Акматалиев Атамбаевге «жакшы долбоор» сунуштаса, Шакирова шаңкылдап ырдап берди…

Акматалиев Атамбаевге «жакшы долбоор» сунуштаса, Шакирова шаңкылдап ырдап берди…

Бүгүн, 20-июлда Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө концерт болуп, анда дагы бийлешээрин Адил Турдукулов кечээ “Фейсбуктагы” баракчасына жазган. Мындай иш-чарага ырчылар Роза Шакирова, Айнура Салахидинова, Ильяз Абдыразаков барганын журналист, Атамбаевдин тарапташы Назгүл Мамытова “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Ушуну менен ал жерде экинчи жолу концерт өттү.

Профессор жакшы айтты…

Кайра-кайра концерт коюлуп жаткандан кийин жакшы ой чыкты. Болгондо да профессор, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев экс-президентке “мыкты долбоор” сунуштады. Аны “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анда мындай деп жазылган: “Күнүгө кечинде лекциялар окулуп, концерт коюлуп, бийлеп жатышат… Анан ойлоп койдум: мүмкүн Атамбаев президенттиктен кеткенде эле ушундай саясий мектеп ачып, пенсионерлер менен ырдап, бийлеп, кичинекей балдар менен Кой-Ташта сүрөткө түшүп турса эң сонун болмок экен! Ал жакка кирүү акысын деле киргизсе болмок, атайын сонун проект болмок экен! Чай с экс-президентом! Караоке с Атамбаевым! Селфи с экс-президентом! Вальс с Атамбаевым! Саясатты таштап эле, башынан ушундай иштер менен алек болгондо эң эле сонун болмок, элдин алкышын алып… Тилекке каршы, азыр дагы бир качкын президент болгону турат окшойт! Өкүнүчтүү!”.

Акматалиев Алмазбек агайыбыз Атамбаевге арналып коюлган биринчи жолку концертинде дагы жакшы пикир жазган. Бирок, ал өтө кайгылуу… Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.