Адил ТУРДУКУЛОВ: “Алмазбек Атамбаевди партиянын курамынан убактылуу чыгарып турууну чечтик”

Адил ТУРДУКУЛОВ: “Алмазбек Атамбаевди партиянын курамынан убактылуу чыгарып турууну чечтик”

КСДПнын саясий кеңеши бүгүн чукул жыйынга чогулуп, Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча чечим кабыл алганы тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү маалымат таратышты.

Маалыматка караганда, Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана курамынан кеткен. Экс-президент партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тартып, анын ордуна төраганын орун басары Асел Кодуранова шайланган. Бирок мындай көрүнүш убактылуу гана экенин, экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзамга байланыштуу болгонун саясий кеңештин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди. “Сиздер жакшы билесиздер, жаңы мыйзам боюнча экс-президент саясий иштер менен алектене албайт, саясий партияны жетектей албайт, курамында болбоого тийиш. Ошондуктан, биз мыйзам чегинде Алмазбек Атамбаевди убактылуу партиянын курамынан чыгарып турууну чечтик”,- дейт А.Турдукулов.

Жаңы мыйзам боюнча экс-президенттердин кыймылы…

Эскерте кетсек, 16-майда президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзамына кол койгон. Ал мыйзам боюнча экс-президенттер саясий же мамлекеттик бийлик органдарында жетекчилик кызматтарда иштей албайт. Атүгүл саясий партиялардын башкаруу органдарында да эмгектене албайт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.