“Антошканын” автору, атактуу композитор Шаинский 92 жашында каза болду

“Антошканын” автору, атактуу композитор Шаинский 92 жашында каза болду

Балалыкты бал ырларга толтурган Владимир Шаинский 26-декабрда каза болду. РСФСРдин эл артисти, атактуу композитор жакында эле 92 жашка толгон. Рак оорусунан каза болгон композитордун үй-бүлөсүнө Орусиянын президенти Владимир Путин көңүл айтты.  

Уулу Вячеслав Шаинский: “Атам 12-декабрда эле 92 жашка чыккан. Ал онкологиялык оорудан жабыркап жүрдү. Бирок, ага баш бербей, рак оорусу менен күрөшүп жүрдү. Операция жасатканы США кеткен. Ошол жактагы ооруканадан көз жумду. Жакында эле операция болгон. Жакшы болуп калгандай эле болгон, тилекке каршы, каза болуп калды. Жашы операцияны көтөрө албай калдыбы деп ойлойм”,-деген.

Эки жолу үйлөнгөн

Шаинский эки жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы – Наталья Васильевна Шаинская (1950-жылкы). Андан бир бала (Иосиф), эки небереси бар. Экинчи жубайы өзүнөн 41 жаш кичүү. Светлана Владимировна Шаинская (1966-жылкы). Андан бир баласы, бир кызы бар.

“Голубой вагон”, “Антошка” ырлардын автору

Владимир Шаинский көп деген СССР мультфильмдердеги ырлардын автору.  Мисалы, Чебурашка менен крокодил Гена ырдаган «Голубой вагонду” жазган. Андан тышкары, «38 попугаев», «Завтрак на траве», «Антошка», «Финист — ясный сокол», «Пока бьют часы», «Крошка Енот» и «Трям! Здравствуйте!» аттуу ырларды жазган. Бул популярдуу ырларды алигүнчө кичинекей  балдар ырдайт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.