Азамат БОЛГОНБАЕВ: “Илим Карыпбековду колдобоого чакырам!”

Азамат БОЛГОНБАЕВ: “Илим Карыпбековду колдобоого чакырам!”

Бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында КТРКнын 2017-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңешинин отчету угулду. Отчетту аталган кеңештин жетекчиси Жыпар Жекшеев берди. Өткөн айда Байкоочу кеңештин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев телеканалдын башкы директору Илим Карыпбековго ишенбестик көрсөтпөөгө, аны колдообого чакырган. Бүгүн да парламентте ошол сөзүн кайталады.

Илим Карыпбеков менен Жыпар Жекшеевдин кемчилигин бетине айткан депутаттар аз гана болду. Алар азыр түштөнүүгө кетишти. Түштөн кийин бу маселе боюнча улантып, аягында Жыпар Жекшеевдин отчеттун колдойбу же жокпу, бир Кудай билет. Күтө туралы!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.