Кулматов кайрадан Бажы кызматына башчы болуп барды

Кулматов кайрадан Бажы кызматына башчы болуп барды

Кубанычбек Кулматов премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бүгүн Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Ал бул кызматка экинчи жолу жетекчи болуп барды. 2010-2013-жылдарда Бажы кызматын башкарган.

Кубанычбек Кулматов 2014-2016-жылдары Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри болгон. Мэр болуп турганда, ага аябай эле эл нааразы болушкан. Өзгөчө шаардын тазалыгы, таштандылар боюнча көп эле арызданышкан. Анан андагы ажо Атамбаев Кулматов мэрликтен түшкөндө “Москвага кетет” деп айтып, ага каалоо-тилек айтып, аны узаткандай болгон… Көп өтпөй эле кайра эле Кулматов майлуу кызматка келип, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп оозубузду ачырган. Анда да “силерден кредитти жалаң байлар алууда. Жөнөкөй адам ала албайт экен” деп, депутаттар анын айлыгына чейин суракка алган. Бирок ал айлыгын айтпай койгон. Канча сын-пикир айтылбасын, ал кызматтан кызматта эле келатат. Андан кийин эле Улуттук банкты жетектеп калды. Эми минтип кайрадан Бажы кызматына башчы болуп барды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.