МАЕК — Калемкаш АЛИКЕЕВА: «Малик төрөлгөндө атасы Манас төрөп бергендей кубанган.…»

МАЕК — Калемкаш АЛИКЕЕВА: «Малик төрөлгөндө атасы Манас төрөп бергендей кубанган.…»

Бүгүн, 6-июнь, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, алтын үндүү ырчы Малик Аликеевдин туулган күнү. Агабызды жарык дүйнөгө алып келген Калемкаш апабызды, Малик агабызга телефон чалып, куттуктадык. Эне деген кандай зат! “9 ай курсагында, 1 жыл кучагында, өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн” бардык апалардай Кермекаш апа уул-кызынын, неберелерин амандыгын тилеп азыр 90 жаштын чай ичин отурат. Акылы тунук, кеби нускалуу, сынынан кетпеген апабыз жана апасындай эле сыпаттагы улуу кызы Мейкин эжебиз менен азыноолак маек курдук.

Калемкаш АЛИКЕЕВА:«Маликти төрөгөндө айылда той болгон…» 

— Апа, балаңызды жарык дүйнөгө алып келген күндү эстесеңиз…
— Бул Малик балам — үйдүн кенжеси. 1969-жылдын 5-июнунда толготуп төрөтканага жеткирилгем. 6-июнда түнкү саат төрттө аман-эсен көз жарып алдым. Маликти улгайганда көргөн уулубуз. 60 жашка жакындап калган абышкама «уулдуу болдуңуз» деп сүйүнчүлөшсө, мен Манас төрөп бергендей кубанган. Атасы эле эмес, айылдын баары кубанган… Улуу кызыбыз Мейкин анда 10 жашта болчу. Ортодо токтоп калып, Маликти жарык дүйнөгө 10 жылдан кийин алып келгем, кагылайын. Ал учурда уул-кыз экенин төрөгөндө гана билчүбүз да. Уулдуу болгонумду укканда аябай кубангам, кагылайын.
— Уулуңуздун атын Малик деп ким койду эле?
— Маликтин атасы колхоздо завхоз болуп иштеген. Ал учурда айтылуу коомдук ишмер Рысбек Айдаралиев биздин “Каракол” колхозунда башкарма болчу, «эл уулу болсун» деп ысымын ошол киши койгон. Башкарма менен кошо бардык аппарат кызматкерлери келип, той болгон, Маликке аянбай баталарын беришкен, «Бата менен эл көгөрөт» дегендей, бата менен эл уулу болду.

— Чоң ырчы болот деп ойлодуңуз беле?
— Ойлогом, себеби атасы да комузчу болчу. Кезинде Филармонияда иштеп, Атай, Осмонкулдар менен жүрүп калган киши эле. Уста да болчу, баласына өзүнө жараша чакандап комуз жасап берип, черткенди үйрөткөн. Балам ошол комузун көтөрүп алып күүлөрдү черте берчү. “Баламдан бир нерсе чыгат го” деп кубанып, мен жетпеген кесипке жетип, ырчы болсун деп калчумун ичимден.
— Ырдачу белеңиз?
— Ооба, бала кезде ырдачумун. Келечекте ырчы болгум келген. Радиодон а кездеги ырчылардын баарын угуп, ырларын жаттап алып ырдачумун.

Ырчы Асек Жумабаевдин «Врач кыз» деген ырын жактырып, көп укчумун. Кийин бир тууган сиңдимди бага турган киши жок, үйгө каралашып, каалаган окуума тапшыра албай, ырдабай калгам, кагылайын.

Врач кыз

Сөзү, обону: Асек Жумабаевдики
Жүрөгүм сүйгөн врач кыз,
Жабыккан жанга ынак кыз
Жарык кылып көңүлдү,
Жанып турган чырак кыз.

Сыртыңдан сүйдүм аппагым,
Сырымды сенден каткамын.
Даттанып барсам мен сага,
Дартымдын атын таппадың.

Жүрөгүм көпкө тыңшадың,
Үмүткөр дабыш чыкканын.
Зырпылдап жаным сендик деп,
Сокконун кантип укпадың.

Уксаңда мени сынапсың,
Укмаксан болуп чыдапсың.
Көрбөй калсам сагынткан,
Көңүлдө турчу врачсың.

Өмүрлүк таалай бактыга,
Талыкпай кызмат кылалы.
Табышмак дартым айыксын,
Жаш жүрөк чиркин ынагы.

Апа ушул ырдын сөздөрүн алигүнчө унутпаптыр. Илгерки кишилерден да деп, эс тутумуна баа бердик. Ырдап бербейсизби деп сурансак, төмөндөгү ырды Малик агабыз комуз менен коштоп, апабыз ырдап жөнөтүштү.

Малик агабыздан “апам жакшы ырдайт, ырчы болсо, менмен деген атактуу ырчылардын катарында жүрмөк” деп угуп калчу элек, өзүбүз угуп, Таластын таңшыган булбулу Маликке үн, шык-талант атадан да, ападан да өтүптүр деп калдык… Сиздей энеге башыбызды ийип таазим этебиз.

Мейкин АЛИКЕЕВА: «Маликти кайрадан чоң сахнадан көргүм келет»

Малик агабыздын апасындай бир сырдуу, салабаттуу бир тууганы Мейкин эже да инисине жакшы каалоолорун айтып маек куруп берди.
— Эже, Малик иниңиз төрөлгөндө, эс тартып калган кезиңиз экен, кандай сезимдер болду эле, эсиңиздеби?
— Ооба, иним экөөбүздүн ортобуз 10 жаш. Баары бүгүнкү күндөй эсимде. Эл көп келип, чоң той болгон. Элге кошулуп мен дагы абдан кубангам. Анда атам завхоз, апам талаада иштечү. Апам Маликти бешикке таңып коюп, агезде апийим деген бар эле, ошону кырып чогултуу үчүн таң эрте кетчү. Анан Маликти бешикке терметип чоңойткон бала да. Аябай жакшы көрчүмүн, азыр да ошондой жакшы көрөм. Бала кездегидей ынтымакта, сый бойдон калдык. (Күлүп) Экөөбүз эгиз козудай ээрчишип, сырдашып бир үйдө чоңойдук да. Кичинесинен ырчылыкка жакын болду. Жунуш атабыз комуз чертип, уста да киши эле, Маликке тыпыйтып кичинекей комуз чаап берген, ошону колунан түшүрбөй чертчү.
— Ырдаганы да эрте байкалдыбы?
— Жок, башында ырдачу эмес. Атам үйрөткөн күүлөрдү эле черте берчү. Мектепке баргандан тартып ырдай баштады. Мен 10-классты бүтүп жатканда, Малик 1-класска барган. Ар кандай ийримдерге катышып жүрдү. Мектептеги мугалимдер Маликти жакшы көрүп, райондук, облустук иш-чараларга алып барып жүрүштү. Ар бир ийгилигине апам экөөбүз ушундай кубанып жүрдүк. Анан мектепти бүтүп мен окууга кеттим, андан ары турмушка чыктым. Бир кыз, эки уулум бар. Малик да үйлөндү, балалуу болду. Ырчылык өнөрүн таштаган жок, ушул убакка чейин ырдайт. Ортодо кырсыктап ооруп, төшөккө жатып калды. Апам экөөбүз карап, Кудайдын жардамы, элдин батасы менен бутуна туруп кетти. Ошого кубанып отурабыз. Эми инимди кайрадан чоң сахнадан көргүм келет.

Ырчыны эл да сагыныптыр…

Жогоруда Мейкин эжебиз айткандай, биз да сахнадан көргүбүз келет. Агабыздын ырдаганын эл да сагыныптыр. Биздин сайт уюштуруп жаткан «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасына катышып, ырдап берген. Ошол тасманы 17 миң 225 адам көрүптүр. 

Айтмакчы, маектин этегинде, айланып-кагылган Калемкаш апабыз бизге аябай батасын берди, “менин жашыма жеткиле” деди. Айтканыңыз келсин, апа. Жүздөн ашкан жашка жетип эл сыймыгы болгон Малик уулуңуздун жакшылыгын гана көрүңүз. Ошол жүз жашты да белгилеп, сизден бата алалы, оомийин…

Назира СААЛИЕВА

2 thoughts on “МАЕК — Калемкаш АЛИКЕЕВА: «Малик төрөлгөндө атасы Манас төрөп бергендей кубанган.…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.