6-класстагы баланын өлүмүнө атасы шектелип камалды

6-класстагы баланын өлүмүнө атасы шектелип камалды

Бул окуя Ош шаарында болгон. Шакиров көчөсүндө жашаган 6-класстагы баланын сөөгү 29-ноябрдын түнүндө өзү жашаган үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн табылган. Ага чакырылган «Тез жардам» менен келген дарыгерлер баланын денесинде ар кандай тактарын байкап калып, милицияга кабар беришкен. Милицияга үй-бүлөнү жакшы тааныгандар да бала атасынан көп зомбулук, кордук көргөнүн айтышкан. Ушунун негизинде алар кылмышка шектүү катары баланын атасын кармап, бүгүн, 1-декабрда эки суткага убактылуу кармоочу жайга камашты. Учурда тергөө жүрүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.