Бүгүнкү жыйынтыктоочу маалымат жыйынында, «Де-факто» гезитинин редактору Амантур Мусагулов Атамбаевге суроо берип, аягында: “Түндө түшүмдө мен сиздин кол саатыңызды алып жатыпмын. Сиздин кол саатыңызды сурайын дегем” деп сөзүн бүтүп-бүтө электе эле ажо колунан саатын чечип кирди. “Амантур, костюм, шымымды сураган жоксуң, саатымды сурадың. Амантур, аман тур! Бар бол, иним!” деп күлдү.
Эрзат МЫРЗА