Нуржигит МОЛДОЯР: «Мастер менен Маргарита» романы сапаттуу которулуптур, мага аябай жакты!» (ВИДЕО)

Нуржигит МОЛДОЯР: «Мастер менен Маргарита» романы сапаттуу которулуптур, мага аябай жакты!» (ВИДЕО)

«Эрнистин эмгеги тууралуу жылуу сөздөрγңγздөр өтө маанилγγ»

Экинчи өмγрγндө жашап жаткан журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис Асек уулунун (1970-2020) эмгегин, адамгерчилигин 29-январдан бери эскерип жатабыз. Алты жылдан бери бир топ эскерγγлөр жазылды жана жазылып жатат.

Буга чейин Мелис (Эшимканов) байкенин Эрнис тууралуу жазган архивдеги (“Асаба” 1999-жыл) макаласын жана белгилγγ комузчу Кенжебек Алдаярдын эскерγγсγн (“Ыйлоо. Кара өзгөй” жоктоо кγγсγн) бергенбиз.

Алдыда дагы бир топ эскерγγлөр бар: Эрнистин агайы, профессор Мырзабек Жумаевдин, “Баягы Асаба” гезитинде чогуу иштеген журналист Кайрат Кенжебай уулунун жана дизайнерТимур Шарапиевдин, “Асаба”, “Агым”, “Баягы Асаба” гезиттерине аймактан өз кабарчы болуп тынбай жаңылык жазып турган кесиптеш агаларыбыз Алишер Токсонбаев менен Кγмөндөр Усуп Тегиндин, “Де-факто” гезитинде чогуу иштеген, учурда “Азаттык” радиосунда эмгектенип жаткан Санжи Туйтунованын, “Агым” гезитинде иштеген Шайырбек Эркин уулунун, “Улуу Тоолор” басмаканасынын жетекчиси, акын Жумадин Кадыровдун, «Манас» театрынын, «Манас» улуттук академиясынын мурдагы жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулунун, Асел (Эшимканова) жеңемдин эскерγγлөрγ, белгилγγ акын, тележурналист Атахан КожогуловдунКыргыз эл артисти Амантай Кутманалиевдин Эрниске арнаган ырлары бар. Ар бириңиздердин жазгаңыздарды (комментарийге чейин) окуйм, анткени, Эрнистин эмгеги тууралуу жылуу сөздөрγңγздөр өтө маанилγγ. Таланттарды баалаган сиздердей жакшы адамдар турганда, жолдошумдун кызылдай эмгеги текке кетпейт, аты өчпөйт, унутулбайт! Бар болуңуздар!

**

Азыркы окуп жаткан, же акыркы окуган китебиңиз кайсы? Комментарийге жазыңыз, талкуулайлы! А мен азыр Михаил Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романын окуп жатамын. Эрнис Асек уулунун кыргызча котормосунда.
Жалаң орусча окуй берип, кыргызча жакшы котормо таап алсам кандай сүйүнөрүмдү айтпа” деп 2025-жылдын 5-октябрында “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаптыр. Кокусунан көрγп калып аябай кубандым… Нуржигиттин баракчасында личкасына жазып, ыраазычылык билдирип, бул китепти каяктан алганын, эмне себептен мындай татаал котормону окуп жатканын, котормо кандай таасир калтырганы боюнча суроо жибергем. “Эже, мен адабий сынчысы болбогондуктан сын айтуудан да, баа берγγдөн да алысмын, болгону окурман катары ой-пикиримди жазып берейин” деген. Жакында эле инимден төмөндөгγдөй жооп келди.

 Назира СААЛИЕВА

«Мастер менен Маргаританы» окуу мен үчүн кызыктуу да, жагымдуу да болду

Эрнис Асек уулунун ысымын буга чейин кулагым чалып калчу. Бирок чынымды айтсам, анын чыгармалары менен жакындан тааныш эмес болчумун.

Бир күнү социалдык тармактарды карап отуруп, кокусунан “Кыргыз радиосунун” “Фейсбуктагы” баракчасынан Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романынын котормосу боюнча тγз эфирге туш болуп калдым. Конокко котормочу Эрнис Асек уулунун жубайы Назира Саалиева менен котормочу,  талдоочу, публицист Жыргалбек Касаболотов чакырылыптыр. «Эмне болгон котормо болду экен?» деп кызыгуум артып, маекти кунт коюп угуп, аягына чейин көрдүм.

Михаил Булгаковдун дүйнөгө белгилүү «Мастер менен Маргарита» романы жөнγндө, чыгарманы кыргыз тилине которгон Эрнис Асек уулу тууралуу кеп болду. Котормонун сапаты, тилдин тактыгы жана көркөмдүк деңгээли тууралуу абдан жылуу, жогору баа айтылды. Ушундай жакшы сөздөр менин да кызыгуумду ойготуп, “Мастер менен Маргарита” котормону окууга түрткү берди. Китепти бир-эки китепканадан издеп тапкан жокмун. Досторумдан сураштырдым, бир досумдан китеп чыкты, сурап алып окуп чыктым. Котормонун сапаты башынын эле билинет эмеспи, эгерде начар болсо мен окубай эле жаап коем. Бул китептин котормосу мага аябай жакты. Чеберчилик менен жакшы которулуптур.

Негизи эле мен китеп окуганды жакшы көрөм, өзгөчө дүйнөлүк адабиятка кызыгуум чоң. Кыргыз тилинде сапаттуу котормолор аз болгондуктан, көп учурда чыгармаларды орус тилинде окууга туура келет. Анткен менен кээде кыргыз тилинде да ийгиликтүү, мыкты котормолор чыгып калат. Мына ошонун бири — “Мастер менен Маргарита”.

Чет тилдер кандай кооз, бай тил болбосун, чыгарманы өз эне тилиңде окуу менен эч нерсе тең келе албайт. Бул таптакыр башка сезим. Кыргызча китеп окуунун ырахаты баары бир башка. Жан дүйнөң жыргайт. Мындан тышкары, эне тилиңде окуу сөз байлыгыңды кеңейтип, ушундай көркөм тили бар кыргыз болгонуңа сыймыктанып кетесиң.

Михаил Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романын Эрнис Асек уулу кыргыз тилине которгону мени өзгөчө кубантты. Бул котормо мага чындап эле абдан жакты. Котормо жогорку сапатта, тили так жана көркөм чыгыптыр. Окуп аткан учурда кыргызча вариантын айрым жерлерде түп нускасы менен салыштырып көрдүм. Натыйжада, котормонун бийик деңгээлине чындап ынандым. Бул абдан татыктуу, сапаттуу, кызылдай эмгек. Романды окуу мен үчүн кызыктуу да, жагымдуу да болду.

Нуржигит МОЛДОЯР

АРХИВ: 2025-жыл. 13-июнь.

P.S. Урматтуу окурман, ар бириңиздердин тамчы пикириңиздер да маанилγγ, баалуу, анткени ал таш жарат. Сиздердин Эрнис тууралуу эскерγγңγздөр, котормо боюнча ой-пикириңиздер алгач “Алакан” сайтыбызга жарыяланат, анан Эрнис Асек уулу аттуу китепке кирет.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.