Чүй аппарат башчысы Абдылдаев менен айдоочунун сөөгү табылды

Чүй аппарат башчысы Абдылдаев менен айдоочунун сөөгү табылды

Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына таянсак, Жумгал районуна караштуу Арал айылынын тушунан (саат 17.20да) айдоочунун, андан 12 чакырым алыстыкта (саат 20.00дө) Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылган. Караңгы кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулуп, куткаруучулар Кожомкул айылына түнөп калышкан.
Эскерте кетсек, Чүй аппарат башчысы М.Абдылдаев үй-бүлөсү менен 30-июндан бери дайынсыз жоголуп, издөөгө алынган. ӨКМге билдирүү 2-июлда, саат 10дор чамасында түшүп, машинанын ичинде беш киши (үй ээси, жубайы, уулу, небере кызы жана айдоочу) болгону айтылган.

Кайдан, каякты көздөй баратканы жана эмне болуп жоголуп кеткени боюнча бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.