“Кыз Жибектеги” Төлөгөндү аткарган Тастанбеков Куман каза болду

“Кыз Жибектеги” Төлөгөндү аткарган Тастанбеков Куман каза болду

Бул тууралуу Казакстан ММКлары жазып чыкты. Алардын маалыматына таянсак, актер, Казак эл артисти Куман Тастанбеков 72 жашка чыккан, артында эки кыз, бир баласы калган. Айтылуу актерду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 20-декабрда, Алматыдагы Мухтар Ауэзов атындагы казак академиялык драма театрында өтөт.

Маркум актер көптөгөн көркөм фильмдерде, спектаклдерде ойногон. “Кыз Жибек” тасмасы атагын чыгарган. Аталган кинодо баш каарман Төлөгөндүн ролун мыкты аткарганы менен элеси элдин эсинде калды.

Кинодогу сүйгөнү – актриса Меруерт Утекешева турмушта өмүрлүк жары болгон. Экөөнүн эки кыз, бир баласы жана неберелери бар.

СҮРӨТТӨ: «Кыз Жибек» менен «Төлөгөндүн» карыган кези.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.