Президент порного тыюу салды

Президент порного тыюу салды

Президент Сооронбай Жээнбеков «КРнын кинематографиясын мамлекеттик колдоо боюнча мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга бүгүн кол койду. Бул мыйзамда фильмдин продюсеринин милдеттери, жоопкерчилиги жана бир катар маселелер каралган.

Фильмдин концепциясы учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен ɵзгɵртүүгɵ, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттɵɵгɵ тийиш эмес. Фильмге порнографиялык мазмундагы сценаларды киргизүүгө жол берилбейт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.