13 жаштагы кыздын ашказанынан 1,5 кг чач чыккан

13 жаштагы кыздын ашказанынан 1,5 кг чач чыккан

Бул тууралуу Ош облустук клиникалык балдар ооруканасынын дарыгерлери билдирген. Алардын айтымында, 13 жаштагы ноокаттык окуучу кыз кусуп баштаганда ата-энеси ооруканага алып келген. Келээри менен дарыгерлер текшерип, ашказанына операция жасашкан. Алар кыздын ашказанынан 1,5 кг чач алып чыгышкан. Ашказанга топтолуп калган чачтар 5-6 жылдык болушу ыктымалдыгын айтышкан. Азыр окуучу кыздын абалы операциядан кийин жакшыра баштаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.