Ошондо Айбекке берген суроолордун бирине төмөнкүдөй жооп алдык эле…

— Кинодогу ата-энең менен катышасыңбы?

— Алар мага турмушта да ата, апа бойдон калышты. Башында Зулайка апам менен жолугушуп турчумун, кийин табышпай калдык. А Кожожаш атам менен азыркыга чейин катышам. Дагы бир кызык айтып берейин силерге. Киного Кожожаштын ролуна Догдурбек Кыдыралиев, Зулайканын ролуна — Гүлнара Кыдыралиева, баласы Карагулга — мен, Айбек Кыдыралиев, өтүп жатпайбызбы.

Ким ойлоптур, бир үй-бүлө турмушун жараткан үч башка адамдын фамилиялары окшош болуп каларын. Анан үчөөбүздүн аты-жөнүбүз аталганда «бул киного жалаң үй-бүлө катышып алыптыр…» деп ойлошкон экен.

**

Легендарлуу, мыкты актер менен кантип жолуккуңуздар келбейт, туурабы? Келиңиздер! Руханий бир эргүү алып кетиңиздер…

Назира СААЛИЕВА

P.S. Маектин толугу бул ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.