5-канал, таштандыны иштетүүчү заводу, курулуп жаткан имараттардын сапаты боюнча мэриянын жыйыны…

5-канал, таштандыны иштетүүчү заводу, курулуп жаткан имараттардын сапаты боюнча мэриянын жыйыны…
Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, жүргүзгөн иштери жана 2023-жылга карата аткара турган милдеттери боюнча айтып берди.
Аягында суроолор болду. “5-канал” боюнча суроого калаа башчысы мэриянын карамагына өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон кагаз келгенин, мэрия сунуш бергенин, аталган каналдын бир нече миллион сомдук карызы бардыгын билдирди. «Мамлекеттик мүлк фонду менен каналдын мүлк боюнча чечилбеген маселеси дагы бар экен. Эгер ушул эки маселе чечиле турган болсо, биз тараптан каршылык жок. Жарым жылдай убакыт өттү, тилекке каршы, бул маселе чечилбей келүүдө”, — деди мэр.
«Бишкекте салынып жаткан үйлөр жер титирөөгө туруштук бере алабы?» суроого мэр жакшы курулган көп кабаттуу үйлөр 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере ала турганын айтты.

Жыйындын толук ВИДЕОсу

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.