ВИДЕО — Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Эски прокуратуранын имараты бузулат». Ордуна эмне салынат?..

ВИДЕО — Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Эски прокуратуранын имараты бузулат». Ордуна эмне салынат?..
Эски прокуратуранын имараты бузулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, шаардык муниципалитет борбор калаанын тышкы көрүнүшүн, инфраструктурасын өнүктүрүүнү улантууда.
Мэр Эмилбек Абдыкадыров өрттөлүп кеткен имараттын ордуна жаңы заманбап имарат куруу зарылдыгын, ошондой эле көп жылдан бери бузулбай же курулуп бүтө элек имараттарды иретке келтирүү керектигин баса белгилеген.
Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталган. Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан турган жети кабаттуу имарат курулат. Ал шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык мэриясы Киев көчөсүндө жайгашкан Башкы прокуратуранын өрттөлүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялаган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.