ВИДЕО — «Аялдардын баш калкалоочу жайы» көрүүчүлөрдү ыйлатты…

ВИДЕО — «Аялдардын баш калкалоочу жайы» көрүүчүлөрдү ыйлатты…

Түрк драматургу Тунжер Жүженоглунун (Tuncer Cücenoğlu «Kadınlar Sığınağı») «Аялдардын баш калкалоочу жайы» аттуу драмасын Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры сахналаштырылып, үч күн катар (28-29-30-июнда) коюп, 30-июндагы спектакль менен жайкы сезонду да жыйынтыктады. Ошол соңку күнү театрдын көркөм жетекчиси, маданияттын мыкты кызматкери Руслан Курманалиевдин чакыруусу менен барып, спектаклди көрүп кайттык…

Салтанат АМАНОВА: «Баарыбыз бир сыйра ыйладык…»

Бул спектакль түрк драматургу Тунжер Жүженоглунун үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту көргөн 11 аялдын тагдырын баяндаган социалдык-психологиялык пьесасынын негизинде коюлган. Бул чыгарманын өзүн окуй турган болсок, ар кай жерден келген, арман-зары окшош аялзатынын үйүндөгү кордуктан аргасыз качып келип жашынган жайдан ар биринин тагдыры, кыял-каалоосу, бугу-зары, арман-өксүгү, үмүт-умтулуусу менен таанышабыз… Аялзатынын кадыр-баркы төмөнгө коюлуп, аруулугу, бактысы тебеленген кейиштүү теманы козгогон бул пьеса биздин коомдо да көп учураган жат көрүнүштөрдү эске салат. Жана жаш көрүүчүлөрдүн театры да жатык тилге салып, мыкты сахналаштырып алып чыгыптыр.

Театр ушул спектакль менен жайкы сезонду жыйынтыктап жаткандыктан, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова келген экен, спектакль аягында сөз берилгенде: «Спектакль жогорку деңгээлде өттү. Аялдардын азаптуу тагдыры чагылдырылган спектаклди актрисалар мыкты ойноп, бизди ыйлатты…Ушундай кымындай сахнада, кондиционер жок, ысыкта роль ойнош кыйын эле. Гүлмира Турсунбаева, Айнура Тургунбаева — тажрыйбалуу актрисалар да, өз ролдорун мыкты ойношту» деп бардык актрисаларга ийгилик каалады.

80 мүнөттүк спектаклдеги 8 актриса…

Министр орун басары айткандай, тар сахнасында пьесаны өз деңгээлинен түшүрбөй мыкты алып чыккан театрга жалпы келген эл да ыраазы болушту. Ысыкка карабай, зал толо эл келгенине, чынында, аябай кубандык. Баарыбыз эле билебиз да, театрдын жашоосу — көрүүчүлөр менен… Зал толуп эл келсе, анан спектаклди жактырып, узакка кол чаап турса — бул артисттерге дем-күч берет, шыктандырат, издентет. Чынында эле спектакль мыкты болду, элдин купулуна толду… Ар бир актрисага ролдору да жарашып калыптыр. 80 мүнөттүк спектаклде 8 гана актриса ойноп, үй бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдардын образдарын сахнада мыкты ачып беришти. Пьеса өз мазмунуна орто кылымдагы түрк коомундагы каада-салттардын шартында аялдарга болгон адилетсиз мамилени камтыган менен, андагы окуялар жаңырыктай азыркы учурдагы азап тарткан аялзатынын кордуктарын баяндап жаткандай туюлду…Ошол жаңырыкты сахнада роль жараткан актрисаларыбыз, ушул спектаклди койгон режиссер – бардык чыгармачыл топ ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнө жеткире алды деп ойлойм.

Каармандар кимдер, роль жараткандар кимдер десеңиздер, тааныштырып коелу:

Дуду – Гүлмира Ташматова, КРнын эмгек сиңирген артисти;
Гюлю – Гүлмира Турсунбаева, КРнын эмгек сиңирген артисти;
Зейнеп — Айнура Тургунбаева, КРнын эмгек сиңирген артисти;
Жезаир — Шекер Жоомартова,
Дениз — Жаңылай Исакова,
Йетер — Мыскал Майрамбек кызы,
Фидан — Элес Калмуратова,
Зылфо — Аида Шаршенбек кызы.

Спектаклди койгон режиссер — Элвира Ибрагимова, түрк тилинен кыргыз тилине которгон Кайырбүбү Токорова экен. Бул пьесаны түрктөрдүн “көчө тили” деп койчу, карапайым эл сүйлөшкөндөй тилде жазылган деп уккам. Биздин тилге да жатык, жеткиликтүү жакшы которулуптур, ошондон улам түз түрк тилинен которулганбы же башка тилге которулганы кыргызчаландыбы деп кызыгып котормочу менен азыноолак маек курдук.

Кайырбүбү ТОКОРОВА: «Бир жарым жумада эле котордум. Себеби…»

—  Кайырбүбү айым, түрк драматургу Тунжер Жүженоглунун пьесасын түрк тилинен котордуңузбу?
— Жок, орус тилинен котордум. Елена Оганованын «Приют для женщин» деген котормосун мен «Аялдардын баш калкалоочу жайы» деп котордум.
— Канча убакытта котордуңуз?
— (Күлүп) Бат эле котордум десем болот. Бир жарым жумада бүтүрдүм. Чыгарма мага өтө кызыктуу болду, ачыгын айтканда, пьесага аябай таасирлендим. Окуяга сүңгүп кирип, аягына чыкканча шаштым. Себеби, андагы окуялар биздин Кыргызстандагы болуп жаткан кыз-келиндердин тагдырына өтө окшош экен. Бул эми Түркияда болгон окуя да, драматург андагы болгон окуяны жазып жатат. Ал мамлекеттеги аялдардын зордук-зомбулукка кабылып, баш калкалоочу жай издеп келгени кудум биздин Кыргызстандагы окуяларга үндөшкөндүгү таңгалдырды. Кайсы мамлекет болбосун, кайсы улут болбосун эркектеринин аялдарга жасаган мамилеси окшош эле болот турбайбы деп ойлонуп калдым.
— Спектаклде окуялар которгонуңуздай эле берилдиби же башкачараак өзгөргөн жерлери болдубу?
— Бир аз айырмачылык эле болбосо, жалпысынан мен которгон рамкадан чыгышкан жок. Мисалы, Дениз деген кыздын тагдыры бир аз башкачараак берилди. Мен которгон жерде ал кыздын ичкен жери жок. Спектаклде ызаланып ичип алганы кошулуптур, бирок, ал деле өөн көрүнбөй жарашып калган. Ал кызга жумуш табылбай, баш калкалоочу жайдын жетекчиси Зейнеп ага иш таап берсе, иш берген киши айлыгын өтө эле аз төлөп, анан тийишип жатпайбы, ошого ызаланып ичип алганы берилиптир… Биздин менталитетибизге ылайыкташтырып айрым сөздөр кошулуптур… Негизи мага бардыгын аткарганы жакты, ар кимисине ролдору куп жарашыптыр. Мисалы, Айнура Тургунбаеваны (элге Сакиш деп таанымал актрисабыз – авт.) баарыбыз жакшы билебиз, ал көбүнчө комедиялык ролдорду аткарат эмеспи. Бул жолу олуттуу жетекчинин ролун токтоолук менен укмуш аткарып койду. Эми Айнура Тургунбаева, Гүлмира Турсунбаева, Гүлмира Ташматовалар — тажрыйбалуу, мыкты актрисалар да. Жаштардын аткарганы да аябай жакты, өзгөчө ичип келген кыздын абалын жаш актриса Жаңылай Исакова укмуш аткарып койду. Каармандарын сезип-туюп аткарган жаш актрисалардын өсүп келатканына кубандым. Дагы бир кубанганым, бул спектакль күзүндө Түркия мамлекетинде да коюлат экен. Ал жактан чакыруу келгенин театрдын көркөм жетекчиси Руслан Курманалиев билдирди.
— Бул чыгарманы эмнеден улам которуп калдыңыз?
— Мага Гүлмира Турсунбаева сунуштап калды, «ушуну которуп берчи» деп. Ал менин классташым, чогуу бир короодо чоңойгон курбум. Буга чейин деле Гүлмира котормо берип которткон. Кээде котормо боюнча кайрылып калат.
— Кесибиңиз кандай? Котормочусузбу?
— (Күлүп). Жо-ок, мугалиммин. Азыр «Ак-Өргө» конушундагы N84 орто мектепте орус тилинен сабак берем. Мугалимдик ишим өзүм туулуп-өскөн Нарын шаарындагы N8 орто мектептен башталган. 1968-жылы 21-мартта Нарын шаарында туулгам. Нарын шаарынын К.Жакыпов атындагы мектепти 1985-жылы аяктап, орус тили жана адабияты педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1991-жылы бүтүрдүм. Кийин 1995-жылы жашоо-шарттан улам Бишкекке келип, алгач N59 мектепте иштедим. Ушинтип ардактуу кесибим менен эмгектенип келатам.

Окуучуларга билим берүүдө далай ийгиликтерди жараткан, көптөгөн мугалимдерди сынактарга даярдап, байгелүү орундарды ээлеген, билим берүүнүн мыктысы, окуучулардын жакшы көргөн эжекейи, үч кыздын мээримдүү энеси жана жакшы адамдын сүймөнчүктүү жары, жакшы котормочуга жана Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынынын чыгармачыл тобуна чыгармачылык эргүү, ийгиликтерди каалайбыз!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Б.Бейшеналиев атындагы республикалык сыйлыктын ээси, маданияттын мыкты кызматкери, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Руслан КУРМАНАЛИЕВ менен болгон кызыктуу маекти жакында окуй аласыздар.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.