Кичинекей баланын суроосунан жаралган дүйнөлүк майрам…

14-февраль – Эл аралык китеп тартуулоо күнүнүн жаралышына, Дүйнөлүк майрам макамын алышына бир кичинекей баланын суроосу жана апасынын демилгеси түрткү болгон. Тагырагы, америкалык жазуучу Эмми Бродмурдун (Emmy Brodmoor) уулу: “Апа, эмне үчүн адамдар бири-бирине китеп белек кылбайт?” деген суроону узаткан. Анын ушул суроосу энесинин китеп берүү күнүн түзүүсүнө түрткү болуп, 2012-жылы ал өзүнүн интернеттеги дос, тааныш, кесиптештерине айтып, 14-февралды китеп берүү күнү деп демилгелеп, ошол жылдан бери дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстан ушул күндү белгилеп келет.
«Китеп жан дүйнөгө эшик ачат, жарык чачат»

Ушул майрамды утурлай кечээ бир катар мекемелер салтанаттуу иш-чара өткөрүп, китеп фондун жаңылап, толуктап алгандай болушту.
Алсак, 13-февралда А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана «Манас» улуттук академиясы менен биргеликте «Китеп жан дүйнөгө эшик ачат, жарык чачат» аттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чара сγрөт көргөзмөсү менен башталды. Көргөзмөнүн көч башындагы стендде залкар акын Алыкул Осмонов жазган «Жакшы китеп» (1945-жыл 5-февраль, Койсары) ыры турат.
ЖАКШЫ КИТЕП
Өмүрдүн жан шериги жакшы китеп,
Жаш жүрөк жалындаган жолун тиктеп.
Китепте не кааласаң бардыгы бар,
Эрикпей карап чыксаң таамай издеп.
Акылга жакшы китеп акыл салар,
Кыялдын жаман жагын тартып алар.
Өзүңдү өзүңө айтпай кайра жасап,
Сен ачкан колдоруңа канааттанар.
Ардактуу ага-инилер, жан курбулар,
Жаңы өскөн, жайдары ачык жаш муундар.
Силерге айта турган сөзүм ушул,
Ар дайым китеп менен дос болуңар.
Китепти сүйүү, даңазалоо жана китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында Массалык маалымат жана маданият программалары бөлүмү уюштурган иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Мукталы Бектеналиев,
«Манас» улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы, “Россотрудничество” өкүлү, билим берүү долбоорлорунун куратору Гультяев Павел Сергеевич, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, Кыргыз эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун уулу Расул Касымбеков, коомдук ишмер Замир Келдибеков, “Улуу Тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров, котормочу, талдоочу, публицист Жыргалбек Касаболотов, акын, котормочу Толукбек Байзак, акын, котормочу, тележурналист Атахан Кожогулов, «Китепстан» басмаканасынын жетекчиси Бакытбек Абдуллаев, акын Махабат Молдалиева, котормочу Фарида Исанова, “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Марлен Жамалов жана Бишкек шаарындагы китепканалардын башчылары, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Республикалык окуу борборунун талапкерлери жана жогорку окуу жай студенттери катышты.

Улуттук китепкана директорунун орун басары, иш-чара модератору Сайра Кырчообаева келген коноктордук итеп белекке берүү күнү менен куттуктап, жыл сайын Улуттук китепканада салтка айланып калган иш-чара быйыл 13-февралга туш болгонун айтып, алгачкы сөздү Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Мукталы Бектеналиевге берди. Ал да министрдин жана өзγнγн атынан китеп белекке берγγ майрамы менен куттуктап, жаңы эле жарык көргөн 4 китепти (“Кыргыз кγγлөрγ”, “Өмγр жана тагдыр” , “Үлкен китеп” , “Тарыхтагы ак тактар”) белек кылды.
Элдар АТТОКУРОВ: «Улуттук маданий жана илимий мурастарды сактоо — Улуттук китепкананын миссиясы»
Андан соң сөз алган Улуттук китепкана директору Элдар Аттокуров улуттук маданий жана илимий мурастарды сактоо Улуттук китепкананын миссиясы экендигин, белекке берилген китептер китеп фондун толуктай турганын баса белгилеп, келген конокторду китеп белекке берүү майрамы менен куттуктап, ыраазычылыгын билдирди.
Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков ак батасы менен кошо «Кыя жол» аттуу китебин белек кылды.
Назира ААЛЫ кызы: «Китеп жаратуучулар жана таратуучуларды куттуктайм!»


Мелис Эшимканов… «Мелис менен Эрнис»… «Каалга»…

Мындай жакшы иш-чарага Бишкек мамлекеттик университетинин
Журналистика факультетинин кафедра башчысы Асел Эшимканова жеңем экөөбγз да чакыруу алганбыз.

Эгемен сөз эркиндигине чыйыр жол салгандардын бири, кыргыз тилдүү басма сөздүн патриархы, мыкты жетекчи, редактор, калемгер, менеджер, стратег, оратор, коомдук жана мамлекеттик ишмер, журналистикада да, саясатта да ролу, орду чоң Мелис Эшимканов (1962-2011) агабызды, бир тууган иниси акын, котормочу, журналист, философ жолдошум Эрнис АСЕК уулун (1970-2020) унутпай, Эл аралык китеп тартуулоо күнүн утурлай уюшулган иш-чарага чакырган Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуровго, орун басары Сайра Кырчообаевага ыраазычылык билдиребиз!
Жеңем «Мелис Эшимканов» жана «Мелис менен Эрнис» китептерин белек кылды.
А мен болсо, байымдын «Каалгасына» баш багып, Эрнистин жан дүйнөсүн тереӊ түшүнүп, улуттук адабияттын кыртышынан сереп салып, дүйнөлүк адабияттын мейкиндик, мезгилдик ченемдеринен байкаштырып баа-сынын берген Султан Раев агабыз баш сөзүн жазган ыр китебин белек кылдым.

Ар бир иш-чарада, жакшылыкта ойго батып, «аттиң, өздөрγ тирγγ болсо кана» деп ичибизден сызып келебиз… А чынында арман кыла турган мыкты инсандар эле…
Жакшы адамдар экен, минтип экинчи өмγрлөрүндө жашап жатышат. Көздөрү өткөндөн бери өздөрү да, сөздөрү да, эмгектери да эскерилип келет. Ушуга шүгүр, шүгүр!
Китеп «жеген» Эрнис…

Эрнис өмγрγнγн акырына чейин китеп кучактап, тынбай окуп, дγйнөлγк адабияттарды которуп өттγ. 9 чоң эмгегинин бири – “Мастер менен Маргарита”. Булгаковдун ары уникалдуу, ары чуулгандуу бул китебинин котормосун сурагандар өтө көп. Буйруса, жолдошумдун 60 жылдыгына карата дагы бир топ китептерин чыгарганы турабыз.
Эрнис китепти бат окучу жана бат эле которуп койчу… Ал окубаган китеп калган жок… ал боюнча айтылуу «Асаба» гезитине 1999-жылы «Тарпы чыккан китептер» деген аталышта жазган экен.
Тарпы чыккан китептер

Китеп дегенде ичкен ашымды жерге коер элем. Китептерден турган көрүстөндөрдө көп убактым короду. Ар бирин аярлап, чаң жугузбай, киши жолотпой кастарлап, кадырлаганымчы?! Эмичи? Уул-кызым каалаганын алып, айрып, тытып, сүрөт тартып, ар кайсы жерде «ичеги-карыны» чыгып жатат. Терезеден, текчеден, дивандын алдынан, сандыктын артынан, ар кайсы бурчтан колума алам. Уул-кызыман кем калбай мен дагы ар кайсынын башын жаза берипмин. Байкуш китептер, кадимкидей ыйлашат. Ботала-шотала болгон беттерин барактап, жазгандарыма үңүлөм….
Томас МАНН, Новеллы
Жыртылган асман, жыл-кайып,
Жалдырап ачат эшикти.
Сүйүнчү издеп боёктон,
Сүрөтчү тартат тешикти.
Герберт УЭЛЛС, «Машина времени», рассказы
Кеберсийт эриндери кенендиктин:
«Герберттин көбү чындык, көбү жалган…»
Көпчүлүккө чек койгон чекесинде,
Көз көрбөгөн адамдын мөөрү калган.
Чарльз ДИККЕНС, «Рождественские повести»
Терезе-темир. Түн оокум.
Чегиртке чертет комузун.
Дөөрүгөн дөөлөр каптады…
Терезе сынган. Түн оокум.
М.Ю.ЛЕРМОНТОВ, стихотворения
Жаш эле. Жалын эле,
Жашоонун каны эле.
Жалгыз бир кемелердин
Жапжалгыз таңы эле…
Л.Н.ТОЛСТОЙ, «Смерть Ивана Ильича»
Сакалы сан кылымдай бубак басып,
Санаасы сар талааны тилип кеткен.
Аннанын эң акыркы көз жашындай
Айлакер жин-шайтанга сиңип кеткен…
Ф.М. ДОСТОЕВСКИЙ, «Униженные и оскорбленные”
Бул көөдөн кескиленип, майдаланып,
Тынчтыкты тынымы жок жайдан алып.
Топ болуп тоголонгон кайран тагдыр,
Токтолот эми байкуш кайда барып?..
М.БУЛГАКОВ, «Мастер и Маргарита»
Сыны кеткен алтын аяк быркырап,
Сыйкырчыны күтүп жатат жалганың.
Учуп-конуп далбастаган адамзат,
Учурунда көрөсүң го калганын.
А.П.ЧЕХОВ, Рассказы
Көз айнекпи? Өзү айнекпи? Ким билет?
Айнек дүйнө тилип өтөт жүрөктү.
Алакандай жерден чындык табам деп,
Адатынча алган колго күрөктү.
Ф.М.ДОСТОЕВСКИЙ, «Преступление и наказание»
Күкүктөп агып тамчылар,
Күмүштөй күндөр күңгүрөйт.
Дүңкүйгөн залкар «дүрт” этип,
Дүйнөнүн сыры дүңгүрөйт.
Б.ПАСТЕРНАК, Стихотворения и письма
Жолдошу — Мефистофель, өзү — Фауст,
Таланты Гете болуп уйкаш курайт.
Табылып таазим эткен тараптар да,
Сүрсүгөн сүйүү каттын жашы кургайт.
М.ГОРЬКИЙ, Рассказы
Алдыңдан албууттанып ачуу шамал,
Артыңдан омуроолойт ачуу тилек.
Буулуккан булуттарга бугун айтып,
Булдурап турат экен булчуң билек.
А.Т.ТВАРДОВСКИЙ, поэмы
Шахтердун дагы анты бар,
Шахматтын шахы, маты бар.
Акын да жашайт турбайбы:
«Василий Теркин» аты бар.
О.СУЛЕЙМЕНОВ, «От января до апреля»
Кун болуп турбасам да асмандагы,
Гүл болуп турбасам да өсүп турган.
Жүрөктүн бир тарабы күйүп турса,
Жүрөктүн бир тарабы өчүп турган.
Математика, 3-класс
Бирге бирди кошконду да үйрөттү,
Нөл сыяктуу көөдөндөрдү үйлөттү.
Бөлчөк, бөлчөк кылып салган өмүрдү
Түк түшүнбөйм эсеп-кысап түгөттү!
Кыргыз тили, 5-класс
1. Атоочтой атын атап турат мезгил,
2. Иликтей иликтөөдө тарых баарын.
3. Барыштай барчу жакты таппай көөдөн,
4. Табыштай табат өмүр кудай каарын.
5. Жатыштай жатат көк муз аң-сезимде,
6. Чыгыштай Чындык гана чачат заарын.
Даярдаган Эрнис АСЕК уулу («Асаба», 1999-жыл)
Алдыда…
Кыргыз эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун уулу Расул Касымбеков, коомдук ишмер Замир Келдибеков, “Улуу Тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров, котормочу, талдоочу, публицист Жыргалбек Касаболотов, акын, котормочу Толукбек Байзак, акын, котормочу, тележурналист Атахан Кожогулов, акын, акын Махабат Молдалиева, котормочу Фарида Исанова, “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Марлен Жамаловдун иш-чарада сөз сүйлөгөн видеолору бар. Андыктан бизден алыстабаңыздар!
Урматтуу китеп сγйγγчγлөр, майрамыңыздар менен!
Назира СААЛИЕВА

