ЭСТАФЕТА уланууда: Улукбек Омокеев ыр окуп… Малик Аликеевдин апасы алдыда келатат…

ЭСТАФЕТА уланууда: Улукбек Омокеев ыр окуп… Малик Аликеевдин апасы алдыда келатат…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт «Алакан биз» (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Мындай саамалыктын башын Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов баштап берген.

Кулагыңыздарга күмүш сырга…

Буга чейин социалдык желеде бир топ инсандарыбыз эстафетаны улантып келди. Бирок ортодо ыр окуу ыргагы солгундай түшкөндөй болду. Көрсө, катышуучулардан Фейсбук баракчасына видеону жүктөгөндө Salieva Salimaны кошо белгилей кеткиле дедик эле, ушуну унутуп койгондор болуп, ыр окугандарын көрбөй убакыт өтүп кетиптир… Айрымдар ар кандай себептүү иштер менен убактылары болбой жатканын айтып кечирим сурашты. Айрымдар эстафета аларга узатылганынан кабардар да эмес экен. Ошондуктан бир сураныч: эстафетаны сунган адамыңыздарды сөзсүз кабардар кылып коюңуздар!

Кезек кыргызымдын кыйын жигитинде…

“Жаз жыты”,  “Кеч күздөгү сулуулар”, “Ата-Сүйүү” аттуу китептердин автору, “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун түзүүчүсү, Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, маданияттын мыкты кызматкери акын Улугбек Омокеевдин Байдылда САРНОГОЕВдин «Ырларыма» аттуу ырын окуганын сунуштайбыз.

ЫРЛАРЫМА

Ортокмун, жыргалыңа, азабыңа,
Ырларым жөнөй бергин сапарыңа.
Силерди өзүм үчүн жазган жокмун,
Эл-журттун арасында жашагыла!
Байкабай түн киргенин, тан атканын,
Баарыңды уйку көрбөй жараткамын.
Эл караган бетимди жер каратып,
Окуган окурманды жадатпагын.
Кээ бириң эл көңүлүн аларсыңар,
Жүздөгөн жүрөктөрдө жанарсыңар.
Кээ бириң өлүү түшкөн күчүккө окшоп,
Керексиз таштандыда каларсыңар.
Силерди жан дүйнөмдөн жасап алдым,
Беремин балбандарын баталардын.
Кайгырсам силер менен бир кайгырып,
Жашарсам силер менен жашарармын.
Туурабай чардаганын бакалардын,
Ар бириң өз алдынча атак алгын.
Учкула уяңардан перзенттерим,
Силердин атаңармын, апаңармын.

Омокеев оңой жигит эмес…

Улукбек Омокеев инибизди кенен тааныштыра кетсек, ал Оштун Кара-Кулжа районундагы Чалма айылынан. 1988-жылдын 16-ноябрында туулган. Жогорку билимдүү. ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. Кыргыз тили жана адабияты мугалими. Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмүнүн жетектейт. Айтымында, поэзия, ой толгоо, эссе жазууга кызыгат. Бир нече публицистикалык, көркөм-публицистикалык макалалардын автору. Мындан тышкары, спортко да кызыгат, бир нече түрү менен алектенет. (Кикбоксинг түрүнөн түштүк аймагы боюнча жеңүүчү, Волейбол түрүнөн университет курама командасынын мүчөсү болгон). Жоопкерчиликтүү, адамдар менен бат тил табышат, команда менен иштешүүгө жөндөмдүү. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.

Иш тажрыйбасы: ОшМУнун “Нур” гезитинин редактору (2011-2017-ж.ж.),  ОшМУнун Киноакадемиясынын директору (2017-2020-ж.ж.), ОшМУнун мамлекеттик тил департаментинин директору (2020-ж.), ОшМУнун коомчулук менен байланыш департаментинин директору (2020-2021-ж.ж.), ОшМУнун Журналистика кафедрасынын окутуучусу (2014-2020-ж.ж.), ОшМУнун “Билим” лицейинде кыргыз тили жана адабияты предметинен мугалим (2013-2017-ж.ж.), 2021-жылдын сентябрынан ОшМУнун ФАКТКАПК кафедрасынын окутуучусу болуп иштеп келатат.
Сыйлыктары: Ж.Мамытовдун мааракесине арналган сынакта баш байге (2013-ж.) ;  “Калемгер” адабий клубу өткөргөн “Бир ырдын сынагында” 3-орун (2014-ж.); 2017-жылы Э.Эрматов атындагы республикалык адабий фестивалдын лауреаты, А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты; 2021-жылы Ж.Мамытов атындагы адабий сыйлыктын жана Республикалык “Алтын калем” сыйлыгынын лауреаты жана Маданияттын мыкты кызматкери наамына ээ болгон.

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу эстафета катышуучулары жана жалпы окурмандарыбыз!

Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап жана аларга эскертип;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Малик Аликеевдин апасы алдыда…

Ютубдагы «Алакан TV» каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганбыз. Кудайга шүгүр, жазылгандар миңден ашып, көрүүчүлөр көбөйүүдө… Малик Аликеевдин өзүнүн жогорудагы видеодогу ырдаганын 27235 адам, анын туулган күнүндө апасынын ырдаганын 60 миң адам көрүп алдыда келатат…

Оорчулук көрбөсөңүздөр, «Алакан TV» каналыбызга жазылып коюңуздар, ээ!

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу окурмандарыбыз, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын жетекчиси Назира Саалиеванын жана жалпы эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.