ВИДЕО — Жабырлануучулар журналисттерге, элге ыраазычылык билдирип, министрге кайрылды…

ВИДЕО — Жабырлануучулар журналисттерге, элге ыраазычылык билдирип, министрге кайрылды…

Элдин пикири жана талабы!

Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан «Ырыскы» дүкөнүндө болгон окуя тууралуу үч видео редакциябызга 22-июлда келген. Ал күнү сайтыбыз техникалык себептерден улам иштебей калып, жабырлануучулардын апасы Чынара айымдын (аты-жөнү өзгөртүлүп берилди — авт.) интервьюсун жана 18 жаштагы жаңы төрөгөн келинди сабап жаткан аялдын эки видеосун «Фейсбукка» жарыяланганбыз. Биринчи видеону — 115 миң, экинчисин — 43 миң адам көрүп, 680 жолу бөлүшүптүр. 1500 пикир жазылыптыр. Дагы деле жазылып, редакциябызга чалып, жабырлануучулардын акыбалын жана бирөөнүн алмончоктой болгон эки баласын сабаган аялдын «тагдырын» сурап, «камалсын!» деген талап коюушууда.

Баяна КУЛОВА: «Мөөнөтү өтүп кеткен товарды көп сатат»

Пикир жазган адамдардын арасында кесиптештер да бар. Алардын бири белгилүү журналист — Баяна Кулова. Ал балдарды урган аялдын кошунасы экен. 22-июль күнү бул окуяны баракчасына бөлүшүп, мындай деп жазды: «Видеону карап тура албадым. Жаңы эле төрөгөн келинди баса калып сабап жаткан эже менин кошунам. Чыгыш-5 кичирайонундагы “Ырыскы” деген магазиндин ээси, сатуучусу. Чындап эле начар аял. Мөөнөтү өтүп кеткен товарды көп сатат. ККМ (кассалык-көзөмөл машиналары) боюнча чек сураса кошуна эжеге да кол көтөргөнү жүрөт, бирок, ал анын сазайын берген. Бир жолу мага да атырылып баштады эле, ордуна койгом. Эми бул окуяга келсек, мөөнөтү өтүп кеткен сгущенканы кайра албай чыр чыгып, жаңы төрөгөн келинди сатуучу аял сабап таштаптыр.  Эже моюнуна өлсө да албайт«.

Анын эртеси (23-июлда): «Эжеге кылмыш иши козголуптур. Мөөнөтү өтүп кеткен товар сатпаңыз, мен сизди айтчу жерге айтам десем, » чоң атаңа айт» дечү эле. Чоң атамсыз эле Кудай жазасын бериптир«,-деп жазды.

Элдин камын ойлогон — «Не сахар» барганда… 

Дагы бир белгилүү журналист, кесиптешибиз Умар Даданов мөөнөтү өтүп кеткен товарды текшерели деп «Ырыскыга» барса, дүкөндү ачпай коюшуптур… Кол көтөргөн аялдын кайын агасы кесиптешибизге орой мамиле жасаганы аз келгенсип, сүзүп да кете жаздаптыр…

Ата-кыздын калптары..

Дегеним, жогорку видеодо дүкөнчү аялдын күйөөсү менен кызы үйүнүн дарбазанын алдына чыгып алып карандай калптарды айтышты. «Фейсбукка» кыздын ооруканага жатып калганы чыкты» деп кызы айтып жатса, атасы «ал ооруканага жатпай эле басып жүрбөйбү..» деп атат. Алардын эсине сала кетели, таяк жеген балдардын апасы кызы эмес, баласы ооруканага жатып калганын айткан болчу, бизге берген интервьюсунда. Анда ал мындай деген: «Балам 9-кичирайонундагы №3 балдар ооруканасында жатып, дарыланууда. Врачтын айтымында, баламдын мээси чайкалып (сотрясение мозга) калган. Тамакка такыр табити жок болууда. Баламды биз ошол күнү, түнкү саат үчтө алып келгенбиз. «Башым ооруп, көңүлүм айнып жатат» деп өзүн жаман сезгенде гана жеткирдик. Баламдын жүрөгү түшүп калыптыр. Албетте, жүрөгү түшөт килейген 50 жаштагы аял 18 жаштагы кызды баса калып сабап жатса… Кызым болсо жаңы эле төрөгөн, неберемдин жарык дүйнөгө келгинине 20 эле күн болгон. Тиги аял ичке тепкенден бери ичи ооруп, кан токтобой (кровотечение) жатканын айтты. Ошол эле күнү врачка алып барганбыз, канын токтотуп, дары жазып берген. Эмчектеги баласын ойлоп ооруканага жаткан жок». 

Мындан тышкары, балдарды сабаган аялдын кызы апам 50 жашта деп атат, апасы болсо 55 жаштамын деп атат видеодо. Атасы болсо кесиптешибиз Умар Дадановго «рульда мен эмес болчумун, жанында отургам. Видеону кара!» деп атат. Шофердун жанында эч ким жок, видеону жакшылап карасаңыздар… Болбогон жерден видеону кара деп атат, биз дагы ага айтат элек, «тырнактай, алы жок кызындай болгон жаш келинди аялы сабап жаткан видеону жакшылап карасын» деп. Эми кайра кызына келсек, ал «видео көрсөтөм» деп көрсөткөн жок. Дүкөндү ачабыз деп коюп ачкан жок. Ушул жерден эле ата-кыз канча калптарды айтты.. Эми суроо. Ушул «сайрап» жаткан кызга жабырлануучулардын апасы сабаса, кайра аларга жалган жалаа жапса кандай акыбалда болмок?..

Жабырлануучулар кайрадан элге, министрге кайрылды…

 Окурмандардын суроосун орундаталы деп биз жабырлануучуларга кайрылдык. Чынара айым бүгүн (25-июлда) эле 10 жаштагы баласы ооруканадан чыгып, кубанып турган кези экен. Таяк жеген кызынан сабаган аялдын айтканын сурадык. «Силерди урган аял «ал кыз биринчи мага кол көтөрдү» деп атат го, сен биринчи ага кол көтөрдүңбү ?» десек, «жок, ал биринчи чапты. Мени бетке бир эмес, эки жолу чаап жиберди. Анан чуркап келип, жерге жыгып алып урду. Иним мага болушуп, аны ажаратайын десе, инимди да уруп салды… Видеону жакшылап карасаңыздар, инимди чапкан жерлери бар»,-деди.

Иштин кандай жүрүп жатканын Чынара айымдан сурасак, мындай деди:

Силер «Фейсбукка» чыгаргандын эртеси (23-июлда, 6- күнү (субботада) арызыбыз боюнча Свердлов райондук ИИБге чакырылып, балдарымды сабаган аял менен көздөштүрүлдүк. Ал баягыдай эле табында экен, ажылдап, кыйкырып, «булар мени сабап кетишкен» деп баягы эле жалган жалааны жаап жатат. Видеодо кандай кыйкырып жатса так ошондой, эч нерсени мойнуна албай жатат… Дүкөнү болсо күндөгүдөй эле иштеп жаткан. «Не сахар» телеберүүнүн журналисти Умар Даданов барып кеткенден кийин күндүз иштеген жок. Кечинде ачып иштетип жатышат. Иш ушундай жүрүүдө.

Учурдан пайдаланып, силердин сайтыңардын эмгек жаатына жана «Не сахардын» журналисти Умар Дадановго, дегеле жалпы журналисттерге, биздин чындыкты колдоп, жакшы пикир жазган эл-журтума жана ИИМ министри Улан Ниязбеков менен Свердлов райондук ИИБнин жетекчисине ыраазычылык билдирем. Себеп дегенде, журналисттер, коомчулук реакция кылгандан кийин, бизге көңүл бурулуп, үнүбүз угулуп жатат. А чынында, ылдыйкы жактагы кызматкерлер мыйзамдуу иш алып барбагандыктан бардык сын-пикир жетекчилерге айтылат эмеспи. Алар журналисттер жазганда же социалдык тармактарга чыгарганда гана билип калышууда. Биз деле арызыбыз каралбай  жаткандыктан сиздерге кайрылууга аргасыз болдук.. Биздин да окуяны министр социалдык тармактан окуп, өз көзөмөлүнө алды окшойт, болбосо иш жылмак эмес деп ойлойм. Бирок, дагы деле колдоого муктажпыз. Себеп дегенде балдарымды урган аял үй-бүлөсү (күйөөсү, кызы) менен жалган жалаа жаап, каралап, окуяны башка жакка бургулары келип жатат. Дагы кайталайм, видеодо баары турат. Бул факт!

А чынында, дүкөндүн ичинде да, сыртында да видео орнотулганын айрым кесиптештер айтты. Ошону милициялар жакшылап карашса эле кашкайган чындык чыгат.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

P.S. Экинчи тараптын да пикирлерине орун беребиз…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.